сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1360   5
28.11.2019
АЛТЫНДАН АСЫЛ ОЙЛОР (Ата-энелердин эсине) 1 Өз балаңа берип жаткан ТАРБИЯҢДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ чоңойгондо эмес, ҮЙҮҢӨ МЕЙМАН КЕЛГЕНДЕ же МЕЙМАНГА БАРГАНДА эле БИЛИНЕТ. Эгерде тарбияда кемчилик байкасаңыз, анда сиздин кемчилигиңиз. БАШКА ИШИҢИЗДИ ТОКТОТО ТУРУП ТАРБИЯ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ. 2 Жашоодо ийгилик жаратууну каалаган балдарга кеңешим, биринчи орунда: -турар замат өзү жаткан төшөгүн жыйнашты үйрөнсүн! 3 Мектептен келген баланы үйдөгү жумуштарды айттырбай аткарууга үйрөтүңүз. Тапшырманы үйдөгү иштер бүтсө гана аткарсын. Болбосо мектептен тапшырмасын бүтүрүп келсин. Антпесек мектептен келген бала эч кандай жумуш аткарбай жеп-чычар, жалкоо, аңкоо болуп баратат... 4 Мектепке эрте менен өздөрү туруп баратышат. Азыр мурдагыдай балдарын ойготуп, чайын берип, курсагын тойгозуп сабакка жиберген апалар азайып кетти. Апалар өздөрүнүн балдарына НЯНКАГА айланып баратышат... Курсагы ачса бир нерсе алып жейт- деп отуруп, берген акчаңызды санап, балдарыбыздын сабак менен иши жок. Ачкарын баланын башына эч нерсе кирбейт. Сабакка кирүүгө коңгуроо бир мүнөттөн соң чалынаарын билип туруп тамак алышат. Биздегидей сумкасына нан салып келген балдар азыр жок. Мен болсо университетте да сумкама нан салып сабакка барган элем... 5 300 сомдук китеп алып бер - десем, акча жок- деп сүйлөгөн ата-эненин баласынын колундагы телефонунун баасы 13000 сом... Мектеп формасы деген шым 200-500 сом арасы, ата-эне алып берген джынса шым 1500-2000 сом. АНАН ЭЛЕ МЕКТЕП ФОРМАСЫНА АКЧАСЫ ЖОК ИМИШ 6 ПЕРЕХОДНЫЙ ВОЗРАСТ БАЛАГАТ ЖАШЫ Балагат жашындагы баланын катасы, балагат жашына чейинки тарбиянын кемчилигинен улам болот. Балагат жашы келген бала физиологиялык жана гармониялык жактан гана жетилет. Бул учурда тарбиясыз, өзүм билем, кайсар, эрке болуп кетет деп ким айтты, сиздерге?! 28.11.2019 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
732  
06.12.2019 Balykchy
Кечээ уйго келдим. Курсагым ток эле. Бирок мамам укмуштуудай даамдуу кылып балык кууруп, мен жакшы коргон пюрени таптаттуу подливи менен жасап коюптур. Карап тура алган жокмун. Апылдатып аны жеп, артынан колго жабылган сливанын компотун ичип дынкыйып отуруп калдым. Билбегенге жалкоомун. Билгенге тамакты даамдуу жасаган, оокатка тын кызмын. Мамам да коону келсе тамактын турун жасайт, мен курагында туймо туйуп, кийим кийгизчу. Ангыча болбой эле, Алинур телефондорунарды бергиле деп жыйнап кирди, домино ойнойбуз деп. Аны ойногонду билбеген жаным уйронуп да алдым чала-була. Шаша-буша оюнга кызыккан жаныбыз, кире беришке эле отуруп алыптырбыз. Анын артынан карта ойноп кирдик. Оюндун кызыгына батып, чырдап да кирдик. Буйрукка ойномой башталды. Карта ойногонду билбеген мамам утулуп калып, идиш жуумай болду. Ага уруксаат бербей озум жуудум. Ошо. Оюнду баштаган Алинур суротко да тартып жетишиптир. Озу баштап, бирок озу оюнга кошулбай калды😆. Бирок, позитивдуу абал тузуп берди. Я долго ждал этого момента деди. 🤔 Демек, балдар уй-булодо шан-кулку болушун каалайт. Келгиле, бир кундо 1 саат балага шандуу маанай тузуп бергенге аракет кылалы. Силер кандай оюндарды ойнойсунар? Болушкуло.