сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
6538   232
30.12.2019
2019 - жыл мага кандай жыл болду? Ден соолук менен алпурушкан жыл болду. Балам экөөбүз даарыны мүшөктөп ичтик болуш керек. Диета кармадык. Анализдер, клиникалар, узилер ж.б. Ден соолукту чыңдап алып жаңы жылга кирип баратабыз бирок. Бул жакшысы! Эң көп уулума көңүл бөлдүм окшойт. Ден соолугу менен алек болдум. Андан кийин жан соолугу менен алек болдум. Акчасына карабай, жаңы мектепке котордум. Робототехника, ордуины, музыкалык мектеп, програмированиеге алып барып аттым. Чопо чоордон конкурста экинчи орунга ээ болду. Сабактарын тыңдап, англис, түрк тилдерин терең окуй баштады. Баламдын жан дүйнөсүндө стресс болбосун деп күрөштүм. Айтор, жакшы эле эне болгонсудум. Кээде жалгыз башыма жетише албай, ыйлаган күнүм да болду, бирок баланы өзүм үчүн төрөгөм. Ошон үчүн бирөөдөн бир нерсе күткөнгө акым жок. Үйдүн карызын кутулуп, документти колго алып, аябай сүйүндүм. Аны апама белек кылып, дагы сүйүндүм. Чыгармачылык жаатта ютуб каналымды ачтым, бир канча кызыктуу интервьюларды чыгардым, ошонун аркасы менен журналисттер союзуна мүчө болдум. "Кошунаны тандабайт"сериалына, "Шерине", "Кыялкечтер" фильмдерине , вайндарга, жарнамаларга тартылдым. Актердук чеберчиликти ийге салганга мүмкүн болду. Экрандагы, сахнадагы алып баруучулугум аз болду бирок. Каралбай деле калды. Бир штук ыр ырдадым. Ырчы деле болуп кеткен жокмун, бирок эң көп комплимент жыйнадым. Быйыл Жараткан жакшы жардам берди. Жөн эле ойлорду өкүртө жаздым. Жазмакерлигимдин күйөрманы көп болду. Жолдон жолугуп батасын бергени канча?! Эл эмне дейттен, элдин оюнан көз каранды болуудан арылуу үчүн чоң чаба көрсөттүм. Өзүмдүн ыңгайымды, ырахатымды көздөдүм. Эгомду басаңдаттым. Азыркы көз ирмемден , учур чактан ырахат алуу алдыда турду. Көп китеп окудум. Оюмду өзгөртүп, боюмду түздөөгө аракет күч болду. Жакшы адамдар жашоомо кирди. Өзүң жакшы болуп, өзүңдү оңдосоң эле сенин энергияңа окшош адамдар кире баштайт экен. Жүрөгү таза, сонун адамдар тегеректеди. Жакшы эместери өздөрү эле чыгып кетти. Тынымсыз күрөшүү жылы болду, айтор. Эс алганга убакыт болгон жок. Алышып атып, алым кетти көрүнөт жыл этегинде бырылдап ооруп, жаңы жылдык берүүлөргө тартылбай калдым. Ошон үчүн жаңы жыл ден соолугу мн келсин!
726   6
13.01.2020
"Элим, барсыңбы?!" ККФ тарабынан демөөрчүлөрүбүз @eminzhanov_1 колдоосу менен Токмок шаардык психоневрологиялык жана Орловкада жайгашкан "Нурмээайса" үйбүлө жана балдарга жардам берүү борборлоруна ич кийим, үйгө кийчү кийимдер,халаттар, сүт азыктары,оюнчук белектер жана таттуулар берилди. Демөөрчүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз. Со стороны ОБФ "Элим, барсыңбы?!" при поддержке спонсоров @eminzhanov_1 была оказана помощь Токмокскому психоневрологическому центру и центру помощи семье и детям "Нурмээайса" в виде нижнего белья, домашней одежды,халатов,ночных пижам, подарков игрушек,молочных продуктов , а так же сладостей. Хотим выразить благодарность споснорам,которые постоянно поддерживают нас. #дети_наше_будущее #балдар_биздин_келечегибиз #кайрымдуулук #благотворительность #токмок #орловка #элимбарсыңбы #согрей_сердца_детей #elimbarsynby