сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
8244   408
03.12.2019
Акырын кыймылдап,алдыга баратабыз.Аллах Таалама шүгүр,сени себепчи кылып,пешенебизге эки перзент берип,кубанычка ороду...Бирге баскан бир таман жолубузда ар кандай күндөрдү кечирип келебиз.Арасында жакшысы болсо ашырып,жаманы болсо унутуп,жанымда болгонуна ыраазымын.Элге окшоп эселеп деле эркелетип жиберген жерим жок,ашырып алаканга салдым деп да айта албайм.Бирок бир нерсени так айта алам:сага болгон ниетим түз,тилегим ак,үмүтүм зор,сезимим күч!Аллах Таалам аманат кылган сени,кандай гана коркунуч болбосун коргоп алганга кудуретим жетет!Өмүрдү бирге сүрүп,балдардын бактысын чогуу татып,тең карып,ак баскан саамайындан сылап,бырыш тарткан колуңдан таяп,тамашага салып,небере жытын жыттаганыбызды тилек кылып жашап келем.Мага чыдаган,анан мендейди чаап алган кыйын эле кыз экенсиң..))Сени менен дагы бир сонун жыл өттү.Эми эмки жылды дагы жакшы үмүттөр менен күтөм.Эч кабатыр болбо,биз сени абдан жакшы көрөбүз . Урмат,Нурэл жана Жазэл.
Загрузка...
8230   183
28.06.2020
- Уулум, көзүңдү жумуп, Жараткан мн жүрөгүң аркылуу маектешсең болот. Каалаганыңды сура. Ал аткарат баарын. ⠀ - Апа, кажети канча? Менде баары бар. Ушуга шүгүр кылайын. ⠀ Унчукпай калдым. Ичимен ошого акылы жетип атканына айран таң калып, бир эсе баламдын топук дүйнөсүнө кубандым. ⠀ Демек, баары жетиштүү деп атса, камсыздап аткан экенмин деп өзүмө маашырлана кубанып, көкүрөгүм ток пейил тартып калды. ⠀ Балача жокпузбу дедим ичимден. Сурай беребиз - сурай беребиз. Колубуздагыга шүгүр келтирип, ыраазы болуп, "Мага жетет ушул!" дегени аз. Кайсы учурда алкымыбыз араандай ачылып, майданын ырахатына тойбой калганбыз? ⠀ "Куралат баары майдадан. Байкабайт аны майда адам..." Керемет саптар. Бир момпосуйга ыраазы болгон балаңдай, бир жакшылыкка ырахмат айтууну билгенибизде алда канча бактылуу болот белек? ⠀ Көп нерсенин тегерегинде ой - жүгүрттүм. Көп нерсеге шүгүр кылдым. Жан дүйнөмдү тынчытып, алда качан эле бышылдап койнумда уктап аткан уулумдун артынан таттуу уйкуга жөнөдүм.. #жөнэлеойлор Сүрөт архив. 2008 - жыл. Курсагымда түйүлдүгүм бар.