сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7873   68
17.09.2019
Убагында ооба, кыйла курчудум Кылыч болуп тиле чаап турчумун Көкүрөктү тосуп ташкын дайрага Көлмөк кылчум, нугун анын бурчумун Сенсиредим сулуулукту сиз дебей Салкын жүрдүм, жылуулукту издебей Кесирликпи, жолдон көрсөм кызыл гүл Өтүп кетчүм, жыпарын бир искебей Мөмө жесем, бышканынан тандадым Байлык эмес элди гана жандадым Ырдан башка, акырына өмүрдүн, Билбейм чыны мен эмнени камдадым Көп ыр жаздым, көбү калды чийилбей Кээде жатты көп чапандар кийилбей Жалпы өнөрдүн намысы үчүн болгондур Кечир досум - койгон болсом ийилбей Суу сеппедим кээде жерге сиңгиче Күтпөй койдум кээсин акыл киргиче Акыйлашсам өмүр өтүп кетпейби Ал өнөрдү сыйлаганды билгиче Аттан атты, күлүк жорго ылгадым Асман эмес эл турмушун ырдадым Четке чыктым, чектен чыктым, а бирок Кыргыз деген атты уят кылбадым Шүгүр деймин, атым, жашаар турак бар Билбейм канча кудай берген убак бар Бул ырды окуп кубанбагын душманым Дагы ушундай жыйырма жылга кубат бар Билбейм неге, мунун баарын козгодум Талант сүрөп, шыгы жогун кошподум Дасторконду жыйнаганга али эрте Дагы далай уча жейбиз досторум Убагында ооба, кыйла курчудум Тикелерге - мен да тике турчумун Селкинчекте шыңкылдашып ойногон Селкилердин сезимдерин бурчумун Антип жүрүп, билип билбей күн өттү Толду окшойт күнөө салчу куржунум..)) #обонсуз#ыртүрмөк#
Загрузка...
7870   1565
06.03.2020 Мечты сбываются
Настрена өлдү! ****** Настроение жок отурам достор эртеден бери. Кече жатаарда кашайып Майк Тайсон өзүнүн 139 кг болгон кызы Лорнаны ким алса 10 миллион $ берем деген жаңылыгын окуп калсам болобу. Анан ме сага, кетти кыргыздын кыялы жоргологон бойдон кой десе болбой. Жатам Кудай бар өзү деп коюп, карасаң өзү эле жол көрсөтүп жатканын деп. Намаз дагы окуп ийдим ыраазычылыгымды билдирип. ***** Кыял болсо кетип баратат алыска токтобой, таңгөрүнүкү десе. Жакындарыма, балдарыма, туугандарга түшүндүрүп койдум эми жашоодо ар кандай нерсе боло берет экен туура түшүнгүлө, понять и простить кылгыла деп. Лорнаны кайненеси менен тааныштырып, Майк кайнатамды Караколго лыжага чакырып эле тим эле тээп жүрөбүз лыжа кой десе болбой элди суктантып. Маселемдин баары чечилген, карыздар жабылган, өзүм депутат, меценат, кафе, ресторан, заводдорду ачып ийдим. Силерди дагы унуткан жокмун, подписчиктерим 270-миң эмес, 100 миллион, жума сайын гив эмес, мындай эле белектер, жөн эле. Кыскасы кыял таңкы төрткө чейин токтобойт десең кудуңдатып сүйүндүрүп кишини. Кыялга батып кызыгып кетип реалдуу жашоодо дагы бир эки кат жөнөтүп ийптирмин туура түшүнгүлө деп. ****** Эртең менен ойгонуп кетип эле жаңылыктарды карасам Майк кайнатам...ой Майк Тайсон бул калп, 10 миллион $ бербейм, Лорнанын жигити бар деп айтыптыр. Ошо анан, отурам же Лорнадан жок, же депутаттан жок, завод, фабрика, кафе жыттанбанбайт, досум таңдан смстерди жазыптыр карызды качан бересиң деп, берки каттар жеткен жакын кишилерге, алар улам улам телефон чалышат, отурам телефон албайм, эмне деримди билбей...ыйолкиники десе.
7864  
24.11.2019 Osh, Kyrgyzstan
Бүгүн дагы эки тойду ачып, жаштарды алып кирүү насип кылыптыр🙏 Биринчи видеодо: Сиздер айткандай кайнене шашпай келиндин жүзүн ачып, эки беттен өөп ак жоолугун салып, анан баласына да калпак кийгизип, аны да өөп куттуктап койду. 🤗 Бегай аяш энемдин баласы менен келини бактылуу болгула!!!🤵👰 Экинчи видеодо: Биринчи жолу өзүмөн да бою узун кызды алып киришим👸😇🤗 Кыргыздын Кызсайкалындай статная кыз экен. Барган жериңден бакыт тап🙏 Ырас эле, байкадыңыздар да ээ жаңы формамды 😇 Жактыбы? Бул кышкы сезонго тигилген жылуу улуттук көйнөгүмдү да @ai.shabdanova сулуум тигип берди. Рахмат, алтын кыз 🤗😘 Ал эми Макияжым менен чачымды жасатыш үчүн @zerkalo_kuzgu.kg бардым дагы :"Бүгүн жаңы форма презентация кылам. Ошого ылайык ар дайымкыдай сонун жасап бересиздер ээ" деп @kumarasatarova_ эжеге Макияж, @rasul.hairstylistt чач-жасалга жасаттым🤗 Рахмат сиздерге дагы 🤗 Ошоо🤗😇🤗
7862  
17.11.2019
Баласаак бала көрдүңөр беле? Баламдын кичинекейинде бешигине илип койгон түстүү пилдери бар эле. Эс кирип өз алдынча басып, тили чыгып калганда аларга "ата" болуп алды. "Тамак бер. Балдарым ачка болду",- дейт. Бакчага баратканда энесине же мага табыштап кетчү. Өткөндө сүйлөшүп отуруп, - Балам, эмнени кыялданасың?- десем, - Үй бүлөмдү! Үч балам болсун. Эки уул, бир кызым. Аялым жайдары, боорукер, жакшы адам болот. Бирок балдарыма эрте жашта телефон карматпайм. Телефондо ар кыл маалымат бар. Туура эмес маалыматка сугарылбасын. Бир аз эс тартканда берем телефонду бирок катуу көзөмөлдөйм,- дейт. Алардын кылык жоруктары, кимге окшош, каякта окуйт баары сүрөттөлгөн. Жакшы аял болот деп боорукер кыздарды карай берет. Мынчалык үй бүлөгө суусаганы таң калдырат. Алар мн саякаттап, мыкты күйөө, мыкты ата болоорун көп айтат. "Ашыкча дөөлөттүн кажети жок! Үй бүлөмдү татыктуу бакканга жетсе болду! " дейт. Балаң - сен тааныбаган жаңы планета, окуй элек китебиң. Сенден чыкканы үчүн кандай мүнөз күтөт, ойлору, кылыктары, чечимдери, өнөрү баары кызык. Микроскобко салып алып аңдыган сыңары, ар бир көз карашын аңдыйсың. Жетишкендери болсо жетине албай кубанасың. Ар бир катасына санаа тартасың. "Балам, балалуу болгон болуп көрбөгөндөй сонун сезим. Аны башка сезим мн салыштыруу мүмкүн эмес". Бул сөздү көп айтам. Аны чыдамсыздык мн жашоомдо күткөнүмдү, ал төрөлгөндөгү сезимдеримди, канчалык мага дем берээрин көп сүрөттөйм. Балким менин сезимдерим да ага дем берип, шыкактап, толукшутуп жатса керек ким билсин? Көп кайталаганым, - Балам, үй бүлөңдүн алдында жоопкречиликтүү бол! Көп адамдын тагдыры, келечеги сенден көз каранды. Айткандарым көкүрөгүнө кыт бп уйуп, башкаларды бактылуу кылганга жараар ... #жөнэлеойлор