сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1326  
25.09.2019
Akaev IDEA тууралуу “Экономист” сайты менин 5 жыл мурдагы “жашырылган бизнесим” тууралуу жазып чыкты. Мен муну эч кандай саясатка же шайлоого шылтабайм, анткени аталган сайт маалымдаган Akaev IDEA жоопкерчилиги чектелген коомун мен мамлекеттик кызматка келгенге чейин ачканым анык. Бирок бул ОсОО эч кандай ишмердик менен алек болбогону тууралуу маалыматы болсо да, “бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык, анткени бул ЖЧК ачылып, бирок мен мамлекеттик кызматка өткөнүм үчүн ал таптакыр иш алып барган эмес. Бул ОсОО күркүрөп акча тапмак тургай, бир ирет да ишмердик жүргүзгөнгө үлгүргөн жок. Бир да пайда, киреше тапкан эмес, бул тууралуу салыктын төлөнүшү же ишмердик тууралуу оңой эле аныктап койсо болот. Мыйзам боюнча Жогору Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат, мен муну жакшы билем, ошондуктан мамлекеттик кызматка келээрим менен аталган министрликке ОсООну жаап салуу тууралуу арыз менен кайрылгам, бирок эмнегедир ошол учурда жабылган эмес, биздин кемчилик-арыз берген боюнча көзөмөлдөбөй калганбыз, жабылды деген ойдо. Бирок мен мыйзамды бузуп, ишкердик менен алек болгон эмесмин. “Экономист” сайты саясатчыларды, эл өкүлдөрүн тартипке чакырып, кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турганы колдоого ала турган иш. Бул ОсОО азыр минюсттун сайтында ликвидация болчу ОсООлордун катарында турат. Кымындай иш жүргүзгөн эмес, болгону өз убагында жабуу арызыбыз көзөмөлдөнбөй калганын мен азыр териштирип жатам. #janarakaev
Загрузка...
4900  
10.11.2019
Өзүңдү өзүң тапмайынча өзүңдү да, башканы да бактылуу кылуу мүмкүн эмес. Бактылуу болуш жана кылыш үчүн көкүрөктө тынчтык керек экен. Бакыт деп көрүнгөндөн, көр дүйнөдөн издейбиз. Иши кылып ал сыртта качып жүрөт, биз да кубалайбыз. Өмүр өткүчө жетпей, таппай өкүттө өтүп кеткени канча?! Бакыт ушул болуш керек деп бир максат коебуз. Күнү - түнү чуркайбыз. Жеткен соң, моокумуң канган соң, кайра боштук ичиңде. Каңгырап турат. Кайра башканы көздөйсүң, чуркайсың, ага жеткен соң, кайра ошол сезим. Бакыт сыртта эмес ичтедир балким. Туура эмес жактан издеп жаткандырбыз. Ичиңе үңүлүп, көкүрөктүн көңдөйүн толтурганда, көксөң суур балким. Ичиңдеги караңгылыкка шам жагып, жарык кылып алсаң, ал жарык айланаңа чачыраар! Жаныңда ким жүрсө баары тамызгы алып, жайнап чыгаар? А биз бири бирибизден, сырттан, көчөдөн, материалдык баалуулуктан, байлыктан издеп жүрөбүз...ичиңдеги боштукту алар толтурчудай... #жөнэлеойлор