сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5742  
01.12.2019
Аялдын түрү болот. Үйдүн аялы бар. Үйгө кут төшөйт. Аны менен жылуулук кирет. Ырыскы төгүлөт. Үйүңө келсең, таза, тыкан, тамактын даамдуу жыты турат. Балдарды бапыратып төрөп, тууган - урук мн катташат. Ал чыныгы аял. Бакыт тартуулай турчу аял. Сырттагы аял бар. Үй мн байланбай турчу аял ал. Даамдуу тамак жегенди жактырат. Жасап эмес жасатып жеген жагат. Ишин сенден да катуу сүйөт. Иш дегенде ичкен ашын таштай чуркайт. Ак кол, ак чүч болот андайлар. Өзүн сүйүүсү мүмкүн, өзгөгө жетпей калат ал сүйүү. Өзүнүн тынчтыгы, эркиндиги, жыргалы алдыда турат. Эгерде сиз экинчи түрүнө кире турган болсоңуз, сураныч, бир эркектин бактысын байлабаңыз! Кыйратпаган соң, тийип не кажет? Биринчи түргө кире турган болсоңуз, андайлар жолдо калбашы керек! Сөзсүз турмуш куруп, бактылуу болуңуз, бапырата төрөңүз! Турмуш кураарда эркек да, аял дагы мен бирөөнү түбөлүккө бактылуу кылганга кудуретим жетеби деп миң ойлонуп , бир кесиңиз! Өзүңүздүн бактыңызды эмес өзгөнүн бактысын бузган жаман. #жөнэлеойлор
464  
07.12.2019
Мурун почтальон каттарды,гезиттерди таратат эле го,азыр эми ал кесип жок.Башка мамлекетке чалуу учун атайын телекомго барып,кезек кутуп суйлошуп келишчу.Азыр эми вотсаппка келген СМСти окугандан зеригебиз 😀 Ким билет,азыр телеком иштеп жатабы? 😊Бир жылдары KODAK деп сурот чыгарган магазиндер толуп кетти эле.Корсо,ошол кезде жуз миндеген адамдарды ошол дукондор иш менен камсыз кылчу экен.Кийин социалдык тармактар онугуп,электрондук суротторду сактап калдык,баягы КОDAK дукондор эми керексиз болуп калды жана ал жакта иштеген адамдар башка иште иштеп журушсо керек ...Мурун жарнамалар (реклама) созсуз турдо тв,радиолордон кымбат кетсе,азыр башты оорутпай эле интсаграмдан блогерлерге бартер менен же акча менен эле реклама кетирип ынгайлуу болуп калды.Алдыда дагы коп кесиптер жок болуп кетет экен. Жасалма интеллект(Искусственный интеллект ) журналисттен айырмасы жок материал жазып даярдап койсо,кассада дагы кассирлердин ордуна иштеп,котормочулар,диспетчерлер ишсиз калышса,музыканы дагы адам жазбай калат имиш.Уйдон чыкпай эле вертуалдуу турдо кийимди кийип коруп (примерять) эле сатып алат экенбиз 😀Тушубузго кирбеген башка кесиптер пайда болуп баштайт экен.Адамдардын конулун ачуучу (развлечение) же окутуу,уйротуучу кесиптер ар дайым актуалдуу болот берет экен.Кыскасы, балдарыбызга келечекте кесип тандоодо кылдат мамиле кылат окшойбуз...Антпесек,балдарыбыз омуру откончо улам кесип алмаштырып,улам жаны кесипти оздоштуруп иштейм деп кыйналып калышчуудай. Образ : @peritoms_boutique ❤️❤️❤️
Загрузка...