сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
2806  
29.11.2019
Мен баа берем, таазим кылам кимге? Баласын көтөрүп келип окуган энелерге!!! Биз качан оңолобуз? Шылтоо айтпай калганда! Энелер дилбаян жазгыча мен балдарын карап турам кээде. NUR академиясы- алып баруучулукка гана окутат дегендер жаңылышат... NUR! ЖАШООГО окутат, сынбаганга, ойду эркин айтканга, максат койгонго, ишенимдүү болууга, мекенчилдикке, үй-бүлө баалуулуктарына, өзүңдү баалоого, өзгөнү сыйлоого, чет тилдерди билүүгө....жана башка... Азыр эртең мененки чоң эже- байкелердин группасы окуусун аяктап калды. 1- декабрь күнү Ораторлук чеберчилик группасына каалоочуларды күтөбүз. Сабактар күндүзгү группа үчүн жумасына 3 жолу 1.5 сааттан. Кааласа интернет аркылуу вотс аптан окуса да болот. 0558 551 558 вотс ап. ______ Келип окуу учун 0709868000 чалыныздар. Декабрь айына ар бир келип окуган каалоочуга жаны жылдык белек- 30% арзандатуу! 👏👏👏🙏👏🙏👏❤️👏
5876  
07.12.2019
Сөздүн астына маани катып сүйлөйт аял. Бирок аны эркек түшүнбөйт. Анткени ой жүгүртүүбүз ар башка. Аларга түптүз текст мн айтыш керек. Компьютер сындуу. Кандай программа киргизсең, ошону гана аткарат. Аялда андай нерсе жок. Бүгүн ойду каалайт. Эртең тоону. Мүнөт сайын сезимдери, эмоциялары өзгөрүп турат. Бири бирибиздин мүнөзүбүздү билип, ошондой бойдон кабыл алсак эле баары жакшы болгону турат. Ар бир адамдын ичинде башка жыныс жашайт. Инь - янь болот. Аялдардын айрымдарынын ичинде эркеги чоң болушу мүмкүн. Ичибизде эркек жашабаса, курчтук, тайманбастык ж.б мүнөздөрүбүз болмок эмес. Эркектин ичинде аялдыгы жок болсо, аеоо, мээрим, сүйүү сезими ойгонмок эмес. Жырткыч болмок. Инь янь тең салмакта болгондо баары жакшы болот. менин тең салмагымда чатак бар окшойт ушу. Анткени ичимдеги эркектигим көбүрөөк. Эмнеге аялдар мн дос боло албайм суроосунда терең ойлондум. Көрсө, алардын өйдө - ылдый эмоциясына чыдаш кыйын экен. Кыздардын бүтпөгөн, өзүнө тиешелүү темасы башталганда кыйналып кетет экенмин. Ушакташуу, көйнөк - бечкек, мода, бет боектору, кайын журт, күйөө, бала багуу, тамак жасоо темаларынан өлө качам. Мага философилык темалар, тарых, таанып билүү, эзотерика, психология, эркек - аял мамилесин изилдөө ж.б.темалар кызыктуу. Ичинде аялы чоңураак эркектин аялга тиешелүү мүнөздөрү, аракеттери болот. Ошооо, мага бир нерсе айтсаңар, прямым текстом айтсаңар кубанам жана ар бир сөзүмдүн алдынан башка ой издебегиле. Түз эле айтам. #жөнэлеойлор