сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5876   138   81778
19.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
@isaomurkulov экөөбүз убада кылгандай бул ыр тууралуу конкурсубузду ачык деп жарыялайбыз🙌 Шарттары: 1. "Бийге чакырсамбы?" аттуу дуэтибизден 1 куплет ырдап кавер видео тартасыз, 2. #Бийгечакырсамбы аттуу хештег менен баракчаңызга жүктөйсүз, 3. Жүктөгөн видеого @aigerim_rasul_kyzy @isaomurkulov баракчаларын белгилешиңиздер (отметка) керек☝ Мына ушул үч шартты туура аткарып, өзгөчө ырдап, оригиналдуу видео тартсаңыздар, анда бизден баалуу белектерге ээ болосуздар🎁🎊🛍 Эскертүү‼️ Жеңүүчүлөр 1-март күнү аныкталат❗ Анда эмесе СТАРТ💯 Баардыгыңыздарга ийгилик🎈 Кесиптешим @isaomurkulov менен бирге аткарган "Бийге чакырсамбы?" аттуу дуэтибиздин аудио форматын бүгүндөн тарта өзүмдүн официалдуу жеке #youtube каналымдан тыңдасаңыздар болот🎼🔥🎤 Ал эми каналга баракчамдын башкы бетиндеги жана стористеги ссылка аркылуу кирип, эң биринчилерден болуп угуңуздар🎧
5876  
07.12.2019
Сөздүн астына маани катып сүйлөйт аял. Бирок аны эркек түшүнбөйт. Анткени ой жүгүртүүбүз ар башка. Аларга түптүз текст мн айтыш керек. Компьютер сындуу. Кандай программа киргизсең, ошону гана аткарат. Аялда андай нерсе жок. Бүгүн ойду каалайт. Эртең тоону. Мүнөт сайын сезимдери, эмоциялары өзгөрүп турат. Бири бирибиздин мүнөзүбүздү билип, ошондой бойдон кабыл алсак эле баары жакшы болгону турат. Ар бир адамдын ичинде башка жыныс жашайт. Инь - янь болот. Аялдардын айрымдарынын ичинде эркеги чоң болушу мүмкүн. Ичибизде эркек жашабаса, курчтук, тайманбастык ж.б мүнөздөрүбүз болмок эмес. Эркектин ичинде аялдыгы жок болсо, аеоо, мээрим, сүйүү сезими ойгонмок эмес. Жырткыч болмок. Инь янь тең салмакта болгондо баары жакшы болот. менин тең салмагымда чатак бар окшойт ушу. Анткени ичимдеги эркектигим көбүрөөк. Эмнеге аялдар мн дос боло албайм суроосунда терең ойлондум. Көрсө, алардын өйдө - ылдый эмоциясына чыдаш кыйын экен. Кыздардын бүтпөгөн, өзүнө тиешелүү темасы башталганда кыйналып кетет экенмин. Ушакташуу, көйнөк - бечкек, мода, бет боектору, кайын журт, күйөө, бала багуу, тамак жасоо темаларынан өлө качам. Мага философилык темалар, тарых, таанып билүү, эзотерика, психология, эркек - аял мамилесин изилдөө ж.б.темалар кызыктуу. Ичинде аялы чоңураак эркектин аялга тиешелүү мүнөздөрү, аракеттери болот. Ошооо, мага бир нерсе айтсаңар, прямым текстом айтсаңар кубанам жана ар бир сөзүмдүн алдынан башка ой издебегиле. Түз эле айтам. #жөнэлеойлор