сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
388   4
18.03.2020
Коронавирус аныкталган 3 кыргыз жараны 12-мартта учуп келишкен, бирок обсервацияга алынган эмес. Алар менен бирге кичи ажылыка барган канчалаган адам бир самелетто келишкен. Бул дегендик алакандай жерибиздин ар бир бурчунда аталган вирусту жуктуруп алгандар катталышы мумкун дегендик. Учурунда алар карантинге алынганда азыркыдай элде кооптонуу болбойт эле. Бири шалаакылык кылды деп Окмотту куноолосо бири жуктуруп алгандарды куноолоп жатышат. Болоору болду... Эми Италия, Франция олколорунун каталарын кайталабай мекенибизге ЧС киргизсе... Себеби кыргызбыз да той топурлар отуп жатат, чайханалар иштеп жатат. Жарандык, моралдык жоопкерчиликти ар бирибиз сезишибиз керек! Востаптан канчалаган маалымат келип жатат. Ар бирине ишене берсен жашагын келбей калат экен😁 Андыктан такталган официалдуу маалыматка конул буралы. Баарыбызга денсоолук🙏 Сак бололу! Жеке гигиенаны сактайлы! #covid_19
Загрузка...
5905   74
05.04.2020
ТАРКАГАН ТҮТҮН Тээтиги кыйырлар качан карасаң калың кара түтүнгө чулганып турчуу. Үйүмдүн терезесинен көргөн сайын эми Бишкектин асманы кыяматка чейин ушинтип ачылбайбы, абасы ыш, кара булоосу жыш бойдон калып, кайран өмүрлөрдү уулай береби деп көңүлүм чөкчүү. Кудайга шүгүр, түтүн таркап, аба акактай арууланганын көрчү күн да бар экен. Карантиндин эң чоң пайдаларынын бири мына ушул болду. Балким, азыркы акыбалда экономикабызга миллиарддаган акчалар түшпөй жатат. Бирок, таза абанын баасы триллиондордон да кымбат. Экономика бул - акча. Таза аба бул - ден соолук, жарык маанай, бакыбат сезим-туюм. Кайсынысы маанилүү экенин көзгө көрүнбөгөн вирустан сактанып адамзаты өндүрүш, соода, өнөр жайдын көбүн кан буугандай токтоткон бул күндөрү аябай сонун түшүнүп жатабыз. Тазар чөйрөм, тазар заманым, тазар жан дүйнөм, тазаралы кыргызым! Жараткан ырыскынын бир эшигин жапса, миң эшигин ачат деген, балким, ушулдур. #позитив