сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
8437  
03.02.2020
"Иши кылып", "Боло берет" , "Жетет ошол эле" ....ж.б. "Иши кылып башы аман болсун." "Иши кылса үңкүр да болсо үйүм болсун." "Иши кылса аюудай эрим болсун." "Эптеп эле балдарымды карашса болду. " "Эптеп кыштан чыкса болду"." Эптеп туруп турсак, анан көрөбүз". "Эптеп эле"..деп атып эптеген оокатта күн көрөбүз. Эптеген аял алып, эптеген эрге тиебиз. Эптеген балдар төрөлөт. Эптеген оокатты кылабыз. Өзүбүзгө жакшыны, сонунду каалагандан ушунча коркобуз! Фобия тим эле! Ал тургай өзүңө Жараткандан сураганда да ичибиз тарып, "Ушунун баарын эмне кылмак элем, же ушуну мага бермек беле?" деген ой жатат. Кенен сурасаң, кыйналып кетесиң да. Кыялыңда бийиктикти кыялданып койсоң, башың тегеренип кетет го, чиркиндики! Мага боло берет деген ой. "Иши кылса жүрүп турган эле машина болсо болду!" А эмнеге укмушун каалагандан коркобуз! Акыркы моделдеги унааны ойлоп алсак случайно, кара тер басып, жүрөгүбүз лакылдап, мээ тегерене түшөт да ээ? "Элестет килейген үйдө жашап, Мальдив аралында жатсаң" деп көр бирөөгө. "Жок нерсени айтпачы", же "Кудайды бир карап анан кыялданбайлыбы" дейт го! Же "Ыштаныңды жыртыгын бүтөп алып бийиктикти сама" деп кыялданып аткан учкуң келип аткан канатыңды тарс эле үзө чабат. "Болсун!" "Оозуңа май" деп коюшса, кемип калчудай. Бул нерсе ушунча каныбызга терең сиңиптир андан кутулуу оңой тургудай эмес. "Мен татыктуумун! Бактылуу болууга акым бар " дегенди үйрөнүп коюш керек эле. #жөнэлеойлор
Загрузка...
8424  
31.10.2019
Кагылган каалганын баары эле дароо ачыла берсе, үмүттүн, сабырдын мааниси калат беле, уулум? Күткөндү үйрөн. Төгөрөгү төп келип, тузу кемибеген адам болбойт. Кемтигиңди толуктап, үзүлгөнүңдү улап, чачылганыңды жыйнап отуруп гана бакыттын , жеңиштин, өрүштүн даамын билүү мүмкүн. Аңга түшкөндөн коркпо. Бир жолу түш! Андан кийин алдыңан чыккан миң аңды аттап өтөсүң. Бийиктикке чыккандан да жазганба. Алгач башың айланат. Дендароо болосуң. Атактын, даңктын жүгүн азаптын жүгүн көтөргөндөн да оор, балам. Апамдын мага үйрөткөн сабагын сага калтырам: "Жеткен чегим ушул десең, атагыңа мас болосуң. Дагы өсөм десең, жөнөкөй бол. Көтөрө бил." Башыңа бакыт кушу конгон кезде көзүңдү тунук тут. Май баспасын. Көңүлдү ток карма. Алкым деген жаман нерсе. Жан дүйнөң жетиле элек болсо, бакыт кушун кармап туруш кыйын болот. Аны багып, бапестегенди, бийик бийик учурганда билүү кажет. Оор күнүң келет. Башыңа мүшкүл түшкөндө жабалактаган дос да, тууган да азаят. Ал пендечилик, балам. Кекчил болбо, кечире бил. Кабыргаң майышып турганда ишенип анан таяна турчу тек Жараткан анан өзүң барсың! Эч ким сага милдеттүү эмес! Ата - энең дагы! Өзүңдө өзүң гана барсың! 18 ге чыгып, толук кандуу жаран болгуча насаатым, айтчу акылым, кеп кылчу кеңешим да болот. Чоң киши болгон соң, тандоону өзүңө коем. Жашоонун калемин колго аласың. Кандай чиймелесең да, өмүрүңдүн соңунда өкүнбөгөндөй бол! Шартсыз, милдет жүктөбөгөн, сенден эч нерсе үмүттөнүп, күтпөй, жашоодо бар экениңе кубанып, чын ыкласы мн жакшы көргөн апаң бар, балам. Караңгыда карайлап, калсаң, жарыгым сага белен! #жөнэлеойлор