сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3994  
19.01.2020
Баткендеги чек аралаш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди вице-премьер министр зекип, кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо иштен алууну тапшырыптыр. Ошол иликтөөгө мени да чакырып, угуп койсоңор. Сапарали акени Бишкекте эмне иш кылып жүрөсүң деп доомат коюп жатат, аны мына борборго келгенде Акүйгө мен чакырганмын! Өткөндө Максат айылына барып, бир нече социалдык проблемаларды тизмектеп алганбыз, айрымдарын кыска убакытта чечтик. Эми дагы мектепке интерактивный доска керек, жана башка маселелерди катка тизмектеп жазып келди. Жолуктук, каттарды берди, чек араны бир жаңсыл кылып чечип салуу ушул учурда колубуздан келбей турса да, инфраструктура, социалдык көйгөйлөр менен колубуздан келгенче аракет кылып иштей берели деп сүйлөштүк. Бул факт. Ал эми митингде сүйлөгөнүн да көрдүм, кабатыр болуп чогулган элге реалдуу абалды түшүндүрүп бериптир, анын эмнеси кылмыш? Эмгек өргүүсү убагында болуп жатат мунун баары, баласынан кабар алганы келип борборго, мынтип эл көйгөйүн кошо көтөрүп жүрөт жанына. Митингге чыккандар бийликти талашкан жок, ызы-чуу салган жок, талаптарын айтышты. Жарандар чогулуп пикирин айткан окуядан чочубаш керек, аларды угуш керек. Өмүрүн тобокелге салып, жерин коргоп ошол жерде иштеп жаткандарды куугунтуктагандын ордуна, маселени алар менен акылдашып, сунуштарын угуп, бирге чечкенибиз туура болот. Чек арадагы элдин духун ого бетер түшүрбөй, эл менен камыр-жумур иштеп жаткан айыл башчыдан колуңарды тарткыла! #janarakaev
Загрузка...
3988   45
07.12.2019
Таанышып алыныздар бул менин жакын досум Закирбек Дуйшонбек Уулу @zakirbek_komuz . Бул жигит экообуз 2004-жылы «жаш таланттар» аттуу конкурстан таанышканбыз, андан бээри 15-жыл отуптур. Закирбек 6-жашында озунуон чон комузду алып чертип , бугунку кунго чейин кол ойнотуп коргондун оозун ачырып келет. Мен досумдун талантына кана баа бербестен адамкерчилигин бийик баалайм. 2-жыл мурун эл башчыбыз элибиздин таланттарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып Закирге КГ Эмгек синирген артисти аттуу наамды тапшыраарда Закир бул наамдан баш тарткан . Бул иш аракетин Закир досум мындай деп тушундурду: Бул бийик наамды мен эмес , менин агайым ала элек , андыктан агайыма наам бериниздер анан мен алайын деп тушундурду. Бугунку кундо Закир экообуз уй-булообуз жана жумуштарыбызга байланыштуу азыраак жолугабыз . Жолукканда баштан откон окуяларды эстеп жыргап кулуп калабыз себеби экообуз чынында бирге коп кундорду откордук, мектептен чыгып Ош базарына барып оюнчук тапанчаларды алып-алып чуркап атышып ойночу элек. Бирге Мураталы Куронкеев атындагы музыкалык училищеде окудук, бир сахнада журдук, бирге гастрольдордо журдук, бирге Калый Молдобасанов атындагы улуттук Консерваторияда окудук ышыгылып коп кундор башыбыздан отуптур. Ушул жигит сыяктуу адамдарды элибиз таанысын деген максатта бул суротторду жана кичинекей окуябызды жуктодум. Сиздер дагы жакын досторунуздарды белгилениздер. #жакындос #талант