1603 38
21.03.2020
ААЛАМДЫ БАШКАРГАН АЛЛА, КОРОНАВИРУСТУ ДА БАШКАРАТ.
Пандемия келгенде бир да өлкөнүн эли -ТҮНДҮК - ТҮШТҮК болуп бөлүнбөдү
-Теңирчи, каапыр, мусулман болуп бөлүнбөдү
-кедей-бай болуп иргелбеди
-сен-менге барбады
-жалган маалымат таратпады
-элди дүрбөлөңгө салбады
-бийликтин буйругун бурмалабады...
-ЭНПОлору элди энсиретпеди
-соцтармактары сасыбады
-фейктери фалштык кылбады
-белгилүүлөрү балп этпеди,
-жылдыздары жөөлүбөдү
ЫНТЫМАК МЕНЕН БИРИГИШТИ. УЛУТУНА КАРАБАЙ, УЛУУЛУКТУ ТУУ ТУТУШТУ.
Үйдө баатыр жоодо жоктор! Жаны шириндер! Жаның чыгып жатса да, тилиңерди тыйып, жок дегенде зыяныңарды элге тийгизбегиле. Ансыз да бир тыйындык пайдаңар жок.... Коронавирустан корккончолук Кудайдан коркконубузда, аттиң.... 21.03.20 Идрис акын