Бай болуунун планын түзөбүз, бирок, бактылуу болуунун планын түзбөйбүз. Бай болууда бизнес, соода, акча, алтын кандай керек болсо, бактылуу болууда ыйман, адеп, акыл, рух, билим, тазалык жана чынчылдык андан да маанилүү... Акча банкта, сөз берметтери, акыл жана рух кенчи китептерде сакталат. Сөз баккан, акыл нурданткан, салт, нарк билген, билим кенин казган, жан дүйнөсү бай берекелүү адамдарда өмүр улайт... Окуйлу. Убакыт болгондо эмес, атайын убакыт таап окуйлу. Жакшыларга жанашалы – ырысы, ооматы, акылы, асыл сыпаттары өтсүн. Жакшынын, даанышмандын, аалымдын жанында биртке болуу – жылдап кылган ибадаттардан артык дешет... Айтылуу акын, байманалуу аксакалыбыз Надырбек Алымбековду ошон үчүн чакырып, кеп-кеңешин, насаатын уктук. Жаштар ойгонду. Эми уктап жаткандарды ойготкула. Эң чоң сооп иштердин бири - мына ушул... Дүйнөнүң эң китепкөй өлкөсү курулууда, буюрса... Арстан ойгонду...
#китепкй_өлкө
#китеп_жарманкеси