сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
582   35
22.03.2020
Азыр үйдө отуруу – биздин өлкөгө келтире турган эң чоң жардамыбыз болуп турат. Ооба, иштеп, басып-туруп ж.б көнгөнбүз. Кыйын. Зеригебиз. Мен Сиздерге отуруп, отуруудан да пайда табуу кеңешимди сунуштайм... ____________________________________________ Отуруунун он пайдасы: 1. Отуруп – ооруну жеңебиз! Зарыл же чукул ишиңиз болбосо өзүңүз менен кошо өзгөнү да коркунучка кептебей үйдө отуруңуз. ___________________________________________ 2. Отуруп – ойлонуңуз! “Мен киммин, кандай адаммын?” деген суроонун алкагында да ойлонуп койгон жакшы жыйынтык берет. Анткени өзүбүздү алдабайбыз. ___________________________________________ 3. Отуруп – окуңуз. Окуу мээни өстүрөт, иштетет. Китепти окуп жатып ошол дүйнөгө кеткенге аракет кылып, зеригүүнү жеңип чыгыңыз. __________________________________________ 4. Отуруп – оозуңузду көнүктүрүңүз! Ооз, же эриндердин иштешин да калыптандырып туруу керек. Жагымсыз жыт да пайда болбойт. ___________________________________________ 5. Отуруп – ойноңуз! Ооба, жалгыз болсоңуз кроссворд өңдүү баш катырмалар менен алаксыңыз. Бала-чакалуу болсоңуз балдарыңыз менен ойноңуз, аларды “тааныңыз”! ___________________________________________ 6. Отуруп – оңолуңуз! Ою оңолгондун өзү оңолот. Негатив маалыматтардан алыс болуп, аларды таратпаңыз. Өзгөчө оору күндөрү. ___________________________________________ 7. Отуруп – “ооруңуз”! Адамзат маселесинин алкагында “ооруңуз”. Жаратылыш менен “ооруңуз”. Жакшы адат менен “ооруңуз”. Бирөөгө жардам берүү адаты менен “ооруңуз”! ___________________________________________ 8 Отуруп – окшошуңуз! Жакшы адамдарга, боорукер адамдарга окшош болууга далалат кылыңыз! Аларга окшошуу менен өзүбүзгө да окшошконду кыялданган чөйрөнү таба алабыз. ___________________________________________ 9. Отуруп – ордуңузду табыңыз! Үйдө отуруп калгандан кийин ошол үйдө ордуңуз канчалык экенинен кабар аласыз. Ордуңузду бийиктетүү аракетинде болуңуз. __________________________________________ 10. Отуруп – оң колдун ачуусун сол кол менен басалы! Отура берип бирине жагасыз, башкасынын кыжырын келтиребиз. Айрым адамдар өтө эле майдачыл болуп, асыла берет. Мындайда ачууну жеңе билели! ООРУБАҢЫЗ!!! 🙏🙏🙏🤲🤲🤲☺️
6368   158
29.03.2020
КАНТТИ ЭКЕН? Мындан көп кылым мурда жашап өткөн Асан кайгы деген атактуу акын, ойчул, даанышман бабабыздын атына бекер жерден “кайгы” деген сөз кошулуп айтылбаптыр. Анткени, ал азиз адамзаты мындай турсун кулан, коён, чымчык, бөкөн, кийик, каз-өрдөк, таш бака, ал тургай пайдасынан зыяны көп чаян, чымын, жылан, доңуз сыяктуу айбанаттардын да көргөн күнүн, туш болгон кыйынчылыгын ойлоп, жай алып жата албай кайгыга батчу тура. Жайдын күнү катуу мөндүр жаап, капилет ызгаар суук түшүп, суулар тоңуп, жерди муз каптаганда: Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Баш калкалар үйү жок, Пааналаган жери жок, Курт-кумурска кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар, Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен? – деп жан бүткөндүн баары үчүн кыжалатчылыкка түшүптүр, кайран киши. Биз бул башкача мээримдүү, камкор, жүрөгү назик бабабызчалык сойлогон, жорткон, учкандын баарын ойлобосок да, азыркы өзгөчө кырдаалда биз үчүн алтын башын, асыл жанын тобокелге салып, кажыр-кайрат менен тынбастан иштеп жаткандарды аяп, артынан жакшы дубаларды кылалык. Карантин себеп болуп бардыгыбыз үйлөрүбүздө, жакындарыбыздын маңдай-кашында бейкапар отурганыбызда, байкуш дарыгерлер, милициялар, өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери, аскерлер ж.б. калкты кара тумандай каптаган эпидемия коркунучун колкодон алып, күн-түн дебей эл аралап эмгек үстүндө. Коомдук транспорт токтогондуктан, алар жумушуна кантип барып-келип жатат болду экен? Кафе-ресторандар, ашканалар жабык. Анда, курсактары ачканда кайда шам-шум этишүүдө? Жаз жарымына жакындаса да суук сурданып кетпей турат. Үшүгөндө эмне кылып жылынып жатышат? *** Кир десе үйгө кирбеген, Кир дегенди тилдеген. Карантиндин тартибин, Кулак көзгө илбеген. Керек болсо көчөдө, Беткап, колкап кийбеген. Эрке элди жөнгө салам деп, Милиция байкуш кантти экен? Вирустан баары качканда, Бекинип үйдө жатканда. Белин бууп, жеңин түрүнүп, Бел болуп бейтаптарга. Вирус менен кармашкан, Коркунуч менен арбашкан. Атасы качкан жолобой, Оорулууну жандашкан. Дарттууларга кам көрүп, Дары, жайын камдашкан, Дарыгерлер кантти экен? ⬇⬇⬇