3660
24.11.2019
Crowne Plaza Moscow - Tretyakovskaya
Москвадан такси чакырсам ушул жигит келе калды. - "О! Болду болбоду ушул жигит точно контрабандист болуш керек, сүрөткө түшүп кыргыз бажысына тааныштырайын десем.
- "Нихуахуа себе, тапкан экенсиң контрабандисти, мен контрабандист эмес, Таластагы Кара-Бууралык таксистмин" дейт!
*****
Кара-Бууралык Кубанычбек инимден Кыргызстанга ысык салам!
****
Рахмат, иним! Сен кыйналып алыста күндүр, түндүр үй бүлөмдү багайын деп эмгектенип, Кыргызстаныма татыктуу жигит болоюн деп ар бир тыйыныңды үнөмдөп, бир кичинекей батирди 10 киши менен бөлүшүп жүргөнүңө карабай "Байке, акча төлөбөй эле коюңуз, сизге жолукканыма кубанычтамын" деген сөзүң жүрөгүмдү дүркүрөттү! Аман бол иним, ийгилик, денсоолук каалайм!