7617
11.11.2019
Үч - төрт күн мурун эле эзилип эркелеттим эле. Аябай жакшы көрдүм. Майра эженин артында жакшы баласы чоңоюп келе жатыптыр дедим. Сонун ырлары бар экен өзү чыгарган. Аябай суктандым. Балама эзилгендей эзилип, улам эркелетсем, кызарып кетет. "Ушунча чоңойдуңбу? Аял алганга жарап калдыңбы?" десем, боору эзилип күлөт. Барбактаган, ичинин баары сыртында болгон бала экен. Энеси жок дедимби, ким билсин, энелигим ойгонду. Боорума кыскым келип, бөтөнчө элжиредим, айтор. Жакында "Кыялкечтер" фильмибиз чыгат. Акыркы эмгегине күбө болуп, жарк эткен элесин дагы бир ирет көрөсүздө. Ичим ачышып атат. (