сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3974   116
29.06.2020
Мен өзгөчө аялдардын билимдүү болуусу канчалык маанилүү экенин баса белгилегим келет. Жогоруда айтылгандай, билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштар өлкөнүн келечеги. Бирок аларды мына ошондой мыкты деңгээлде ким тарбиялайт? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, баланын тарбиясы 70% энеден көз каранды. Демек, келечекте сапаттуу муунду тарбиялай турган кыздарыбыздын сапаттуу билим алышына бүгүн шарт түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, учурда биз келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга калыптанып калган эски көз караш таасир этүүдө. “Кыздын барар жери күйөө” деп, алардын билим алуусуна каршылык көрсөтүп, эптеп окууну бүтсө эле, турмушка узатып жиберүүгө шашабыз. Жыйынтыгында, улан-кыздар үй-бүлөнүн ыйыктыгын, турмуштун өйдө-ылдыйын жакшы түшүнө элек, моралдык жактан жетиле элек кезинде түтүн булатып калып жатышат. Мындайда финансылык жетишпестиктер жаралат. Ошентип, учурда турмуш кургандардын 70%ы ажырашууда. Бул нерседен кыздар жана наристелер көп запкы чегет. Эркектер көп учурда үй-бүлөсүн таштай качып кутулат. Эгерде келечектеги энелерге, тактап айтканда, азыркы кыздарыбызга сапаттуу билим берсек, мына ушундай бир топ көйгөйлөрдөн заматта кутулабыз. Үй-бүлөлөр сапаттуу жана бекем болот. Ал эми мындай үй-бүлө тарбиялуу, ыймандуу жана билимдүү жаңы муунду тарбиялай алат. Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар. Азыр балдарды тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялоо керек болуп турат. Себеби, турмуштун айынан көп ата-энелер балдарына тарбия бермек турсун жетишерлик көңүл бурбай калды. Ата-энелер көп учурда балдарыбыз бизди укпайт деп арызданышат. Мунун себеби эң жөнөкөй: ата-эне балага үлгү боло албай калды. Мындан улам, алардын айтканы бала үчүн таасирин жоготту. Балдар чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, айткан сөзү жасаган иши менен дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат. Англичаниндер: “Балаңды тарбиялабай эле кой. Ал ансыз да сени тартат. Андан көрө, сен өзүңдү тарбияла” дешет. Демек, ата-эне баласынын тил алышын кааласа, баарынан мурда өз баласы үчүн үлгү боло алышы керек. Биз ата-эне катары эч нерсе билбей же балдарга терс өрнөк берип турсак, алар бизди кайдан уксун? Almaz Arapov
3974   107
26.03.2020
"Мысли - материальны" деп көп угам. Эмнени көп ойлосок, бизден көзгө көрүнбөгөн энергия бөлүнүп чыгат экен дагы, кайра ошол реальность болуп кайтып келет экен. Ишенесизби? Мен ишенем. Ошого, азыр бир гана жакшы ойлорду ойлоп, жакшы ниеттерди кылып, Жараткандан "Бул илдет тезирээк жок болсо экен. Чалдыккандар эртерээк жакшы болуп кетсин..." деп суранып, дуба кылып туралы. Биздин колдон бүгүнкү күндө ошол гана келип турат. Эң башкысы үйдөн чыкпай, бул нерсеге олуттуу карап, эрежелерди так сактап туралы ☝️🙏 Буюрса, жакынкы күндөрү жакшы кабарларды угуп калууну насип этсин 🙏 ________________________________________ Мен жактырган фильмдердин тизмеси менен бөлүшүп өтөйүн : 1. "Секрет" документалдуу фильм (кино эмес☝️). Дүйнөдөгү окумуштуулар биздин оюбуз өзүбүздүн жашообузга кандай түз таасир бере алышын тастыктап, чагылдырышкан. 2. Эгер мелодраманы жакшы Көрсөңүз, анан көптөп бери ыйлагыңыз келип бирок ыйлай албай жүрсөңүз анда "P.S. Я люблю тебя" деген кинону сунуштайм. Айрыкча күйөөсү бар айымдар, сиздер көрүшүңүздөр керек деп ойлойм 😉 3. Эгер сиз 14-24 жаштагы кыз болсоңуз, анан өзүңүздү "мен эч качан сулуу, назик кыз боло албасам керек 😁"деп ойлонсоңуз, анда "Как стать принцессой" деген кинону Көрсөңүз өлө жакса керек деп ойлойм. 😁 Мен ушул кинону окуучу кезимде көргөн элем. "Значит чоңойгондо сулуу эле болуп калат окшойм " деген үмүт пайда болгон эле да 😁🤪 Ошоо, азырынча ошол эле жаңылык. Дагы сүйлөшөбүз да анда ээ☺️ (Жаман эшикти, элдер менен аралашып бака-шака болуп жүргөндү сагындым бирок ☺️) Сиздерде эмне жаңылык анан?😊
Загрузка...