сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
6627   268
16.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Образ Жарашыптырбы?😇 Ошентип, достор, сиздердин күтүүңүздөрдү бир аз болсо да актайын деп өзгөчө клип тартуунун үстүндөбүз😇🤗 Чыгарма дагы башкача мотивде, насип кылса сиздерге жагат деген үмүтүм бар.🙏 @timur_saliev_production командасы айтты: "Сен биздин айткан идеяларга көнүп, жакшы изденип, бизге жардам бер. Өзгөчө клип тартып берели..." дешти эле макул болдум. Анан эле клип тартуу учурунда өзүмдү өзүм күзгүдөн көрүп араң тааныдым 😁🙈 Андан сырткары тартуу учурунда ар түрдүү күтүүсүз бурулуштар болуп кетип жатат.🙊 Клип үчүн кандай гана кадамдарга барбайбыз деп коюп болгон аракетимди жумшап жатам. Буюрса, эртең да калган бөлүгүн тартабыз. Жакшы тилектер менен алкап туруңуздарчы😇🤗🙏 Өзүмдүн да, сиздердин да купулуна толо турчудай эмгек жаратып алууну насип этсин 🙏 Жалпы клип үчүн 40-50гө жакын адам иштеп жатат... Жалпы идея @timur_saliev_production таандык. @bek_jumakadyrov тартып жатат. @erlan_mamajanov ар дайымкыдай чач стилист, жана колдоочум болуп жүрөт. Ал эми кийим образдар @arzubek_vonama мода үйүнөн даярдалып жатат. Клип бүткөндө дагы толук маалымат жазам, буюрса 🤗 Бардык аракетибиз сиздер үчүн, угарман, көрөрмандарыбыз🤗🤗🤗