сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
836   25
29.03.2020
Мен, Билим беруу жана илим министрлиги баштаган #Атам_апам_жана_мен_китеп_окуйбуз_баарыбыз_тен аталышындагы флешмобун улантып, бугун балдарыма ангемелердин негизинде жазылган 40 хадис аттуу китептен «Акылдуу бала» жомогун окуп бердим . Жомокто акылдуу бала каракчылардын колуна тушуп калган карыган атасын куткарат. Атасынын ордуна озун сунуштайт. Каракчылардын башчысы балага сенин жароокердигин мени катуу таасирлентти деп баланы да кое берет. Хадис: «Эч бир бала атасынын акысын толоп буто албайт. Жалгыз гана кулчулукка тушкон атасын сатып алып, ага эркиндик тартууласа акысын тологон болуп эсептелет. (Муслим. Итк.25) Урматтуу ата-энелер дуйнодогу кырдаалга байланыштуу азыркы учурда балдарды жакшы тарбиялоого конул буралы. Жалпыныздарды китеп менен достошууга чакырам. Эстафетаны Акылбек Орозматовдон жана Артурбек Атакулдан алган элем. Эми улантуу учун Ainura Salahidinova(досум) Эмирлан Бостонбаевге (Жоро) Гулгунай Жумабековага(досум) Kutman Sharshenteginге (кесиптешим) Айка Ааламбековага (эжем) эстафетаны сиздерге узаттым. #уйдо_китеп_окуйбуз #атам_апам_жана_мен_китеп_окуйбуз_баарыбыз_тен Эстафетаны 5адамга жолдойсуз.
1819   81
30.03.2020
Бир нече кундон бери карантин деп баарыбыз уйдо жатабыз. Баардык жанылыктарды интернет булактарынан угуп коруп дегендей. Журокту ооруткан,ошондой эле кулкулуу видеолордун саны отоо коп,бирок мен бугун телефонума келген 6:37 алты мунот отуз жети секундтук голосовой жоноткон эженин созуно бир кулсом бир чети эн туура нерсени жазганбы деп ойлойм,мени жаман ойлонттурду.😞 Адам баласы негизи биз эч качан эч нерсеге тойбойбуз,моюнга алышыбыз керек,болгон сайын дагы болсо экен деп. Азыркы кырдаал аябай эле коркунучтуу😞канча адамдын жакындары алыста,бири бирин коргонго зар,жолдор жабык азык-тулук акырындаап кымбатап жатат. Кудайым колдоп🙏🏻жаман илдеттен тез арылып,пейилибизди кенен кылып,Жаратканымдан топук тилеп,тобо кылып дуа кылалы!🙏🏻🤲🏻 Кудайым колдосун баарыбызды 🙏🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻 #Уйдо#олтур#тазалыкты#сакта
6251   250
05.04.2020
КОШТОШУУ Дарыгерлерге арналат Күн батаар маал жакындап калган. Аялы Надырды дасторконго чакырды: - Тамак даяр болду. Келиңиз. Бир топ жаш кичүү болгондуктан, анан да күйөөнү сен деш оройлук катары кабылданчу чөйрөдө таалим-тарбия алгандыктан жубайы дайыма сиз деп кайрылат. Башында өөн учураганы менен, Надырдын бара-бара буга кулагы көнүп кетти. Ал тургай мындай мамиле көңүлүнө жагып, көөдөнүн көлкүтчү болду. Анткени, сөздүн мааниси ортодогу алакага аябай таасирин тийгизет экен. “Сиз” деген сөз кандай шарт, кандай абал болбосун, керек болсо казан-аяк кагышкан учурда да ортодогу сый-урматтын угут-уюткусун сактап, жашоонун берекесине себеп болот тура. Ынтымагы ысык адамдар “Эч качан сен-мен дешпедик” деп калышат го. Анын сыңарындай бирин-бири сен дешкен дос-аяштарыныкына караганда өзүнүн жары менен болгон таттуу мамилеси, Кудайга чексиз шүгүр, асман-жердей айырмаланат. - Азыр, - деди Надыр сегизинчи кабаттагы үйүнүн терезесинен эшикти караган тейде. Ал аллеяда велосипед тепкенди үйрөнүп жаткан жаш балага көмөк көрсөтүп ары-бери басып жүргөн толмоч келинди жана аларга саресеп салып бейкапар турушкан улан-кызды нааразы боло тиктеп: “Тообо, угушпайт экен да. Эшикте энесинин мурасын, атасынын алтынын таркатып жатса да үйлөрүндө отурушпайбы. Бир жумадан бери биз буларга түш же жомок айтып жатабызбы? Өздөрүн болбосо да, кошуна-колоңду, элди-журтту ойлош керек го. Көчөдө талтаңдап, балага велосипед үйрөтчү заманбы азыр?” деп ойлонду куйкасы куруша. Анан ал тазалыкка кирип, колун шашпай самындап, салааларынын арасынан бери ыкшап жууду. Демейде, минтпестен манжаларынын учун сууласа эсеп болуп, даам татмакка отура берчү, бирок, акыркы он күндөн бери колун ушинтип астейдил тазалоону адатка айлантты. Балдарынан да так ушинтүүнү талап кылып, колду мыктылап жууштун жол-жоболорун үйрөтүп койду. Дасторкон үстү дайымкыдай эле берекелүү. Жумшак нан, мөмө-жемиш, бал, каймак, быштак, салат, сүт, кургатылган өрүк жана мейиз коюлган. Аялы нокот талканынан жасаган түрк шорпосун чоң чыныга куюп, үстүнө лимон суусун сыгып, Надырдын алдына койду. Жети жашар уулунун, төрт жана эки жаштагы кыздарынын тарелкаларында картошка фри. Уландысы ⬇️⬇️⬇️