сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
371  
05.02.2020
Катталуучуларымдын саны 50К болгондо озум тууралуу бир нече факт жазып, алардын учоо туура эмес экенин белгилеп, ким биринчи тапса ошого белек дедим эле. Копчулуктун жообу боюнча «таэквондо менен машыккан эмессиз»- машыкканда да кандай машыккам😄 Учурунда бул спорттун туру мода болуп классыбыздын кыздары, баарыбыз озунчо эле таэквонистка болуп калганбыз😅 Баса азыркыга чейин бутум жакшы чоюлат если че😅 “Парашюттан секирген эмессиз»- Негизи экстремалды жактырам, Колго барганда бир нече жолу парашюттан секиргем, очуруп эле салбасам, лентадан видео, суротторду тапсаныз болот. «Физика сабагынан олимпиадага барган эмессиз»- Ооба, мен да тан калам кантип бул сабактан олимпиадага барганыма😄 Учурунда физика аябай жакчу, азыр эч нерсе тушунбойм, эрежелерин, формулаларды унутуп калдым💁‍♀️ «Карагат терип жоголгон эмессиз»- Бул тууралуу кийин озунчо пост жазам, чындыгында жайлоодон жоголуп кетип аран табылгам🙈🙈🙈 Эми туура жооптор: 🔴 «сут ичем» 🔴 «кызыл аттестат менен бутсом дагы кызыл дипломго жетпей калгам» 🔴 «азыркы учурда 10дон ашык окуучуларым медиа тармагында эмгектенишет» а негизи 30дан ашык деп жазгам😊 Тилекке каршы бир да туура жооп болгон жок, ошондуктан 200 бирдикти башка оюнга калтырайын♥️
2260  
05.02.2020 Рай на земле
Жашасын дотация! Дотациядан тарт колуңду депутат! ****** Искендер Исмаилович! Суранам, балээнин баарын баштабаңызчы! Азыр сизди туурап, шайлоо алдында упай топтойм деп башкалар дагы баштайт биздин айылга өкмөттөн дотация кереги жок ыйолкиники деп, анан балее блуп, көп адамдын жашоосунда трагедия болот. Эмне балээ болот? Азыр түшүндүрүп кетейин. ****** Бул дотация деген байкуш толтура адамды жыргатат! Минфинден акча айыл өкмөтүнө өз убагында, бюрократиясы жок, тиги-бу, кыйтың-пыйтыңы жок которулуш үчүн Минфиндеги бир-эки кишиге бирдеке бериш керек. 1) Алардын үй-бүлөсү отурат ошол дотацияда. 2) Антип- минтип айыл өкмөтүнүн эсебине жетип түшкүчөктү ушундай үй-бүлөнүн эки-үчөө жыргашат ооо дотация деп. 3) Анан айыл өкмөттө отургандар ал акчаны өз максатына жеткириш үчүн өз дотацияларын тендер-пендер деп жатып алышат. Бул дотациялардын көбү салт боюнча эркектер бөлүштүрөт эмеспи, анан алар нерв коротушат, укук коргоо органдары аңдып турат, риск деген бар! 4) Анан нервти жоюш үчүн ойноштор күндүр-түндүр иштешет. Ошентип дотациянын бир бөлүгү аларга кетет. Кээде ойноштор дагы жетишпей калат, нервтери катуу болуп кеткенде, айла жок саунага барыш керек болот, анча-мынча элитный сойкулардан жардам сурашат. Ал байкуштар боорукерлер, деле отказ кылышпайт, түнү бою иштеп чыгышат. 5) Алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. 6) Анан ал сойку, ойнош байкуштардын үй-бүлөсү, жигиттери деген болот, аларды багыш керек, кантсин байкуштар. Ошентип алар дагы дотациянын үзүрүн көрүшөт. Анан аягында укук коргоо органдары дегендер бар. Алар кармап калышса жакшы дечи, дотациянын басымдуу көпчүлүгү жакшы пайда кылып кетет. Бирок кармай албай калышса, ар-дайым эле ошентип кармай албай калышы үчүн дотация бөлүштүрүүчүлөр аларды дагы унутпай, бөлүшүп туруш керек. Антпесе кусур уруп кетет да. 7) Ошентип аларга дагы нуру тийет дотациянын. Анан аягы келип эсеп палатасы деген бар. Аларга дотациянын нуру тийип турбаса жиндери катуу катуу келип, терең терең казып ийиши мүмкүн. Ошондуктан дотациянын мээрими аларга дагы чачылып кетип турат. Бул 8-чи пункт. ****** Такшто Искендер Исмаилович, көп адамдын убалына калбаңызчы, тынч жашайлы.
Загрузка...
2614  
16.02.2020
Вам знакомо чувство, когда трудно дышать? А вы еще,при этом, совершенно ничего не видите.. Так живет моя дочь Дениза. За всю свою короткую жизнь, она перенесла 3 операции. Впереди ещё предстоит трудный путь к выздоровлению. Но невыносимой мукой становится, каждый день видеть мучения моей малышки. Дениза может дышать только с помощью специальной трубки (трахеостома) Его надо санировать (очищать) от слизи каждые 10-15 минут. Это очень сложно не только для дочки, но и для меня.. Ведь это приходится делать даже ночью. В Индии согласились провести операцию по пластике гортани. Нужно собрать 500тысяч сомов (7тыс $) Поэтому, обращаюсь к вам , уважаемые друзья, Кыргызстанцы, добрые люди, которым небезразлична судьба моей девочки. Ведь только с вашей помощью и по воле Всевышнего, у моей дочери появится шанс на счастливое детство и жизнь. Важен каждый ваш сомик, любое участие, даст нам огромную надежду!!! Репост, молитвы и Дуа тоже очень помогут нам. Прошу помогите!!! Реквизиты: KICB банк ₽ 1280016052218345 $ 1280016052217840 ¢ 1280016052217436 Элсом 0554704706 Айсулуу Калбаева Ватсап 0554704706 Сбербанк 2202 2001 4088 7769 получатель Оркунчиева Замира @suluu_sulushkina
5240   407
24.02.2020
Бизге бөлүнүп - жарынган аябай жагат. Сөзсүз бөлүнүп алып, бири бирибизге акаарат келтирип, эки - экиден согушуп турбасак, чай ичпегендей башыбыз ооруйт. Тээ ата - бабалар уруу - уруу, бай - кедей, коммунист, социал, кызылдар - актар....дагы түрдүү - түрдүү бөлүнүшчү. Түндүк - түштүк эски тема. Дин темасы да эскирип баратат. Болбосо, "Мен мусулман, сен теңирчи" темасынын да жакшы эле үнү чыкты. Азыр шайлоого карата партияларга бөлүнүү модасы жакындап келе жатат. Күзүндө хайп болот. Бир саясатчы үчүн анын атын коруш үчүн бири бирибизге жугунду куябыз, каргайбыз, уу тилибизди агызабыз. "Сыдыман элди бөлдү!" деп чалкаңардан кетип, көзүңөр аңтарылып, "шоковое состояние " болуп атканыбызга өлө таң калып атам. Биз күндө эле бөлүнүп, бири бирибизди ашатып эле жүрбөйбүзбү дейм да. Балким бул тема көкүрөктө жарыла албай турган жара болгон үчүн анын сөзү козготуп жибергендир? Ынтымактуу, биримдиктүү эл болгонубузда маани деле берилмек эместир. Чачырап, бири бирибизге душман болуп жүргөндө Манас ата жыйып, бир түндүктүн алдына башыбызды бириктирбеди беле?! Биз сырттан душман келгенде гана биригип, душман жокто " скучно" болуп кеткенде өз ара бөлүнгөндү жактырат окшобойбузбу?! Кандагыны тазалоо, гендегини кетирүү мүмкүн болду бекен? Ойлонуп көрсөм, ар ким өзүн тыйып, өзүн оңдоп, өзүн тарбияласа эле болот деген тыянак келип чыгып жатат. Башканы тыйып, башканы сөз кылып, башканы соттоонун кажети канча анда?? Башкага келгенде эле акылдуубуз. Мээбиз өлө иштеп кетет. Прокурорбуз. Өлүм жазасына тартып жиберебиз. Өзүбүзгө келгенде сүттөн аппак, кашка суудан тазабыз. Адвокатпыз. Сыдыманды эмне кылабыз? Оболу өзүбүздүн оозубузду, арам оюбузду тыйып алалы. #жөнэлеойлор