сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1192   90
16.01.2020
Мен, эмне үчүн Адахан Мадумаровду колдоймун! “Сиз эмне үчүн Мадумаровду колдойсуз?” деген суроону көп угам. Мына ошого жооп берип коюуну эп көрдүм. Биринчиден, Адахан Мадумаров коррупциядан алыс, мамлекеттин, элдин байлыгына кол салбаган таза саясатчы. Мындайлар биздин заманда өтө сейрек болуп калды. Бул жагынан ал өзүнүн устаты Абсамат Масалиевдин жолунан кылча тайбады. Экинчиден, (бул өзгөчө маанилүү) биздин саясий көз караштар жана максаттар көп жерден дал келет. Биз сот бийлигин президент жана анын аппаратынын көзөмөлүнөн чыгарып, чыныгы көз карандылыкка жеткирүүнү көздөйбүз. Бул үчүн Конституциянын 95 беренесин өзгөртүү керек деп эсептейбиз. Ал беренеде “Соттордун кынтыксыз жүрүш-турушу”, “Дисциплинардык комиссия”, “Соттор кеңеши” жөнүндөгү жоболор бар. Мына ошол жоболор аркылуу президент жана анын аппараты сотторду каалагандай башкарып, каалагандай чечимдерди чыгартып олтурат. Бул саясий коррупцияга, сот адилеттүүлүгүнүн бузулушуна алып келген жагдай. Бул өзгөртүлмөйүн сот реформасы деген болбойт. Биз аткаруу бийлигинин башында президент туруп, өкмөт башчы кызматы жоюлуш керек деп эсептейбиз. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардан калк өзү шайлап алыш керек деп эсептейбиз. Талапкерлерди көрсөтүүгө жеке инсан да, партия да укуктуу болууга тийиш. Элге таянган күчтүү Жогору Кеңеш жана президенттен көз карандысыз сот президент башында турган күчтүү аткаруу бийлигин теңдей алат. Буга АКШнын бийлик системасы күбө. Мына ушул үч реформанын максаты өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө багытталат! Анткени экономиканы өстүрүү менен гана жумушсуздук, чек ара, коопсуздук, жол, мектеп, саламаттык сактоо, пенсия, айлык жана башка толгон-токой социалдык-маданий жана башка маселелерди чече алабыз. Элдин жыргалчылыгын көтөрө алабыз! Aidanbek Akmatov
13326  
24.01.2020 Государственная Дума
Самара Каримовага Россиянын Мамлекеттик думасында сыйлык тапшырылды Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Сыйлыкты кечээ, 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды. Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында дагы чоң программадагы концерт тартуулаган. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган. Ал эми Ташкентте өткөн коцертте ырчы айым 7 тилде чыгармаларды аткарган. Сыйлык алган ырчы айым менен аймактык кабарчы маектешти. - Саламатсызбы, сыйлыгыңыз кут болсун! Сыйлык тууралуу айта кетсеңиз. - Саламатсыздарбы! Буга чейин мен Орусиянын борбору болгон Москва шаарындагы Кремль сарайында концерт бергем. Ошол концертке Россиянын Мамлекеттик думасынын эки депутаты күбө болгон. Алар менин чыгармачылыгыма абдан чоң баа берип кетишкен. Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык. - Сыйлык тапшыруу аземи кайсы жерде өттү? - Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын имаратына жөн адамдар чакырыла бербейт болушу керек ... - Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу — бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык. - Мамлекеттик думаны имараты бир топ тарыхый окуяларга бай. Жыйындар залында сыйлык алуу учурунда кандай сезимдер болду? Уландысы 👇👇👇 коментарийде