сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4871   156
22.03.2020
Карачы, эмне деген кооз дүйнөдө жашайм?! Кийимимди карачы кандай гана көздүн жоосун алат?! Таза абадан дем алам. Ичкеним мүрөк суу. Чайнаганың май. Кыргызмын мен! Каадам бар, салтым бар, үрп - адатым бар, адебим бар! Эмне деген керемет философияны ата - бабам калтырып кеткен?! Ар бир макал - лакабы, учкул сөзү, жомогу, уламышы, эпосу, дастаны, Манасы бар! Терең үңүлсөң, жашоонун маңызы, көркөмү, мааниси мн шааниси чыга келет! А касиетичи? Туюму, сезими, аурасы, энергиясы кандай гана күчкө эгедер болгон?! Кыргыз деген улуу эл да! Кыргыз деген кырылгыс эл! Кыргыз деген керемет эл! Чалкып жаткан деңизбиз биз! Өзүмдүн өлкөм бар! Ээлик кылбаган эркиндигим бар! Тилим бар кооз, бай. Дилим бар! Көрөнгөм бар көбүргөн. Касиетибизди гана кармаганды үйрөнсөк... Көкүрөгүбүздү жара тээп чыга албай жатат! Кыргызмын мен! Чанганга да, танганга да, сатканга да, атканга да акың жок. Миң чанып, танып, чалкаңан кетсең да бул чындыкты өзгөртүү мүмкүн эмес?!
4442   91
07.04.2020
2-бөлүк Аты жаман коронавирус оорусу Кыргызстанга да жетип келгенине экинчи аптага баратат. Адегенде, өкмөт бир балээ болуп вирус таркап, эл-журтубуз бөөдө кырсыктын азабынан азып-тозбосун деп мурда таризделген оюн-зоокторду, жыйындарды, ал тургай майрамдык салтанаттарды токтотту. Мектептерди, окуу жайларды карантинге жапты. Анан бала бакчалар убактылуу ишин жыйнаштырды. Теле-радиодон, интернеттен “Сактанганды сактайм деген, жөнү жок эле эшикке чыга бербей үйдө калыңыздар. Канчалык көп баарлашуу, карым-катнаш болсо, вирус ошончолук тез таркайт. Абайлаңыздар!” деген маанидеги чакырык менен кимдер гана чыкпады. Сөзүн калкы кастарлап угат деген эл жакшыларынан, айтылуу аалымдардан баштап, жаштар кумир туткан шоу жылдыздары менен спортчуларга чейин ушул маалыматтык өнөктүккө жандуу катышты. Байкуш, дарыгерлер “Биз силер үчүн жумушка чыктык, силер биз үчүн үйдө отуруп бериңиздер!” деп кан какшап суранып жатышат элибизден. Бирок, кайран энөө, кенебес кыргыз карантинди каникул деп ойлоп көчөдө көйкөлө сейилдегенин, бапырап бала ойнотконун койбоду. Супермаркеттердеги балдар аянтчалары адамдын көптүгүнөн шакардай кайнайт. Базарларда болсо карантин учурунда ачарчылык айттырбай басчудан бетер адамдар ун, күрүч талашканы таң калтырат. Эки адамдин биригүүсү опурталдуу болуп турган шартта миңдеген кишилер аламан улак тартышкансып продукт үчүн кызыл-чеке болуп, бири-бирине шилекейлерин чачырата бакылдашып жүрүшөт. “Бир кезде акыркы жылкысын, соңку согумун мурда-кийин эгерим көрбөгөн, таптакыр тааныбаган кудайы коногуна кубанып союп берчү бийик, айкөл, даанышман элдин урпагы, минтип “Кулдун мекени – курсагы” дегенчелик деңгээлдин ороосуна оңкосунан түшүп баратканына кантип арданбайсың да кейибейсиң? Ушинтип жатып эпидемияны таркатып алышса, тоңколош атып жүрүп топ жарып сатып алып ичкени иримге, жегени желимге айланарын неге ойлошпойт? Элүү кило ун алам деп ошончо адамга вирус жармашса эмне болору оюна да кирбеди го кайрандардын. Эрежени да, мыйзамды да, бийликти да уруп ойнобогон ушундай ээнбаш эл болуп баратабызбы? Оору коркунучун, керек болсо өлүм тооруп турганын капарына албаган калайман, милиция менен прокурорду, министр менен акимди кайдан тоготсун. Уландысы ⬇️⬇️⬇️
699   60
18.04.2020
Кумурскадай ызылдап эл козуно чогулуп обушуп жытташа бергендин баары эле жан досторум дегендик менимче убактылуу конул маанайынды которуу,тубундо баары бир адам озун менен озун гана калаарын чындык...Кээде досун бугун таттуу-эртен катуу",Тилеги жакындыгы баары сатуу"-дейт..Абай. Чынында курбу курдаш,дос жар куту албетте жаш кундо ото ширин да,ашкере кызык да болоору талашсыз. Аа бара бара адамдардын эсептуу дос айрылбайт дегениндей,чын эле,коомдогу ордуна,кадырына,короодогу малына,керек болсо табагына карап мамилесин билдирет. Ал эми атактуу,данктуу болсон эки эсе кыйыныраак да жооптураак, болмуштун озунун нагыз жузун ичинен тааныган сайын,адамдардан окчунураак боло баштайсын.. Себеби сен баарына ийилесин,баарына айтканын уксан жакшысын,кокустан эле жоок менин талабым кадырым,конулум бар го дедин бутту ,башталат балээ,жалаа,бирок андайларга тенелип майдалануга да адамдык адалдыгындан аттап отуп,томон тушпойсун, жол бералбайсын... Себеби Адам бойундагы асыл касиеттердин башкы манызы,омурду сыйга толтуруу,конулду калтырбоо,кунучулдорго текеберге тенелбоо,жетпесе бириндикин бирин жеткиз деген сынары,адамдарды суйууго келген мээримдуулуктун шооласынан,тектуулуктон аруулук калыстыктан оозанган Ата-Эненин ак батасынан алган тарбиянын илеби бизди дайыма кенендике,ак пейилдуулуко гана жетелеп турат эмеспи🙏Жашообузду корктондуруп омур сурууго оболго болуудан артык бакыт барбы,кээде конул жылытарлык,маанай жаркытарлык оозунда батасыз куу чирен озумчул адамдар менен да,табакташ санатташ болгонсуп омур кечиргенибиз ырас... Алтындай омурду ысырап кылбасак экен.. жакшылыктар,жакшы адамдар,жер бетинде кун сымалы мээрим чачсын ылайым🙏 #турмуштун озу_театр #адамдар_артистер
Загрузка...