сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7650   181
05.05.2020
Адам баласы коркунучту тааныйт. Тааныганда дагы жазбай тааныйт. Коркунуч мн жаралып, коркунуч мн жашап, коркунуч мн өлүп атсак, тааныбай анан? Сүйүү өгөй сындуу. Билесиң, бирок сезбейсиң. Аны көп айтаарсың балким, бирок даамдап көргөнү, сүйүүдө төрөлүп, жашап, өлгөнү аз. Жокко эсе. Сүйүү эмес жан дүйнөдө коркунуч байырлаганы үчүн төрөлгөндө ыңаалап ыйлап, ызы чуу салып, коркуп келебиз. Сүйгөндө да жоготуп алсакчы деп коркунучка жамынып алып сүйөбүз. Балабыз төрөлгөндө да өзүң көргө эле көмүлүп калып тынчыбасаң, өмүр бою балаңдын үстүндө титиреп, коркунуч сыйдырып жашайсың. "Ден соолугу жакшы болсо экен. Аман болсо экен. Жакшы эрге, же жакшы аялга жолукса экен" ж.б. коркунучун сыйдырабыз. Эртеңибизден коркобуз, Кудайдан коркобуз, уятыбыз чыгып калып, ашмалтайбыз кетет деп коркобуз, жалганыбыз чыгат дейбиз, өлүп кетиштен коркобуз, элдин сөзүнөн, жада калса, мончок, тумар тагынып, көзүнөн коркобуз. Ачарчылыктан, же байлык топтоп алып жоготуп алыштан, алданып калыштан, сатып кеткенден, сүйүп калыштан, же жападан жалгыз калыштан коркобуз. Караңгыдан басыштан, уурдатып ийиштен, төпөш жештен, кээде сүйүнгөндөн, жыргагандан, жакшы күндү көрүштөн да коркобуз. Жакшынын артынан жамандык келсечи дейбиз. Коркобуз биз. Ата - энеңден,.бир туугандан, эриңден, аялыңдан...ж.б. көңүлүн калтырыштан, маанайын бузуп алыштан, тил угуштан, жаман көрүнүп калыштан, туура эмес таанылып калыштан коркобуз. Сүйүүнү каягына кыпчыдык? Сүйүү, ырахатка батуу, жыргоо, жакшы көрүү, жайдары болуу жокко эсе. Аларды өзүбүзгө ыраа көрүштөн да коркобуз. Коркунуч бар жерде сүйүүгө орун жок экенин билбейбиз. Эки көйнөктү кийип алган сыңары эки сезимди бир убакта сезүү мүмкүн эмес. Биз дайым коркунучту тандайбыз. Ал сезим мн жашаштын ыңгайын таап алганбыз анткени. #жөнэлеойлор
7648  
01.11.2019
Жашоо - бул күрөш, сыноо... Бирок, пенде болгон соң жашообузда “ак менен кара” эгиз козудай эриш аркак жүрөт тура. Бул жалганда өмүрүбүздү акыркы демибизге чейин өзүбүздү табууга, таанууга умтулуп, толкун сыяктуу ар кайсы жээкке урунуп олтуруп, ордубузду тапканга жумшайт турбайбызбы. Алдын-ала тагдырыбызды таанып да, тандап да ала албайт экенбиз. Кантсе да, пендебиз да... Ар бирибиз колубуздан келген мүмкүнчүлүктү ишке ашырууга аракеттенсек, “аракетке - берекет” демекчи, сөзсүз түрдө Жараткандын мактоосуна арзып, жасаган эмгегибиздин акыбети кайтат тура. Аллахым сизди да өз жакшылыктарынан кем кылбасын. Мына ушинтип, кезектеги “ЭЛ СЫЙМЫГЫ” төш белгисин тагынып, “Ала Тоо Мекенчил Инсаны” ардак баракчасына татып олтурам. Эл аралап, сурамжылоо салган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “АЛА-ТОО МЕКЕНЧИЛ ИНСАНДАРЫ” КООМДУК КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУНА, менин бул даражага ыраа көргөн элим сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирип, дайыма талантыбызды барктап, колдоо көрсөтүп келгениңиздер үчүн тизе бүгүн таазим этемин. Бар болуңуздар! P.S. Буга чейинки сүрөттө дал ушул сыйлыкты алуу үчүн КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөп жаткан учурум болчу  #награда #красота #здоровье #мир #удача #успех #счастьевомне
Загрузка...