сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6144   141
04.03.2020 Чайхана "Тоос-Көл"
Отуруп алып атайын суротко туштум 🤦‍♀️🤭🤗!! "Тартып койчу" -деп 🤪🤷‍♀️ Антпесе дагы убакыт таппай суротко да түшпөй каласын 🤦‍♀️!! Уялбай, тартынбай, жанында ким болсо да, ошол күндү эске калтыргыдай суротко түшүүну билүү керек экен 😅!! Ошентип уялып жүрүп соонун моменттер жок болуп кетип атат. Ошондуктан тартынбагыла ☝️!! Бир мисал : дем алыш күнү кызым @aruuke_abdrahmanova_official экөөбүз парк Панфиловаловада балмуздак жеп, эс алып жүрсөк, эки суйушкон кыз -жигит суротко түшүп аткан экен, эл толтура, анан менден суранды " Тартып Коюнузчу" -деп албетте тарттым, суктандым 🥰!! Муну менен эмне айткым келди " ар бир жылуу моментти колдон чыгарбашыбыз керек " дегенди айткым келет 🙏!! Ооба ар бирибизде соонун күндөр көп болсун деп тилейли 🙏🙏🙏 __________________________________ Ак көйнөк : @sweet_cherry_kg1 @sweet_cherry_kg бут кийим : @sweet_cherry_kg @sweet_cherry_kg Кыздар терең ыраазычылык 🙌________________________________ #моилучшиевыходные #моилучшиемоменты🔥
6144  
04.01.2020
"Күйөгө тий, Назира. Жалгыз калба, жалгыз болбо. Төрө. " Мага айтылган эң көп кеңеш ушул. Мага эмне бакыт алып келе турганын ким, кайдан билсин? Менин көңүлүм мн эсептешкен болдубу? Ар бир адамга барып алып жан дүйнөңдү, андагы болуп аткан кубулушту айта бербейсиң да. Жөн гана күлүмсүрөйм, баш ийкейм. Болбосо, оюм башкада. Жалгыздыкты коркунуч катары карашат. Көңүлүңдүн, көкүрөгүңдүн боштугун башка адам мн толтуруп, жалгыздыгыңды башка адам мн кооздоо мүмкүн дешет. Жан дүйнөсүн айыктырыш үчүн жар күтөт. Бала баарына бакыт болот дешет. Болоттур, балким, бирок дайым эле эмес. Кепилдик бере турчу эч ким жок. Жалгыздыкта бакыт тапмайын башканын жанында табыш кыйын. Тегерегиңде миң киши тегеректеп турса да жан дүйнө жалгызсырашы мүмкүн. Жашооңо бирөөнү алуу менен көңүлүмдүн жарасы бүтөлдү деш кыйын. Адам жарты кезинде бирөөнү толуктай албайт. Өзүн толуктап, бөксөсүн толтуруп, өзүн эптей алганда гана өзгөгө жар болот, көмөк болот. Баланы да дартыңа дабаа кылыш үчүн жаратпа. Дабаа болбой, санаа болуп калса, ачууңду андан чыгарасың. Өзүң айык. Бакытка тун. Ошондо гана балага бакыт бере ала турчудан болосуң. Күйөгө тийдим. Анан? Түйшүктөн арыламбы? Аны да караш керек, күтө билиш керек. Кир - когу, тамагы, көңүлү, төшөгү бар. Анын өзүн эле эмес анын артында турган тууган - уругу менен кошо күтөсүң! Алым кетип турат азыр. Бирөөнү бактылуу кылышка күчүм да, каалоом да жок. Элдин түртмөөлөсү, кеңеши мн жар күтүп алып, жардан алыс ыргыганы канча? Эч качан эч кимдин сөзүн укпа. Жашоо сеники. Көңүлүң менен гана кеңеш! Күйөгө тий, төрө дебегилечи! Бакыттын жалгыздыктан таба албасам эгер, жар күткөндө таба албайм. Аны да, өзүмдү да кыйнап кажети канча? Жаратың менен барып, кимге жардам берип, кимдин жаратын айыктырып, кимге жар болосуң???? Шайым кетип турат. Болгон күчүмдү азыр уулума эптеп чыпкалап берип атам. Айыгайынчы! Ааламымды айдың кылып, арыгымды толтуруп анан ойлоном. #жөнэлеойлор
6141   219
12.03.2020
Көрүнгөндүн тагдырына бышактап ыйлай бермей адатым бар болчу. Көчөдөн кайырчы көрсөм, ага ыйлайм. Бирөөнүн тагдырын уксам, буга ыйлайм. Өзүнчө эле Асан кайгы! Адамды кой жан - жаныбарга да бырылдап ыйлай бермей. "Боорум ооруп атат" сөзүн көп кайталадым. Жашоомдогу эң көп айткан сөзүм ушул болсо керек. Анан чын эле физикалык жактан боорум ооруп, даарылап, айыктым. Бир жолу бир китептен бирөөгө боор ооругандай кимсиң деген сөздү окуп калдым. "Боор ооруу менен сен аны басынтып, өзүңдү өйдө сезип атасың", - деди. Ар бир адамдын ой - жүгүртүүсүнө, деңгээлине, билимине, көз карашына жараша өзүнүн тагдыры болот экен. Айрым учурда аларга жардам берүү менен жүгүн өзүбүз көтөрүп алып, Жараткандын ага берген тапшырмасын аткарууда жолтоо болот экенбиз. Жараткан берчү сабакка тоскоолдук жаратат экенбиз. Азыр ар кимдин көтөрүп жүргөн өз жүгүнө карата мыйзам ченемдүү көз караш пайда болду. "Демек, Жаратканымдын билчүсү бардыр. Кийлигишпейм" деп калдым. Таптакыр кайдыгер болуп кетүүнүн да кажети жок. Боло албайсың дагы. Адам болгон соң, жүрөк аттуу бир муштум этиң көрмөксөнгө сала албайт, бирок чеги мн. Оор жүгүбүз эмнени көрсөткүсү келип жатат суроосу менен алек бололу! Жараткандын сабагын үйрөнмөйүнчө өмүр бою жүктүү жүрөсүң. #жөнэлеойлор Photo by @djanjyldyza
Загрузка...
6137     58461
22.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Шейх Чубак ажы. @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official . . ☝🏻Ассаламу алейкум😉 😊Урматтуу бир туугандар 🎥Эгерде биздин видео сизге жакса👍🏻 ——————————— ✔Баракчабызга катталыңыздар😎 ✔Жүрөктү❤ же лайкты👍басыңыздар ✔Досторду белгилегиле🤗 ✔Видео менен бөлүшүңүздөр🔁📲 ✔Каалаган комментарий жазыңыз✍🏻 ⛔Бирок,жаман сөздөрдөн башкасын🤬🚫 ✔Эгерде видеону толук форматта🖥 😎көрүп,жүктөгүңүз келсе, ➡анда биздин ютуб каналга↩ ➡"Насаат Медиа" кириңиздер. ——————————— ☝🏻😊Ин ша Аллах бул иш аракеттер🔧 🔁видео-сабактардын таралышына 👍жакшы себептердин бири болот📲 ☝😊P.S. Ээринбей аткарып койгула, ➡эки дүйнөдө пайда аласыңар🏆🥇🎁 ——————————— . .#даарат #семья #обычаи #намаз #Коран #бейиш #шариат #мечеть #шариат #религия #сунна #напоминание #наставления #предложение #мусульманин #ислам #islam #кыргызстан #кыргыз #бишкек #чуй #ош #жалалабад #баткен #талас #нарын #ысыккол