сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4584   32
25.07.2020
“Бир адамды куткарган, бүткүл адам баласын куткарганга барабар” 🔅 “Бир адамдан - бир китеп” элдик долбоорунун уюштуруучулары жалпы журттун башына түшкөн кыйын кырдаалдан чыгууга салым кошуу максатында «Элибиздин саламаттыгы үчүн» акциясын баштап жатабыз. Сизди дагы салым кошууга чакырабыз!!! #БиргеЖеңебиз 🔅 Чогулган акча каражаты кайда жумшалат: 🔹COVID-19 илдетинен жабыркагандарга керектүү дары-дармектерди алууга; 🔹Дарыгерлерге коргоо каражаттарын, зарыл жабдыктарын алып берүүгө; 🔹Абалга байланыштуу кыйналып жаткан муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө; 🔹Зарылчылыкка жараша шаар, регион, айылдарга тиешелүү жардамдар бөлүнүп берилет. 🔅 Долбоорго чогулган акча каражаттар боюнча ачык-айкын фото-видео отчёту Фейсбук, Инстаграм баракчабызга байма-бай жарыяланып турат. Сыркоонун сыноосун бирге жеңебиз! Ден-соолукта болуңуз!!! #БиргеЖеңебиз✊🏼
Загрузка...
5234  
07.10.2019
КЕМЧИЛИК МЕНЕН БЕТ КЕЛҮҮ.. Адам баласы өзүн актоого ыӊгайлашкан. Өзү үчүн өзүн эмес, башкаларды күнөөлөгөнгө өтө маш. Бирок өнүгүүгө багыт алып, ийгиликти жараткан ар бир күчтүү инсан өзүнө сын көз менен карай алгандыгы үчүн башкаларга салыштырмалуу дагы ийгиликтүү. Өзүӊ менен бет кел. Кемчиликтериӊди моюнда. Кадимкидей өзүӊдү жемелеп, “бул менин катам” деп өзүӊдү өзүӊ уяткар. Бул өтө оор, бирок аткара алсаӊ келечекке такыр башка адамды калыптандыра баштайсыӊ. Оӊолууӊ дагы күч алат. Чөйрөдө сый- урматка ээ боло баштайсыӊ. Баардык жоопкерчиликти өзүнө алган адам, башкаларды күнөөлөбөйт, даттанбайт. Өзүнүн үстүнөн иштейт. Өз каталарынын үстүнөн иштөө МЫКТЫлардын гана колунан келет. “Жаӊылуунун эӊ чоӊу, өз катаӊды билип туруп аны оӊдоо үчүн аракет кылбагандыгыӊ”, деген Конфуцийдин сөзүндө айтылгандай өзүӊдү колго ал. Сени өзгөртө турган бир гана адам бар, ал сенсиӊ!!! Көп жылдар адамдардын психологиялык кагылышында калдым. Сыртымдан унчукпаганым менен ички дүйнөм адамдардын сөздөрүнөн таш бараӊга алынган адамдын абалына келди. Бирок... Жашоодогу болгон нерсенин баарын туура кабыл алып.... Өзгөрүүнү чечтим... Өзгөрдүм. Сиз да өзгөргүңүз келсе- интернет аркылуу вотс аптан онлайн курсуна окуңуз. Аябай пайдалуу болот. 0558551558 вотс апка жазыңыз. 1 айга 2000 сом @oratorskoe_masterstvo_nur