сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5364   245
24.06.2020
Ош-Бишкек жолунан жок дегенде бир жолу отконсузбу? Андай болсо 🚙🏎🚔🚨 жолго тиешелуу каалаган смайликти калтырып коюнуз. Эн оригинальный смайликтердин топтомуна бизден дагы лайк , коммент болот😉 ..................................................................... Кечээ Ошко барып сьемкага катышып, анан дагы бир маанилуу иш бутуруп уйго шашып келсем, Бишкекке алып кете турган машина менден биринчи келип кутуп туруптур🤭🤭🤭 @wayhome.kg кызматы чыккандан бери жыргап эле калдым. Кундузу эле чалып «бугун Бишкекке же Ошко кетишим керек» деп коем , боолду. Ошол айткан убагымда айдоочу чалып уйумдон алып кетет. Кыйла убакытым эконом болуп жатат. Ушуну ойлоп таркандарга, Кыргызстанга алып келгендерге чоон рахмат айтам. @wayhome.kg @wayhome.kg Сиздер дагы уйдо отуруп эле алыскы сапарга машина заказ кылыш учун ушул тиркемени(приложение) кочуруп, колдонунуздар. Жыргап эле каласыздар дагы, мага рахмат айтасыздар☺️😊😇
10749   81
05.09.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Сиз көрүп турган наристе Бектуров Нурел Бакаевич 1.5 жашта. Жарык дүйнөгө келген күндөн угуу бактысын сезбей, билбей жашап келет. Дарыгерлер наристеге эки тараптуу дүлөйлүк (двухсторонный глухота)деген диагноз коюшкан. Ата-энесинин элжиреп эркелеткен сөзүн, «Балам» деп балкыган үнүн, табияттын миң түркүн ажайып добушун угуп бактылуу балалыкта чоңойсо эмне?! Сиз азыр ушул видеодогу үндү угуп жатсаңыз эң бактылуу адамсыз! Ооба,көп учурда ушул өңдүү бакыттарды сезе бербейбиз… Урматтуу, замандаш! Келиңиз, Нурел бөбөгүбүзгө да угуу бактысын тартуулоого жардам берели!Ал үчүн наристеге кохлеардык имплант коюу керек.
Бүгүнкү күндө имплант коюу операциясы өтө кымбат турат. 1 кохлеардык импланттын баасы 15 000 долларды түзөт.
Албетте, мындай каражатка жалгыз бир үй бүлөнүн чамасы жетпейт. Андыктан Нурелдин ата-энеси сиздердин жардамыңыздарга муктаж болуп турат. Жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей Кайрымдуу, мээримдүү, боорукер мекендештер сиздерден колдоо күтөбүз.
Байланыш номери: 0709 36 32 86
Эсеп номери экранда жазылган.
6778  
25.09.2019
Бай болуунун планын түзөбүз, бирок, бактылуу болуунун планын түзбөйбүз. Бай болууда бизнес, соода, акча, алтын кандай керек болсо, бактылуу болууда ыйман, адеп, акыл, рух, билим, тазалык жана чынчылдык андан да маанилүү... Акча банкта, сөз берметтери, акыл жана рух кенчи китептерде сакталат. Сөз баккан, акыл нурданткан, салт, нарк билген, билим кенин казган, жан дүйнөсү бай берекелүү адамдарда өмүр улайт... Окуйлу. Убакыт болгондо эмес, атайын убакыт таап окуйлу. Жакшыларга жанашалы – ырысы, ооматы, акылы, асыл сыпаттары өтсүн. Жакшынын, даанышмандын, аалымдын жанында биртке болуу – жылдап кылган ибадаттардан артык дешет... Айтылуу акын, байманалуу аксакалыбыз Надырбек Алымбековду ошон үчүн чакырып, кеп-кеңешин, насаатын уктук. Жаштар ойгонду. Эми уктап жаткандарды ойготкула. Эң чоң сооп иштердин бири - мына ушул... Дүйнөнүң эң китепкөй өлкөсү курулууда, буюрса... Арстан ойгонду... #китепкй_өлкө #китеп_жарманкеси
Загрузка...