7830 44
25.05.2020
Бүгүн 25-май. Мына бул вирус апааты болбогондо ушул күнү бардык мектептерде БҮТҮРҮҮ АЗЕМДЕРИ өтмөк. Алыс-жакындан адамдар 20 ЖЫЛДЫККА убап-чубап келишмек. Айтор, бүгүн бүт мектептер кызуу майрамдын ордосуна айланмак. Бирок, азыркы абал башка. Мен далай жолу барып, окуучулар менен сукпатташкан Сүлүктү шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап коюуну сунуштады эле сүйүнүп кабыл алдым. Сүлүктү жаштары себеп болуп, бүткүл КЫРГЫЗСТАНдагы мектепти аяктап жаткан жаштарыбызга ак дилден каалоо айткым келди. Демейде, мектеп астанасынын үстүндө бадырая жазылып турчу каалоо-тилекти фейсбук баракчам аркылуу болсо да жолдоп коёюн: "АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!" 25-май, 2020