сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6658   190
13.06.2020
Кыз дегениң кылыктуу келет. Сезимдерин көзүнөн эле байкайсың. Уялыңкы көз караш уялап, тике карабай, ала качып калат көздөрүн. Сөздөрү таамай чыкпай, буйтап чыгып, ал тургай, басканда да жерге тиер тиймексен учуп басат. Деми элеп - желеп энтиге чыгып, жүрөк кургурга канат байлап эле койсоң учуп чыкчудай. Көзүбүз көргөнүн сыйдыра албай, кулак укканын сиңдире албай убара. Дүйнө ушундай кооз көрүнүп, анын кооздугун, сулуулугун эми эле байкагандай аң - таң карап, жашагың келип, жашаткың келип...деги койчу, эзели чыкпаган өң өңүнө, түс түсүнө чыгып, дүйнөң башка өңүттө чыга келет. Тамагыңан тамак жылбай,, чала - бучук алган абаңа эле курсак кургур тоюп, көмөкөйдөн эч нерсе өптөй, көкүрөк тоюп турат. Ашыктык дейт аны. Дендароо мас кылып, дениңди жаш кылган. Жаш өткөн соң, жашоонун баардык өңүн жатка билген соң, башыңа келсе, баягы кыз кезиңдегидей делбектейсиңби ким билет? Болбосо, ал келгенде делбектеп жүрүп күйгөн күйүгүңдү тырмалап, кетенчиктеп качасыңбы? Дагы келеби жаз жан дүйнөгө? Мурункудай макоо болуп, алданып, күйөрүңдү билип туруп күндү көздөй чуркайбызбы? #жөнэлеойлор
Загрузка...
6653  
20.10.2019
Бир тойдо бардык эмоциялардын баарын жон териң менен сезип чыгасың. Стресске чыдамдуу болуу керек алып баруучулар. Чын! 🥴 Мандраж - Тойдун алдында 🧐 Кызыгуу - Канча белек бар экен, стол кандай экен деп 🤓 Сүйүнүч - Тойду жакшы баштап алганда 😎 Сыймыктануу - Тамашалар өтө баштаганда 🤔 Кабатырлануу - Элдер көпкө тост айтканда 😱 Таң калуу - Бирөө сонун тост айтканда 🤗 Кубаныч - Биринчи антракт 😍 Бир кызык сезим - Сулуу кыз көргөндө 🙃 Беймарал - Элдер жакшы бийлеп жатышса 😉 Күчтүү сезим - Конкурс алдында 🤪 Эйфория - Элдин боорун эзип атканда 😳 Шок - Бирөөнүн өзгөчө өнөрүн көргөндө 😒 Көңүл калуу - Жанагы сулуу кыз кетип калыптыр 😨 Коркуу - Микрофон же аппаратура бир нерсе болгондо 🤔 Санаа тартуу - Той өзүн актайбы ыя? 😜 Жыргализм - Экинчи антракт 😠 Кыжаалат болуу - Эт кечигип атат дегенде ☺️ Жүрөк тынч - Бата алдында 🤩 Уатять - Той ээси мактап атканда 😋 Уялуу - Той ээси слишком мактап атканда 🤤 Ыраазычылык - Расчет кылып атканда