6153 59
30.07.2020
Аза күнү... Ылайым, артынан рухий тазаруу жана ийгилик жылоолгон кез келсин. Буюрса, эртеңки кылчу курмандыктарыбыз бүгүнкү күткөн аза туманын таркаткан керимсел шамал сыяктуу болгой...
Апааттан сабак алалы. Ансыз да ачышып турган көңүлдөрдү, муңканып турган жүрөктөрдү жаралабай, бири-бирибизге арка-бел болуп, баштарды, жүрөктөрдү бириктирип, ынтымак менен сыноо тоскоолдуктарын сындырып өтөлү.
Белди бекем бууйлу! Оңололу! Жаман адаттарды таштап, жакшы амалдарды баштайлы! Элибиз адептүүлүгү, уяттуулугу, бекем ынтымагы жана күжүрмөн эмгеги менен ааламга атагы чыксын. Балким, маркумдарга ошонун сообу тиер. Ошону менен алардын арбактарын ыраазы кыларбыз...
30-июль, 2020-жыл