сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3508     55095
10.02.2020 Bishkek
Каткырып койгонубуз менен бул маселе көпчүлүгүбүздө эле болсо керек, ээ достор?😁😁😁 Квартиралап жүрүп чарчагандар барбы арабызда? Өзүңүн баш паанегиң болсо кандай сонун ээ чынында 😇☺️ Ток этер жерин сүйлөшөлү анда 😌 Эгер насип кылып койгон болсо, быйылкыга койгон ниет-максаттарымдын бири --- Бишкектен батир алуу болуп турат. 🏢Анан мындай идея болуп жатат: Акча чогултуп мага үй албайлыбы, достор, ар бириңиздер жүз эле сомдон салсаңыздар мага кв келет экен, дээээвеле 😂😂😂 Тамашалайм, тамашалайм😅😜 Просто сурайын дедим эле. Кайсыл курулуш компаниянын үйлөрүн сунуштайт элеңиздер? Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн алып, шашпай бөлүп процентсиз төлөп үйлүү болуп калса болот имиш дейт го? Ошенткендер барбы? Арабызда жакынкы жылдары кв алып, кирип жашап жаткандар бар болсо керек? Ойлоп койсоң - ишке ашат деп калышат го. Ойломок турсун сүйлөшүп таштайлычы, анан тез эле үйлүү болуп калаарбыз балким? 🤷‍♀️ Чет жакта үй алабыз деп иштеп жүргөн мекендештерибиз дагы көп болсо керек? Биииир баарлашалычы анда ушул темада...🤗
3507   99   51866
08.03.2020
Кечээ видео жүктөйүн деп, кайра ойлосом түнкү төрттө концерт бүттү да, бизде саат жети болду, бир аз элдер ойгонсо анан жүктөйүн деген боюнча өзүм кетип калыпмын(уйкуга)😇🤗 Кыскасы, досторум, замандаштарым, Москвадагы мекендештер жакшы эле жүрүшөт экен. Колдон келишинче майрамдык маанай тартуулап, чер жазышканга аракет кылдык... Бул видеого кыскартып чагылдырып койдум. Көрүп туруңуздар. Бүгүнкү (8-март) концертти да өткөрүп алсак 3 күндүк чай концерттен 10 минуталык видео отчет жасап, тартуулайм. Азыр болсо Москвада саат 8 болду. Мен болсо уктай элекмин 😑(Концерт түнкү саат 12де башталып, 5те бүттү. Келип жыйын терин кылып, видео монтаждап Пост жазгыча ушунча болуп кетти...) Мен бир аз эс алайын эми... Күнүңүздөр ийгиликтүү өтсүн🤗😘😇💐 (Майрамдык постту ойгонуп анан жазып, куттукташалы ээ, уруксат берсеңиздер ☺️😇🤗)
Загрузка...