сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
689  
14.11.2019
"Бир домбра" Бал тамган сөздөрүнө көңүл тоюп, Барынча бара жаткан өмүр болуп. Керемет домбраны күмбүрлөтүп, Келген эле Майра кыз келин болуп. Келиндин колундагы бул домбра, Элимдин оюндагы сый домбра, Көңүлгө  көңүлдү кошоор эле, Көп комуз ичиндеги бир домбра! Бир түшүп Канаттын кемесине, Нур түшүп Манастын элесине. Андагы домбраны чалган келин, Айланып көп кыргыздын энесине. Турмуштун ыргагына башын коюп, Кыргыздын муң зарына макул болуп. Ак батадан ак ботодой уул табышып, Ак жолтой уул болсун деп атын коюп. Акындарга аралаш бото жүрдү, Акындарга санаалаш кошо жүрдү, Сөзү калып өзү кайда шашты дешип Көп акындар эскерет ошо күндү. Ал домбра кеп таштап шартылдачы, Ар кебине коргошун балкылдачы. Ысык Көл домбранын дабышынан, Ыр угуп азыраак шарпылдачы. Ак ботосун апабыз эркемсиң деп, Аябай эркелетти кел келсиң деп. Домбранын чебери кош айтышты! Дооруңда домбрамды чертээрсиң деп. Ажал келсе айласыз каласың да, Ак жолтой кусалыктын арасында. Атасынын көзү бар карашында, Апасынын сөзү бар баласында. Токтобой көл дабышын сала берди, Тоолорго толкундарын чаба берди. Кунарсыз Ак жолтой ыйлап ыйлап, Кучактап домбрасын  кала берди. Домбра кайрадан безеленди, Акырын тай тайлап өсө берди. Апасынын ыры бар таңдайында, Ак жолтой акындарга жете келди. Домбраны эч кимге алмаштырбай Достордун кир колун карматтырбай, Апамдын колунун жыты бар деп! Аздектеп аярлады чаң бастырбай. Өмүрдүн бүрү гүлүн ачкан кезде, Өзүнө ылайык жар тапкан кезде. Баш кошуп бат коштошуп кете берди, Бактылуу өмүр сүрүп жаткан кезде. Ошентип Ак жолтойго ажал тийди, Оо арман адам түгүл ажал сүйдү! Күлгүндөй кош жылдыздар кош айтышты, Ким билет көз тийди же назар тийди. Акындар! Ыр кылышат бул заманды Акындар! гүл кылышат бир кадамды. Айтыш сайын издемей болдук эми, Домбра көтөргөн бир балаңды! Айтыш сайын эстемей болдук эми, Домбралуу калпакчан бир караанды!😥😥😥 @Акбаркубанычбеков @turatzhumaev_ @jamaika_tokonova_official @sadyrbekturdubekuulu @chyngyzkhan_kozhosh @kadyrbekbeishenov @maldybaevnursultan @mambet_akyn
4262  
16.11.2019
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лу мырза менен К.Баялинов атындагы китепканада "Maker space" борборун ачтык. Бул жерде балдар, өспүрүмдөр китеп эле окубастан робот жасаса, комикс тартса, ойлоп табуу иштерин жүргүзсө, кол өнөрчүлүк кылса, жаңы технологиялык идеяларды талкууласа, акыл баарлашууларын өткөрсө, өзүндөй жөндөмдүү пикирлештерди тапса болот. Окурман эми китепканада керектөөчү эле эмес жемиш берүүчү бак сыяктуу. Китепкана, көп профилдүү акыл, өнөр, билим, чыгармачылык жана достук борборуна айлануусу керек. Ушул концепция боюнча бүт Кыргызстанда иш жылганы турат. Сунуштар болсо бөлүшөлү. Демөөрчүлөр чыкса айылдарда да ушундай шарттары менен оргиналдуу дизайндагы китепканаларды куруп баштайлы. Кайсыл айыл биринчи бул демилгени ишке ашырат болду экен, көрөлү... Качанга чейин мындай иштерге четтен демөөрчү издейбиз... Баса, элчи мырзанын ийкемдүүлүгүнө ыраазы болдук. #maker_space #посол_США