сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
33304   122
02.01.2020 Medina, Saudi Arabia
Тамеки жана Замзам Адыл байке мындан отуз жыл мурун тамекинин жытын алгач искеген. Ошондон бээри отуз жыл бою калтырбай чегип келет. Улам берилип отуруп, акыркы жылдары күнүнө 3 куту чылым чегип калган. Учурда Адыл байке Абдишүкүр устаз менен умра амалын аткарганы келип Мадина шаарында журөт. Устаздын таасирдүү сөздөрүнөн кийин тамекисин таштап, анын кумарын Замзам суусуна алмаштырды. Эми бирөө тамеки тартса, байкенин көнүлү айнып жанында тура албай калыптыр. Берекелүү жердеги таасирдүү сөздөр, Замзам суусунун касиети окмуштуулардын "он жылдан ашуун тамеки тарткан адам аны таштай албайт" деген эрежесин бузуп, Аллах кааласа туура жолго салып койорун дагы бир жолу далилдеди. Адыл байкенин мындан аркы жашоосу тутунсуз таза болуусун Аллахтан тилеп дуба кылабыз.🤲🏻Тамеки, арак сыяктуу жаман адаттарын таштай албай жүргөндөргө терен өрнөк болсун. Устаз Абдишүкүр Нарматов @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов #атаэне #jumamubarak #juma #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #токтогул #чаткал #атбашы #чолпоната #алай #суусамыр #kyrgyzstan #nasaatkg @nasaat.kg
Загрузка...
4583  
08.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, интернеттен бир маалымат окуп калдым. Туура эле окшойт деп ойлоп калдым өзүмдүн бир туугандарымын мүнөзүнө салыштырып көрүпчү😊. Анда мынтип айтышыптыр: Адамдын мүнөзү анын үй бүлөдө канчанчы төрөлүшүнө да байланыштуу калыптанат экен. Аны окумуштуулар изилдеп чыгышыптыр. ТУН бала болуп төрөлгөндөр жоопкерчиликтүү, этият, анан башкарууну жактырган адам катары мүнөздөлүшөт экен. ОРТОНЧУ балдарга болсо көп көңүл бурулбай калгандыктан, алар тынчтыкты орнотуучу ролду аткарып калышат экен. Типа психолог болупчу. КЕНЖЕ балдар болсо биринчи кезекте өзүн ойлоп, көңүл ачууну жактырган жана өзүн өтө жакшы көргөн адам болуп мүнөздөлүшөт экен. Мен үйдө ортончумун да, анан Өзүмчө эле психолог боло берем да 😁 Бир туугандарым кубанса да, капаланса да айтып калышат, Өзүмчө совет беримиш болуп калам да 😊 Сиздерде кандай? Окумуштуулар туура эле байкаштырышыптырбы? Же жөн эле коюшпаптырбы?😊☺️