сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
8217  
19.01.2020
Кутман таң, сонундарым! Жаратканга сыйындым. Жатаарда, көзүмдү жаңы ачканда. Жүрөгүмдүн түбүнөн чыгара колумда эмне болсо, ыраазычылыгымды билдирдим. Бир айдан бери кыйнап аткан ооруга да ырахматымды айттым, кайдан келсе, ошол жакка узаттым. Ырахмат айтканымдын себеби, ден соолуктун кадырын билдирди. Эзели көргүм келбеген спорттун канчалык мага керек экенин көрсөттү. Адатта маани бербеген, нормалдуу көрүнүш катары кабыл алган ар бир организмим керек экенин жана аларды сүйүп, ар бирине туура тамак, витаминдер менен кам көрүшүм керек экенин түшүндүрдү. Башыма келген ар бир оор кырдаал мага жакшы сабак берип, жарык жакка сүйрөп, ар бир мүнөт ардактуу, жашоо таттуу экенин көрсөттү. Аларга да ыраазымын. Алдыман чыккан ар бир адамга ырахмат! Жаратканым мага сонун адамдарды, алар менен келген сонун сабактарды жөнөтөт. Ар бир адам, ар бир окуя, акылымдын өсүшүнө, көкүрөгүмдүн көрүшүнө салым кошот. Жакшы көрөм силерди! Дүйнөнү, жашоону, өзүмдү, баламды, апамды, тагдырымды, жакын адамдарымды сүйөм! Мээримге, сүйүүгө, ыраазычылыкка толуп ойгонгонум үчүн ушул таңды да жакшы көрөм! Күнүңүз куунак өтсүн! #жөнэлеойлор
8216   411
10.03.2020
"Чай куйбайм", "Төрөбөйм", "Өз билгенимди кыламды" сүйүүдөн запкы жегендер, эркектен кордук көргөндөр , эркектерди кабыл алгысы келбегендер айтат. Сүйүүгө тунгандар, турмушта бактылуулар, эркекти кабыл алгандар, жакшы көргөндөр тим эле чарк айланып, түрлөнтүп тамак жасап, төрөгүсү келип турат. Анткени каалайсыңбы, каалабайсыңбы жаратылышыбыз ошондой! Мээрим, сүйүү толуп турат аялда. Эгерде биздин коомдо " Чай куйбаймдардын " үнү катуураак чыгып жатса, демек, абал оор дегендик. Зомбулук көргөн аялдын саны көп дегендик. Бактылуу аял мн зомбулукту көргөн аялдын, ажырашкан аял мн үй бүлөсү бекем аялдын көз карашы бирдей болбойт эч качан. Эки тарап эки башка терезеден баш багат. Үй бүлөлүү кезимдеги мн азыркы жалгыз бой кезимдеги ой жүгүртүүлөрүм эки башка. Жаңы ажырашкандагы эркекке болгон жек көрүүмдү эстесем, күлкүм келет азыр. Баарын топтоп туруп өрттөп жибергим келчү тим эле. Элестет анан зомбулукту, төпөштү көргөн аял кантип атат? Ачуу айкырык бейпил турмуштан чыкпайт. Бейпилдикте ыр чыгат, үн кооз чыгат, күлкү чыгат. Жарасы ачышкан адам гана жаңырта айкырык сала алат. #жөнэлеойлор