сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
185   16
07.04.2020
@megacomkg MegaCom: «Окуучу» акысыз интернет топтому – бул үйдөн чыкпастан эле билим алуу жана бош убакытты кызыктуу өткөрүү Эртеңден баштап, тактап айтканда, 8-апрелден тарта орто мектептерде IV чейрек башталат.👩‍👧‍👦 ⠀ ✅ Ушуга байланыштуу MegaCom мектеп окуучулары үчүн мыкты сунушту – «Окуучу» акысыз кошумча топтомун ишке киргизди. Өлкөбүздүн мектеп окуучулары бул топтомду кошуп алуу менен, MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө жайгаштырылган билим берүү мүнөзүндөгү онлайн-ресурстарды акысыз колдоно алышат! ⠀ 📲 Бул бөлүмдө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин контенти гана эмес, MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон электрондук китептер, видеосабактар жана башка атайын окуу материалдары да бар жана алардын бардыгы аралыктан билим алуу үчүн ыңгайлуу. MEGA24 тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот. ⠀ «Окуучу» топтому өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт: ▫️Баланста акча каражаты жок болгон учурда түйүн ичинде акысыз чалуулар; ▫️КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин бардык ресурстарына акысыз жетки алуу (oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg); ▫️Google Classroom сервисине ( Google тарабынан билим алуу үчүн атайын иштелип чыккан) акысыз жетки; ▫️MEGA24 тиркемесине жана анын ичинде жайгаштырылган билим берүү контентине акысыз жетки. ⠀ ▶️ Эртеңки келечек ээлери болгон жаштарыбыз таланттуу жана заман талабына ылайык ар тараптуу өнүгүүгө умтулуп келишет. Өкмөтүбүз тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу миңдеген жаштарыбыз үйдөн чыкпастан, көп убактысын Интернет айдыңында өткөрүүдө. Уюлдук оператор мектеп окуучуларынын каалоолорун жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, карантин маалында бош убактыларын кызыктуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берди. Эми алар окуудан тышкары болгон учурларда сүйүктүү оюндарына жана тиркемелерине акысыз кире алышат. ⠀ 📚Карантин маалында балдар үчүн төмөнкү сервистер АКЫСЫЗ: • Чектөөсүз WhatsApp, • Чектөөсүз Instagram, • Чектөөсүз TikTok; • Мобилдик оюндарга чектөөсүз трафик: o PUBG Mobile; o Garena FreeFire; o BrawlStars; o World of Tanks Blitz; o Dota 2 Underlods; o Clash of Clans.
Загрузка...
881   0
11.04.2020
..... Мезгил тынбай азайтса да кубатты, Адам улам болоюн дейт кубаттуу. Күндөй өмүр байкалбастан жок болот, Нуру өчүп батып кеткен сыяктуу. ⠀ ..... Олтурганча телефонду кармалап, Куран үйрөн окусаң да тамгалап. Кыпындай бир жакшылыгың унутпа, Жаннаттагы жашооң үчүн арналат. ⠀ ..... Мүрзөм кийин толсун десең нур менен, Намаз оку сырдаш болуп түн менен. Өлүм даамы кылыч менен бөлгөндөй, Эчен кыйын тер агызып сүрдөгөн. ⠀ ..... Кечээги күн эми келбейт кайрылып, Берешен бол көңүлдөрдү таң кылып. Сараңдыгың сызга айлантат денеңди, Кетсең дагы алтын кабыр салдырып. ⠀ ..... Оо, көңүлүм кейибечи анчалык, Кереги эмне болбос ишке чаң салып. Акмактардын мамилесин акырын, Ыргытып сал таштандыга алпарып. ⠀ ..... Периштедей жашасаң да күндө сен, Пенделерден чыгат билгин сүйбөгөн. Кек сактабай чөлдү гүлгө айлантып, Кетериңде жылмайып кет дүйнөдөн. ⠀ ..... Пенде өмүрдө сүйөт жана сүйүлөт, Бирде күлүп, бирде туруп күйүнөт. Бирок билгин кандай адам экениң, Кимге ашык болгонуңдан билинет. ⠀ ..... Кир дүйнөдөн көңүл кургур булганды, Ким каалабайт түбөлүктүү жыргалды. Жашай бер деп акыретке аттанып, Жакшы адамдар кетип калган турбайбы. ⠀ ..... Карай калсам бир кылчайып артыма, Кайгы салган өкүнүчтөр бар тура. Кечээги күн батпачудай көрүнүп, Кечир ата жетпептирмин баркыңа. ⠀ ..... Күнөөбүз көп көбүгүндөй деңиздин, Күндө эстеп жан дүйнөмдү кейиттим. Алла Таала бирок чексиз мээримдүү, Ал кааласа берет төрүн бейиштин. ⠀ ..... Өмүр мынча кыска экенин карачы, Өлүм менен бир карыштай арасы. Баласына Азирейил келгенде, Пайгамбар да боло албаптыр арачы. ⠀ ..... Ачуу тагдыр кимдин келсин көргүсү, Сыноолорго чыдап жашайт эр киши. Бүгүн тарткан кыйынчылык түшүнгүн, Эртең келчү бакытыңдын белгиси. ⠀ ..... Кейибегин сонун күндөр алдыда, Жетиш үчүн басуу керек алдыга. Сабыры жок алсыз жандын канчасы, Тура алышпай жаткан жерде калды да. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
4597   318
03.05.2020
Саламатсыздарбы кыргыз элим сиздерден жардам сураганга туура келди!Бул келиндин аты Нурзат 1991жылы туулган,уч баласы бар.Азыркы учурда оор абалда комага тушуп калды!23-апрельде Бишкеке Жумгалдан бойунда жети айлык баласы бар ооруп келген,анан 3саат операция кылынып баласы тируу калды,андан кийин эсине келалбай кан кетип кайра экинчи операция 5 саат болуп маткасы алынып эсине келалбай комага тушуп калды.Ички органдары иштебей кымбат аппараттар,дарылар керек жолдошу эки кичинекей балдары менен айылда.Сиздерден сураныч боорукер туугандар ар кимдин башына оор абал келет,балдары энесиз калбасын жардам сурайбыз колунардан келишинче жардам бериниздер!!!Коп тукурсо кол дейт кыргыз элибиз!!!Бул эжесинин "Элсом"номери аты МырзабековаГулзат0703 54 16 53уюлдук телефонго акча салган банкомат салынат!!!🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏