5113
28.01.2020
Жаш кезиңде курч, максималист болосуң. Баары сеники болсун дейсиң! Кучагыңа дүйнө батып турса да тойбойсуң! Алдыңда бүтүндөй өмүр гүл сунуп тургандай! Коркунуч жок. Чегинүү жок. Теминүү бар. Чуркоо бар! Кечигүү жок. Кемчилик жок. Жашоо сеники. Кайнап турган кан турат! Энергияң ары берип чуркатып, алып - согуп, акыл менен кеңешүү четте калып, сезим мн иш кылуу бар. Жашың өткөндө гана максимализм нормага анан кийин барып отуруп минимализм ге түшөт. Сезим мн иш кыла берип, далай күйөсүң, кайнап аткан турмуштун майына түшүп, кызаргыча кууруласың. Акыл кирет жашооңо. Баарын колго алат да, аңдарды аттап өткөндү үйрөтөт. #жөнэлеойлор