сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3809   196
01.12.2019
Чоң энем..өлгөнүнө таарынып жүрдүм көпкө. Энем мени кантип таштап кетти дедим? Куудураган алаканын жүзүмө сүртүп, таттуу жытын жыттай албай, баарынан качканда күрөң костюмунун ичине башымды ката албай, тизесине жатып алып, даттанып ыйлай албай, түшүмө кирген сайын өпкөм көөп, көз жашым жүзүмдү жууп, кучактап алып ыйлайм. Энем тагдырына карама - каршы келе албаган чыгар, же балким мени күндө көргөндүн айласы ушул десе керектир. Ата - энем ажырашканы эки жээкте калдык. Сагынычыбыз артып, эки дөө согушканда кор болгон эки чымын биз элек. Энемдин көлөкөсү сыңары, этегинен чыкпаган жаным энемди этеги жок дан дүйнөм үшүп, коркуп, жалгызсырап жүрдүм. Өлгөндөн кийин кудайдын куттуу күнү күндө келди түшүмө. Тизесине отурам мурункудай, бабырап сүйлөп берем. Жаңылыгымды айтам. Жытын жыттайм. Энемдин да, менин да кумарым канып, көкүрөгүбүз толуп, жыргап калабыз. Азыр түшүмө кирбейт. Кааласам да, чакырсам да изи жок. Киндик байланышыбыз үзүлүп калган сыңары алыс. Энем мага ынак эле. Уулум айткандай периштеликтен баш тартып, жанымда болуу үчүн балким кайра жаралгандыр. Жанымда жүргөндүр...деп жоошутам. Энемен кийин баардык энелерди жакшы көрдүм. Энемдин жылуулугун издедим, мээримин күттүм....бирок эч ким энемчелик боло албады.
Загрузка...
3800   4   20610
19.10.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Шейх Чубак ажы. @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official @chubak_ajy_official . . ☝🏻Ассаламу алейкум😉 😊Урматтуу бир туугандар 🎥Эгерде биздин видео сизге жакса👍🏻 ——————————— ✔Баракчабызга катталыңыздар😎 ✔Жүрөктү❤ же лайкты👍басыңыздар ✔Досторду белгилегиле🤗 ✔Видео менен бөлүшүңүздөр🔁📲 ✔Каалаган комментарий жазыңыз✍🏻 ⛔Бирок,жаман сөздөрдөн башкасын🤬🚫 ✔Эгерде видеону толук форматта🖥 😎көрүп,жүктөгүңүз келсе, ➡анда биздин ютуб каналга↩ ➡"Насаат Медиа" кириңиздер. ——————————— ☝🏻😊Ин ша Аллах бул иш аракеттер🔧 🔁видео-сабактардын таралышына 👍жакшы себептердин бири болот📲 ☝😊P.S. Ээринбей аткарып койгула, ➡эки дүйнөдө пайда аласыңар🏆🥇🎁 ——————————— . .#семья #обычаи #намаз #Коран #бейиш #шариат #мечеть #шариат #религия #сунна #напоминание #наставления #предложение #мусульманин #ислам #islam #кыргызстан #кыргыз #бишкек #чуй #ош #жалалабад #баткен #талас #нарын #ысыккол