сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7841   520
24.04.2020
Сүйүнчү, калайык, сүйүнчү.! Ж.Алыкуловдун көчү уланып, тукуму уланып уулдуу болдук. Уулубуздун атын көй кашка талант Элмирбек Иманалиевдин атынан Элмирбек деп койдук. Учурда Элмирбек агабызды жалпы журт жоктоп, "ордун ким толуктайт да ким толтурат" деп өксүп турган чак. Уулубуз да эл уулу болсун, Элмирбек агабыздай узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал залкар болсун дедик. Төрт туягы такалуу, суу куйса чайпалбаган жорго болсун деп ырымдадык. Агабыздын миң кырлуу талантынын бир тарабын алып кетсе биз үчүн ошол чоң сыймык. Өмүрүнүн кыскалыгын эмес нускалуулугун тартсын. Ак таңдай төкмөлүгүн, сөз тапкан чечендигин, салабаттуу манасчылыгын, жанга жагым обончулугун, сезимтал акындыгын (жазгыч), кашаңга камчы устаттыгын,эң башкысы адам катары бийиктигин жазбай тартып, улуулугун улаган ыймандуу уул болсо экен. Сиздер да жетине албай турган кубанычыбызды бөлүшүп, изги тилектерибизди кубаттап ак бата берип коюңуздар. Урматыбыз менен Алыкуловдор.
7841   330
22.05.2020
Достор салам 😍 Бизде сонун жаңылык бар. Биринчи жолу Кыргызстанда эң активдүү болгон катталуучуларга акча таратабыз👍🏼 Биз эстрада жылдыздары блогерлер менен биргеликте күнүнө сиздерге 5000с ойнотуп турабыз!!! Эми эрежелери: ✔️Менин досторума каттал (“подписки” бөлүмүндө) болгону 22 +мен! ✔️Биздин баракчаларда активдүү бол. Акыркы 5 посткко кирип лайк бас. Жаңы сүрөттөрдү дагы унутпа! Биздин баракчалардагы постторду өткөзүп жибербеңиздер! Күн сайын рандом менен жеңичүүлөрдү тандайбыз! БАРДЫК ӨЛКӨЛӨРДӨН ЖАНА ШААРЛАРДАН КАТЫШСА БОЛОТ! ЖАШЫНА ДАГЫ КАРАЛБАЙТ! 💥 ЖАНА СТОРИЗТЕ ДАГЫ АКЧА ОЙНОТОБУЗ💥 Эгерде сторизте мен очки тагынып түшкөнүмдү көрсөңүз дароо эле “ШТРАФ” деп жазыңыз! Ким биринчи жазган болсо баланска 200с жүктөймүн👍🏼 Биринчи түз эфир эртен башталат! Биздин баракчаларды карап туруңуздар! Кеттик😎
7838   41
03.03.2020
#ЖАКШЫГА_ЖАНАШ Айтылуу актер, элибизге эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков менен бир топко маектешип отурдум. Темирлан агайдын өңүндөгү сүр, көзүндөгү сыр, сөзүндөгү салмак, амалындагы көркөм адеп-ахлак адамды өзүнө тартып турат экен. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей тектүүлүгү, нарктуулугу өңүнөн дароо байкалат. Эл арасындагы бийик баркынын бир сыры ушунда экендигин түшүндүм. - Нарындын кышы ден-соолугума оор келип жатат. Башка жакка которулсамбы дедим эле, - деди ал маселенин ток этерин айтып, - Ошого кеңеш салганы келгем. - Анткениңиз менен жамаатыңыз бизден сизди кетирбешти сурап жатат. Кетирсеңер митинг кылабыз деп мына менин көзүмө айтышты, - дедим жылмая, - Бизде “Кетсин!” деп талап кылуу кадыресе көрүнүш, бирок, бирөөнү “Кетпесин!” деп митингге чыгуу демилгесин биринчи жолу билишим. Темирлан агай кеп төркүнүн аңдап, алкыш айткансып чын ыкыласынан жылмайды. - Айтыңызчы, - деп ага учурдан пайдаланып насаат уккум келип кайрылдым, - Бирге иштеген эмгек жамаатынын ичинде ушундай бийик аброй күтүү үчүн эмне кылуу керек? Сманбеков бир аз ойлоно калды да мындай деди: - Биринчиден, жетекчи катары бардыгына бирдей мамиле кылуу зарыл. Экинчиден, ар бирине аяр болуу керек. Үчүнчүдөн, бирин да калтырбай камкордукка алуу шарт. Көйгөйлөрүн ук, колдон келишинче жардам бер, жок дегенде жылуу сөзүңдү аяба. Искусство адамдарын башкара албайсың, болгону, аларды түшүнүү, аёо жана эмгегин баалоо керек. Уккан мааниге муюганымды баамдаган агай дагы бир орчундуу насаатын кулагыма күмүш сырга кылды: - Келишпестиктер, тирешүүлөр, көрпенделик терс сыпаттар жамаатты ичтен ириткен жерлерде да иштедик. Жетекчини жетим улакчалык көрбөй, эшикти тээп кирип, кекете кекээр сүйлөгөндөргө да эч качан теңелбедим. Оюн, муңун, арманын, ачуу сөзүн аягына чейин угуп, “Ишке баары сиздей күйсө кана эле!” деп кеп нугун жакшылыкка буруп, кас болуп кирген кишини дос кылып узатып койчумун. “Мен жетекчи!” деп үстөл муштагандан зыян болсо болот, бирок, пайда чыкпайт. Оройлукка салып, адамдардын жүрөгүн оорутуп иштетүү – бул жеткен канкордук. Канкор эмес, камкор бол! Жакшы жетекчи болуунун, менимче, бар сыры ушул. Темирлан агай менен көпкө баарлаштык. Көңүлүм өстү, жүрөгүм
Загрузка...