ЖАЗЫЛГАН КУСАЛЫК
Москвада айылдаш туугандарыма жолуктум. Аяш энем, аксакал агалар, ага-эжелерим, кошуналарым, классташтарым, досторум, ини-карындаштарым, жээн-таякелерим, ал тургай мен айылдан кеткен соң туулган улан-кыздар бир ресторанда топтолуп, дасторкон жайып жаркырап-жайнап тосуп алышты. Айрымдарын көрбөгөнүмө дээрлик чейрек кылым болуптур. Алардын жылмайыңкы жүздөрүнөн туулуп өскөн өрөөнүмдүн көркөм элесин, эргиткен эпкинин, жыпар желаргысын туюп, сезип, ушунчалык толкундана кубандым. Тууганды көрүү – тагдырыңа жана тамырыңа кылчаюу, үңүлүү белем, айтор алар аркылуу мезгил мерчеминин алкагынан аттап, тээ айылдагы бактылуу балалыгыма, таттуу күндөрүмө, сезимдериме саякаттап кайттым. Баарыбыз бир чөлкөмдө жашоо кечирген алыскы жылдары бир кезде башка улуу өлкөнүн борбор калаасында дидарлашабыз деп бирибиз да ойлобосок, боолгобосок керек. Тагдырдын сырдуулугу ушунда тура... Колдо бар алтындын баркы жок болуп, бир абадан кере дем алып, бир булактын суусун ичкен замандарда жакындарымдын мынчалык жакын экененин таптакыр түшүнбөптүрмүн. Жакындын жакындыгын билиш үчүн алыстарга кетүү керек окшойт, айтор, ал жерде кезиккен ар бир инсан өз боорумдай, өз карегимдей сезилди. Аманчылыкта кайрадан ырысташ, табакташ кылган Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун. Ырыскың кенен, өмүрүң узун, дениң сак болушу үчүн туугандыкты бекемде деген улуу накыл бар го. Ушундай жагымдуу жүздөшүүнү демилгелеген, уюштургандардын баарына чын ыкластан ыраазымын. Москвада мусапыр абалда аябай жүрөгүм жылыды. Ошол – силерге берген ак батам, аруу тилегим болсун. Бар болгула, боордошторум. Ыйманда жашап, ырыскы берекесин тапкыла... Жаратканым жар болуп, колдой берсин...
#Москва
#Боордоштор