сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7943  
03.11.2019
Чамгарактаган жан дүйнөнү тынчытканда гана ылай суу тунуп, айлананы көрүүгө, тунук акыл мн ой жүгүртүүгө мүмкүн экен. Жан дүйнөңдө башаламандык жүрүп жатканда үстөккө босток ката кетиресиң! Алдыңдагыны көңтөрүп, далайды бүлдүрүп - сындырасың. Тынчытыш керек экен башкысы. Жан дүйнөнү тынчыт. Куюндай кайнаган ойду, энергияны бир калыпка сал. Тун, жаратылыш мн жуурул, өзүңдү тыңша. Өткөндө бир жакшы адам айтты эле. Кыйналып турсаң: 1. Жаратканга кайрыл. Сүйлөш, сыйын. 2. Жаратылышка чык. 3. Жакшы адам мн сүйлөш. Жан дүйнөңө даба тап. Көңүлүңдү өйүткөн көйгөй мн беттеш. Качпа. Ооруп аткан жараңдын ириңин жалкып качпай басып адып сыгып, ириңин чыгарып, микробун өлтүргөндө гана аның айыга баштайт. Качып жүрө берсең, далай сызып, ириңдеп, лукулдатып ооруйт. Акыры чоң көйгөйгө айланат. Өзүбүздөн өзүбүз качабыз. Сырттан душман күтүүнүн кажети жок. Өзүбүздү өзүбүз мүлжүп , өзүбүзгө өзүбүз көр казабыз. Өзүң мн достошуп, беттешкенди үйрөнгөндө көп жакшылык келет жашооңо. #жөнэлеойлор Сүрөттү @azamatkurmanaliev чекчейтти.
7942   454
27.02.2020
Бул Пост болсо үйдө отурган айымдарга арналат ☝️ Анда кеп башынан болсун... Бир жума мурун үйгө келдим, айылга. Апам эс алганча лечение алып алсын деп Жалал-Абаддын курортуна жайгаштырдык. Апамын үйдөгү ролун мен аткарып турмай болдум. Учурда үйдө атам, апам, анан эки небереси болуп турушат да. Башында ойлодум : "Үйдө эмне кыйраткан деле жумуш жок го, жөн эле справлюсь" депчи. Эки күн катар кечинде той Ошто. Атаман неудобно болуп сурап, кайткыча шашам. Уктагыча барып калайын(төшөк салып берейин) деп. Жетишпей калам, келгиче уктап калышат. Андан кийин эки күн катар сьемка Ошто, дагы неудобно болуп сурап, айткан саатыма келе албай калып, үйгө жеткиче кыжаалатмын "Курсактары кантти экен. Атама дагы уят болдум, Үйдө деле болбойт экен деп жатса керек..." депчи. Анан эртеден кечке үйдө. Вроде бы иш деле жок. Бирок эрте менен бирөөсүн бала бакчага жөнөтүп, бирөөсүн мектепке жөнөтүп, үй жыйнамыш болуп, кир-пир жууп, обед кылып, идиш жууп, биртике мал карамыш болуп, кайра эле кечки тамакка урунуп, берип кайра идиш жууп....... Ой кыскасы, кыйратып кылган иштен деле дайын жок чарчап калгандай болом 🙊 Тообо... Ошого жөн эле айтып коёюн дедим эле : Үйдө отурган апакелер, бар болгула!!! Силерге ДАҢК!!! Көп жашагыла! Келе жаткан майрамыңар менен!!! Ал эми аялы үйдө отурган мырзалар: "Кечке үйдө отурасын, эмне кылдың?" дебей жүргүлө🙏 Үйгө келгенде "Канттиң, алтыным, жакшы отурдуңбу?" деп жылмайып кирип жүрүңүздөр ☺️😊 Ошооо, Апама жана жалпы үй кожойкелерине сүрөттөгүдөй башымды ийип коёюн дэээп келип калдым эле...☺️😊 Сүрөт үчүн @kudaiberdi_moidunov рахмат айтам 😘 Макияж : @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov
Загрузка...