сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5857   166
19.03.2020
Күн сонун тийип, көк чөп жер жарып чыгып, Жаратылыш өз нугунда бейкапар жашоосун улантууда. Адамдар үйдөн чыкпай, суулар, аба тазаланып, жан - жаныбар тынч жашап жатса керек. " Тазалануу, аруулануу жүрүп жатат го "- деп койдум. Балким ушул нерсе абдан керек болчу жана балким боло турчу мындан да оор кырдаалдан, катастрофадан сактап жаткандыр. Жөн эле эч нерсе болбойт. Биз өмүрдүн баркын сездик. Өлүм мн маңдай - тескей келгенде гана өзүңдү тескеп, жашооңо кылдат көз чаптырасың. Болбосо, балдарыбыздын көкүрөгүн качан сезип, өрүктүн гүлдөшүнө качан көз салдык эле? Акчанын артынан чуркап, дүйнө топтоо мн алек эмес белек? Бир саамга токтоп, тегерекке көңүл коюп, өзүбүздү тыңшап турган маалыбыз. Нөшөр, бороон - чапкын күндүн баркын сездириш үчүн бар. Бүгүнкүдөй оор кырдаал жашоонун даамын берүүдө. Канча жашаарыбызды ким билсин? Бирок бүгүн, азыр жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Жаша! #жөнэлеойлор P.s. Кечинде Германиядан сиңдим чалып, - Астматиктер анан иммунитети аздар биринчи кетет. Бекем кыс да үйдө жат,- деди эле. Кысып атам. Балким дүйнөгө пайдам тийип калаар.
5855     45935
08.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Шейх Чубак ажы. @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official . . ☝🏻Ассаламу алейкум😉 😊Урматтуу бир туугандар 🎥Эгерде биздин видео сизге жакса👍🏻 ——————————— ✔Баракчабызга катталыңыздар😎 ✔Жүрөктү❤ же лайкты👍басыңыздар ✔Досторду белгилегиле🤗 ✔Видео менен бөлүшүңүздөр🔁📲 ✔Каалаган комментарий жазыңыз✍🏻 ⛔Бирок,жаман сөздөрдөн башкасын🤬🚫 ✔Эгерде видеону толук форматта🖥 😎көрүп,жүктөгүңүз келсе, ➡анда биздин ютуб каналга↩ ➡"Насаат Медиа" кириңиздер. ——————————— ☝🏻😊Ин ша Аллах бул иш аракеттер🔧 🔁видео-сабактардын таралышына 👍жакшы себептердин бири болот📲 ☝😊P.S. Ээринбей аткарып койгула, ➡эки дүйнөдө пайда аласыңар🏆🥇🎁 ——————————— . .#даарат #семья #обычаи #намаз #Коран #бейиш #шариат #мечеть #шариат #религия #сунна #напоминание #наставления #предложение #мусульманин #ислам #islam #кыргызстан #кыргыз #бишкек #чуй #ош #жалалабад #баткен #талас #нарын #ысыккол
Загрузка...
5850   260   28202
15.07.2020
Караңгыдан кийин күтүп таң турат, Капалыктан кийин күтүп шаң турат. Туман таркайт, кара булут жазылат, Аркасынан Ай, Күн тиет жаркырап. Аары чагат, чаккан менен бал сунат, Нанга айлантыш үчүн буудай жанчылат. Эртең бышып, шилекейди агызчу, Мөмө бүгүн көкмөк, ачуу – кам турат. Кар кеткен соң байчечекей баш багат, Каптабаса жалын бышпайт аш-тамак. Суктандарган сулуу сарай тургузуу – Чалчык кечип, жер көөлөөдөн башталат. Сынактардан мээнети жок өтпөйсүң, Ашыгыңа азап тартпай жетпейсиң. Ашуу ашып, кезермейин чөл кезип, Көксөп жүргөн көркөм жайга көчпөйсүң. Жазда келген чабалекей кушундай, Жакшы күндөр келет бизди утурлай. Жакут, алтын жатат ылай астында, Жашообуздун мыйзамы дал ушундай! Курсагы ток баркын билбейт машактын, Сабырсыздык башаты бүт чатактын. Түшүндүргөн көп нерсенин кадырын, Сабагы мол, балким, келген апааттын. Көрүп жатып бешенеге жазганды, Унутпайлы чилдеден соң жаз барды, Ыйман сактап, сабыр кылсак, буюрса, Жакшы күндөр келерине аз калды! Нуржигит Кадырбеков 14.07.20, 14.29 .