сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7086  
03.10.2019
Бөйрөктү таянба деди эле энем. Энем айткан канча сөз кулак сыртынан өттү. Канчасы канга сиңди, кулакка күмүш сырга болуп илинди, канчоосу Балыкчынын шамалы менен ойноп кетти. Уңгусу турат бирок. Кагылып калган казыктай, өзөктө жатат. Кеп энем жөнүндө деле эмес. Кеп чаржайыт болгон ойлорумда, өзүмдө. Шаркырап аккан шаардын шарданына агып кетип эле өзүмдү, өзөгүмдү таппай калган өзүмдө. Буркан - шаркан түшүп баратып, өзүңө келсең, өзүңдөн качан эле алыыыс чыгып, алапайыңды таппай бараткан болосуң. Тык токтоп, " Мен киммин?", " Кайда баратам?", " Максатым эмне?", " Жашоодон эмне каалап турам? " десең эле жообу жок боштук чыга келет. Аңырайган боштук. Жандалбастап артыма кылчаям. Жок дегенде калтырып жаткан изимден бараткан жолумдун уучугун табаттырмын дейм. Кыйратып эле жаткансыйм. Бутум бутума тийбей, безеленем . Териштире, сүрүштүрө келгенде эле эптеп - септеп, элдир - селдир бир дөңгөлөктү сүйрөп, өлбө жаным өлбөнүн аргасы менен жүрүп жаткандайсың. Колго илешкен, көкүрөк керип, купулуң толуп, сыймыктана " Ушуну мен кыйраттым!" деп кыйкырайын десең эле таш балекет жок. Мен бул дүйнөдөн көчүп кеткенде менден жакшылык калыш керек. Өзүмө эле жарык тийсин эмес бүтүндөй адам баласына тийсин. Жөөөн эле элдир - селдир көптүн бири болуп, боз топуракка көмүлгүм жок. Ошол улуулуктун, ошол чоң жарыктын учун издеп жүрөм. Аны тапмайын көкүрөккө эмне орнотсоң да каңгырап, бош калгансыйт... #жөнэлеойлор
Загрузка...
7068   146
03.03.2020
Эң эле таза дүйнө жаныбардардыкы. Алар бирин бири коргойт, аяйт, кол салбайт, жек көрбөйт, бут тоспойт. Биздей уу тилин салып, найза кылып, жүрөк тушка урбайт. Алар жөн гана бар. Жаратылыш вибрация аркылуу бири мн сүйлөйт. Жаныбарлар сезим аркылуу сүйлөшөт. Тили жок бири бирин түшүнбөс керек дейбиз. Жок, дебейбиз дагы. Анткени алардын дүйнөсү мн эсептешүү жок. Үчүнчү көзүбүздү жаман ойлор мн, көкүрөк көзүн жаман сезимдер мн көмүп койгомбуз. Жинди иштерди кылганыбыз, туура эмес жолду тепсегенибиз, тетири басканыбыздын себеби ошолдур. Сыйынганда, Жаратканга жалынганда кечирим сурайбыз. Кечиребиз. Оюбузду тазартабыз. Ошон үчүн Жаратканга жакындаганда жүрөгүбүз тынчыйт. Көп нерсени көрүп, уга баштайбыз. Пенделиктен чыгабыз. А жаныбардар дагы, жаратылыш дагы дайым таза. Алар биз жоготконду жогото элек. Аларга жакын болуу, жуурулушуу - тазалык, аруулук мн жуурулушуу. Ошон үчүн элет жергесинин адамдарын булгана элек дешсе керек. Жаныбарлар мн көкүрөк аркылуу суйлөшкөндү, туйганды билет. Эртеңки күнү сени " колхоз" десе бирөө, сонун комплимент катары кабыл ал. "Таза бойдонсун" дегендик. #жөнэлеойлор #аруулануу