сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
8739     100656
15.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Жаңы жылга чейин МИЛЛИОН жолу көрүлүшүн каалайм! 😅Азыр 910.000'ге жетпейт 😬 Менин чыгармачылыгымды баалагандар, YouTube каналыма кирип, көрүп, лайк басып, бөлүшүп, анан комментарий жазып койсоңор (мейли критика деле болот, туура кабыл алам 😂), ыраазы болот элем! Сиз 4 мүнөттөн аз убакыт коротосуз, мага болсо бул кичине жеңиш, чоң маани бермек. Мени колдогондорго, менден +100500 кармаңызга позитив 😅 (тамаша), чын дилимден ыраазычылык билдирем! Карындашым @peridoll 🔥 Студия @ernest_zhooshev ---------------- До Нового года хочу миллион просмотров! 😅 Сейчас меньше 910.000 😬 Всем, кому нравится мое творчество, зайдите на мой YouTube канал, посмотрите один или более раз это видео. Поделитесь, пролайкайте, оставьте комментарий (желательно хороший 😂), хотя я и к критике норм отношусь. У Вас займет это меньше 3-х мин, а я Вам отправлю 100500 позитива в карму и отдуши поблагодарю! 🙌 Уверен, что мои слушатели помогут мне достичь одну маленькую, но очень важную цель для меня в этом году - 1.000.000 просмотров на YouTube 😊
Загрузка...
8733  
12.02.2020
Менин кыялымдагы мектеп 1. Саат 10 до башталат сабак. Бала уктап, уйкусун кандырып баруусу керек. Түшкү 14.00 - 15.00 чейин болсо болот. 2. Ыңгайлуу форма кийинет. Жатып - туруп, оонаганга мүмкүн. Жерде сөзсүз палас, клем, диван, төшөк. Каалаганы оонасын. Жатып алып уксун.. 3. Сумка, китеп ташыбайт. Баардык окуу - куралдар мектепте. 4. Үй тапшырма жок. Бала мектептен стресс болгону аз келгенсип, үйдө да үй тапшырма аткара албай стресс. Өзү эле стресс болсо бир жөн. Ата - энеси кошо стресс. Болгон тапшырма жума сайын жаңы китеп окуп туруу кажет. 5. Мектепте психологдор для галочки эмес, кадимкидей ар бир баланын психологиясын жөндөп, көңүлүндөгү көйгөйүн чечип, Берард, Play attention методдору мн да иштешсе. 6. Баланы күнүмдүк оокаттарга үйрөтүү сабактары болсо мисалы. Мык кагуу, балка кармоо, камыр жууруу, кийим тигүү ж.б. айтор, ата - энеден бөлөк калган күнү бала өз жанын багып кете алганга даярдык болуусу керек. 7. Мотивация, жашоого үндөө сабактары болсо. Кадимки эле биз барып жүргөн тренингдер балдарга берилсе, балдар кыялданганды, максат койгонду, убакытты туура бөлүштүргөндү, эл мн тил табышканды үйрөнмөк. 8. Бизнес сабактары, же акчаны туура кармоо, туура коротуу сабактары өтө керек. Акчаны санаганды билген бала кор болбосо керек. 9. Заманга жараша заманбап сабактар маанилүү сабак катары кирсе. Маселен, робототехника, инженерия, механика, лего, програмирование... 10. Математика, логика, арифметика сабактары болгону туура жана пайдалуу. 11. Баардык сабактар компьютерге терүү аркылуу өтүп, калем, дептерлердин кажети жок деп эсептейм. Дептер жасайбыз деп далай бакты кыйдык болуш керек . Видео сабактар дагы көбүрөөк түшүнүктүрөөк, пайдалуураак болот. 12. Баланын мээсин өрчүтө турчу түрдүү ийримдер болуусу шарт. Азырынча мээге келгени ушул. Дагы эмнелерди кошот элек?