сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
291   8
09.03.2020
Чыгармачылыктан тапкан бир туугандай акелерим.Акелерим рахмат сиздерге бар болуңуздар Ушул чөйрөдө жакшылыктарын көп көрдүм.@jenish_aitiev_official акем жөнүндө айта кетсем укам укам деп турат.Бир карында тебишпесек да.Бир эмчекти эмишпесек да.Чыгармачылыктан тапкан агамсыз өзүңүз айткандай.@satybekov_guljigit акем жөнүндө айта кетсем.10жыл мурун жаңы ушул чөйрөгө аттанып жатканда Акем гостольдоп жүргөн .Мен да 1 ай гостроьдоп келгем.Же бир мени эчким тааныбайт .Же бир ыр жаздырган эмесмин.Комузум менен эле кошуп алып жүргөн составына.Ошондо көөп акыл насаатын айтат эле.Укам сенин үнүң жакшы.Талыкпай иштей бер бир күнү көрөсүн үзүрүн дечү.Анан дагы ырларын аябайт ырдай бер деп.Акем ыраазымын сизге Азыркы мен аткарып жаткан "Мен сенден кетейинчи"деген ырыңызды 2012.13 жылы аябай хит болгон .Ошондо эле аке ушул ырыңызды мен да ырдайынчы десем жок дебегенсиз.Мына 7 жыл убакыт өтүп Эми ырдап олтурамын.Аллага шүгүр жакшы ийгиликтүү ыр болду мен үчүн.Анан акем биринчи сизге угузганымда сиздин айткан сөзүңүз мени толкундаткан."Азаматсын Самара сөөгүмдү дагы агарттың укам деп."Сизге ыраазымын бар болуңуз сиз кайталангыс талантсыз.Бар болуңуз.#акелеримбарболуңуздар.
2010   143
19.03.2020 Кыргызстан
Силер чыныгы элдик баатырсыңар ардактуу ак халатчандар, өлкөнүн келечегине өмүрүнө чеп болуп турасыңар, пейил мүнөзүңөр кийген халатыңардай ак экенине жасаган ишиңер күбө. Коомчулук кандай гана сын пикир айтпайлы, адамдык абийирге чейин асылып ур тепкиге албайлы бирок баары бир арзыбаган айлыка кайыл болуп өмүр сакчылык милдетиңерди улантып келесиңер. Таазим силерге дабагерлер, мээнетиңер кайтып мекенибизге ылаң жолобосо экен, жасаган аракетиңерди көрүп, жан дүйнөм жаз көктөмдөй жылыйт, азаматсыңар, Кудайдан кийинки үмүт силерде, чарчаңкы жүзүңөрдөн мээрим көзүңөрдөн эртеңки күндүн жарыгы туюлат, баарыңарды кучактагым келди, ыраазычылык сөзүмдү ыр менен айткым келип турат, урматтуу акын достор мага тез жардамга келиңиздер, өлкөнүн өмүр сакчыларына арналган чыгарманын жаралышына кол кабыш кылыңыздар, келген ырларга чектөө жок, ак халатчандарга арналган ырларыңыз болсо же жазып ушул постко коммент калтырсаңыздар сонун болмок, анда эмесе алкыш силерге ардактуу ак халатчандар, бар болуңуздар дабагерлерим!!! #алкыш_силерге_ардактуу_ак_халатчандар
2465   53
28.03.2020
КЕЧИР БИЗДИ ЖАЙ ТУРМУШ Эртең менен балдар кетип сабакка, Кайра түштө келип калган шаң турмуш. Бир заматта көздөн учуп көрүнбөй, Кайда кеттиң кагылайын жай турмуш. Сыйга сый деп, сыр аякка бал дебей, Жабыркатып таарынттыкпы шай турмуш? Санаа менен сагынычка калтырып, Кайдасың сен баасы кымбат жай турмуш? Эси жок эл, жарашпады дедиңби? Эсебинен кесири көп бай турмуш. Эшикке чыкпай, эсте мени дедиңби? Эркиндиктин кымбаттыгын жай турмуш. Байлык, бийлик, дөөлөт, ырыс көтөрбөй, Бар турса да жок дедикпи бар турмуш? Дардаңдабай даражамды билгин деп, Зарыктырып жашындыңбы жай турмуш? Адамдыктан жамандыкты көп жасап, Жүрөгүңдү ооруттукпу шар турмуш? Мен, сен, ал, биз, Аалам, Дүйнө, Жараткан, Биригели! Бизди КЕЧИР жай турмуш. Кечээки эле жаркыраган үмүттөр, Бүгүн калды бүдөмүктөп тар турмуш. Жалынайын,жалдырайын өзүңө, Жайга жетпей кайтып келчи ЖАЙ ТУРМУШ. Автор :Майрам Сарыбаева 2020-жыл 27-март түнкү саат 3:00
Загрузка...