сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5007  
20.10.2019
ЖАЗЫЛГАН КУСАЛЫК Москвада айылдаш туугандарыма жолуктум. Аяш энем, аксакал агалар, ага-эжелерим, кошуналарым, классташтарым, досторум, ини-карындаштарым, жээн-таякелерим, ал тургай мен айылдан кеткен соң туулган улан-кыздар бир ресторанда топтолуп, дасторкон жайып жаркырап-жайнап тосуп алышты. Айрымдарын көрбөгөнүмө дээрлик чейрек кылым болуптур. Алардын жылмайыңкы жүздөрүнөн туулуп өскөн өрөөнүмдүн көркөм элесин, эргиткен эпкинин, жыпар желаргысын туюп, сезип, ушунчалык толкундана кубандым. Тууганды көрүү – тагдырыңа жана тамырыңа кылчаюу, үңүлүү белем, айтор алар аркылуу мезгил мерчеминин алкагынан аттап, тээ айылдагы бактылуу балалыгыма, таттуу күндөрүмө, сезимдериме саякаттап кайттым. Баарыбыз бир чөлкөмдө жашоо кечирген алыскы жылдары бир кезде башка улуу өлкөнүн борбор калаасында дидарлашабыз деп бирибиз да ойлобосок, боолгобосок керек. Тагдырдын сырдуулугу ушунда тура... Колдо бар алтындын баркы жок болуп, бир абадан кере дем алып, бир булактын суусун ичкен замандарда жакындарымдын мынчалык жакын экененин таптакыр түшүнбөптүрмүн. Жакындын жакындыгын билиш үчүн алыстарга кетүү керек окшойт, айтор, ал жерде кезиккен ар бир инсан өз боорумдай, өз карегимдей сезилди. Аманчылыкта кайрадан ырысташ, табакташ кылган Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун. Ырыскың кенен, өмүрүң узун, дениң сак болушу үчүн туугандыкты бекемде деген улуу накыл бар го. Ушундай жагымдуу жүздөшүүнү демилгелеген, уюштургандардын баарына чын ыкластан ыраазымын. Москвада мусапыр абалда аябай жүрөгүм жылыды. Ошол – силерге берген ак батам, аруу тилегим болсун. Бар болгула, боордошторум. Ыйманда жашап, ырыскы берекесин тапкыла... Жаратканым жар болуп, колдой берсин... #Москва #Боордоштор
Загрузка...
3773  
30.10.2019
Асем, Асю, Аська, Зёма, Асеш, Сюсю, Асемкыздан башка мени дагы шефуня деп эркелетишет😄 Баарынан шефуняга кулкум келет, анткени арасында "фу" деген мучосу бар😂👍 Аябай эле коп адамдар менен шефуня болуп иштештим. Озумду мактагым келбейт, мактагандан да алысмын. Иштешкендердин баарысы билет кандай адам экенимди. Кобу эски учурларды эстеп, сагынышат. Мен деле сагынам албетте😌 Чогулуп калганда, дастаркондун устундо, элдердин алдында созсуз баса белгилеп, улгу катары мактап кетишет. (Убагында жамандашчу эле😁) Эми шефтердин баарысы эле бир сыйра жамандалса керек ээ, шефтер барсынарбы? Учурунда жумушчулар менен мин аракет кылып чогу жумушуна конгучо жардам бересин, жумушчуларга шарт тузуп бересин, кээде дос болуп обед алып берип коесун, премия берип конулун ачып коесун, коп нерсеге козунду жумуп коесун, озунун созу менен шарт тузуп берип койгон чакта да жакпайсын. Ооба, жакпайсын. Мага окшогон шефтер барбы?🌝 Убагында жакпайсын, убакыт откондон кийин эскерилип жагасын😂 Эски заманда видеонаблюдение деген тушунук жок болчу эле, ал учурдагы шефтер жумушчуларынын конулун эмес, маанайын да сурап койбосо керек эле... #красота #здоровье #мир #удача #успех #счастьевомне
6577  
06.11.2019
КАРДЕШЛЕРГЕ ТААЗИМ же #КЫРГЫЗ ӨҢҮ Түркияга сапар алдым. Бурсадагы Улуу Даг (Uludag) университетине келдик. Университет деген эле аты болбосо жетимиш миңден ашуун студенти бар, шаардын окчун жайгашкан өзүнчө калаа экен. Биз Holiday Inn отелине жайгаштык. Университеттин башкы имаратынын кире беришиндеги жаркыраган фоеде кыргыздын эки жаркын жылдызынын – Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын фото көргөзмөсү уюштурулуптур. Айтылуу актер атабыздын келишимдүү келбети, баатыр кабак айбаты, ыманы ысык маңдайы чагылган сүрөттөрдү карап, аргасыз “Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй” деген саптарын эстеп, ичимден сыймыктандым. А Таттыбүбү эжекебиз тууралуу сөз жок. Анчалык татынакай аялзаты ар дайым эле жарала бербес... Болгону 37 гана жыл өмүр сүрүптүр. Эсибизде аккуудай койкоюп, ак кайыңдай суйсайып жапжаш, супсулуу бойдон кала берди. Анын картайганда кандай болорун эч ким элестете да албайт. Көргөзмөнү Улудаг университетинин ректору, профессор Ахмет Саим Кылавуз экөөбүз ачтык. Соң эки залкарды эскерүү кечеси башталды. Кыргыз гимни жаңырганда маңдайдагы чоң экрандагы кыргыз туусунун сүрөтүнүн үстүнөн караоке сыяктуу түрк тамгалары менен ыр саптары жазылып чыгып турду, ошондуктан түрктөр да кошо ырдашты. Кожогелди акын эки талант жөнүндө мыкты маалымат даядаган экен, айтып берди. Кожекемдин алтымыштын астанасында туруп кечээ эле таптакыр билбеген түрк тилинде бүгүн түш жоруп калганына таң берип, ыраазы болдум. Жапжаш кезинде эле “убакыт өтүп кетти” деп, билимин байытууга, жаңыны өздөштүрүүгө карата көрөңгөсүн катырып, тоңдуруп, керекке жаратпай калгандар үчүн бул да өсүп-өнүгүү өмүр өткүчө токтобой турганын көрсөткөн өрнөктүү мисалдыр... Мага сөз берилгенде, каармандардын арбактарын сыйлап, атын атап, кутун сүйүнтүп, ошол аркылуу кыргыз элине карата сыйын, урматын жана сүйүүсүн туюнтканы үчүн түрк бир боорлорго чын дилден ракмат айттым. Сүймөнкул атабыз 54үндө, Таттыбүбү эжебиз 37синде жаш каза болгонун эстеп, “Түрктөрдө көз тийет деген түшүнүк барбы?” – десем ооба дешти. “Экөөнө тең көз тийген болуш керек. Көз деген төөнү казанга, адамды мазарга салат тура” – деп уладым сөзүмдү. О, Жаратканым, эли-жерибиздимыкты адамдарыбызды суук көздөрдөн асыра...