сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3681   46
29.05.2020
ТАЗА ЖҮРӨК Мектепте мугалимдин, иш канада башчыбыздын, армияда жетекчинин, үйдө ата-эненин айтканын заматта кылып, алардын алкышын алгыбыз келет да, эмне үчүн баарыбызды жараткан Аллахтын айтканын аткарып, Анын да алкышын алгыбыз келбейт? "Сен эмне буйрук берсең бер, менин андан да маанилүү иштерим бар!" дегенсип, намаз кылбастан жүрөбүз! НАМАЗ ыйман келтиргенден кийинки эң маанилүү ибадат. Баарына жооп беребиз. Керек болсо телефонуна жооп бербеген адам жок. Ким чалды экен? - деп, тааныбаган номурга да жооп кайтарабыз. Аллахтын чакыруусуна жооп бербеген жалкоо жаныбыз Жаннатка кантип кирет? Аллахка шүгүр - Аллахтын айтканын аткаруу менен билдирилет. "Намаз окубасам да, орозо тутпасам да ЖҮРӨГҮМ ТАЗА менин" - дегендер уккула: -жүрөгү таза адамдар Жараткандын буйругун аткарат!!! Ислам дини ушунчалык укмуш, оңой, маанилүү, пайдалуу, керектүү, жеңил экендигин билсек кана... Аны үйрөнбөй туруп, дин менен жашоо кыйын экен - деп татаал көрүп алдык... Китеп текчеңизде Алланы, акыретти, динди, исламды, шариятты, Куранды, Пайгамбарды, сахабаларды тааныткан жана үйрөткөн китептер да турсун... ТАЗА ЖҮРӨК - ЖАРАТКАНДЫН БУЙРУГУН АТКАРАТ! Алланын айтканын аткарбай туруп, "жүрөгүм таза" - деп айтууга шашпай туралы. Кантип байыгандын сырын үйрөткөн китептерди талашып жаткандар, кантип татыктуу жашоонун сырын үйрөткөн Курандын да маанисин үйрөнгөнгө шашалы... Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин! ИДРИС АЙИТБАЕВ
3373   35
10.06.2020
ЧЕКПЕГИЛЕ! Эгерде СИГАРЕТАНЫ "АДАЛ" деп эсептесениз, эмне учун чегээрден мурда "БИСМИЛЛАХ"ты ал эми бүткөндөн соң "АЛХАМДУЛИЛЛАХ"ты айтпайсыз? Эгерде аны ЫРЫСКЫ деп карай турган болсоңуз, эмне үчүн таманыңыз менен тебелеп өчүрөсүз? Эгерде аны ЖӨНӨКӨЙ КӨНҮМҮШ десеңиз, эмне үчүн ата-энеңиз менен отуруп чекпейсиз? Эгерде аны ЫРАХАТ (КАЙФ) десеңиз, эмне үчүн балдарыныз менен бөлүшпөйсүз жана аларга да эмнеге үйрөтпөйсүз? *** Тамеки тартуу бул: 20 жашта жөн эле кызыгуу; 30 жашта көнүмүш адат; 40 жашта атеросклероз; 50 жашта дененин чириши; 60 жашта анык өлүм ; Акыретте оор эсып-кысап. Никотин - өлүм себепчиси болуп эсептелинет. Аллах баарын билүүчү ЗАТ. Сураныч, ЧЕКПЕГИЛЕ достор! *** Дененин айыбын бир метр материал тосот. Бирок пикирдин айыбын эч кандай материал тосо албайт... *** Жакшы сөз сулуу кушка окшойт Тилиңден чыкса башканын Көңүлүндө сайраган Өзгөнү барып кубантып Өзүңө келет кайрадан... Идрис акын
Загрузка...