Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
544  
19.01.2020
4-болук.Калган тооктор,баары бирдей жоош,тил алган,короздун оюндагыдай.Ун,соз деле кошушпайт.Арасында бир буту ооруган сары тоок бар,узак баса албайт,жата калып,эс алат.Анан биз менен женем жашайт,буту оорйт. ---Байкуш тоок,мендей да,ушул айыкса,менин да бутум айыгат.Толго кылып,ушуну эле карай берем.Откондо,семиз кезинде союп салалы дегенинизде....🤔Ото жаман болдум....😔.Союп жиберишеби деп,андыганым эле ушул тоок. Тооктор,кийин тууганы да азайды,анан туубай калышты.Кошуналардыкы тууйт,биздики жок.....Анан бир куну,кошуна кирип,мынча тоокко эки короз керек,нары карыраак,жаш короз керек... Коп отпой,Дилбар эжем келди. --Болбойт бул короз карыптыр.Жаш короз керек. Анан базарга барып,эн жаш короз керек дедим.Мактап,бир сары короз алдым,алып келип,карангыда киргиздим тоокканага,эжем айтты,туну болсо билбей калат деп...🤔Эртен менен турсам,жем чачканы баргам,силерге жалган,мага чын...Тооккана кызыл ала,жер деле,дубалы деле,кары короз жаш корозду тытып эле жеп кое жаздаптыр.Жаш короз бир бурчта,башын бурчка тыгып,кыймылдабай турат.Ото капаландым,журогун алып эле коюптур.Анан жаш корозду эшикке чыгардым,качып кетти....Аны тутулосом да жок,эми иттер жеп кетет экен???Бирок башка огородтон кыйкырат,барсам качат...Ичим ачышып,эмне кылсам кары корозду чыгарып,жаш корозду эптеп,тутуп киргизейин деп,жаш корозго жонодум...😀.Синдимдин балдары менен...Алар кубалап журот,мен огородтун баш жагында турам.Уй жака отту дешти,шашып кармай калам деп,бутуп тайып,жыйылган отундардын арасына кирип кеттим,турууга мумкун эмес,чукур,нары бир жыгат ойуп эле кетти балтырымды... ---Жардамга келгиле десем,корунбойм да отундун арасынан,шарик чоон сары гулдор да ийилип,бетим корунбойт,бир мезгилде синдимдин 10 жаштагы баласы келип,козун алайтып,коркуп,аркасына карап,качып кетсе болобу?😀.Алар мени мындай абалда корбогон да...😀.Аракет кылсам да тура албадым,бутум канап да кетиптир,оло сыздап оорутуп жатат....Анан синдим келип,аран сууруду мени...😀🤔.Чолондоп жеттим уйго...Ушул короздордун айынан бутум да ооруттум деп,бутумду бинт менен байладым.Жаш короз кармалды,карыны бутунан байлап сыртка койдук.Кийген халатым,уйгак болуп жатып калды.Аны тазалагычам эле,кары короз жибин узуптур....
460  
19.01.2020
3-болук.Лолита,мыкты озу.2жыл катарынан эркиндикке чыкканда качып,жоголуп,биринчи жылы .Мен издеп,эч таппай,ит куш жеди,ушунча издедим,кудайым кечирсин эми мени.Бул жандыктардын да жоопкерчилиги бар,аманат бизге.....Бирок кудорум узулбойт.Бир кун эле огородтун башынан 11 балапан ээрчитип,Лолита келе жатат .Иий байкуш,жоголбоптур,бизди суйунтуп,бала,чакалуу болуп келиптир.Ото суйундук.Кийинки жылы дагы 13 ту,ээрчитип келди.Бирок камайм деп,бир балапаны итканага качып,ит олтурду,экинчиси кирип кетип жатканын,чыбык менен тоссом,каттуу тийип,ал да жан берди,😔.Озум олтуруп алдым,эми балапандын сулуулугу,буттарынын ичкелиги,тумшугу,коздору,чуркаганы,бытырап,бытырап,бир мезгилде кыймылы токтоду...😥.Ал да байкуш Лолита,эмгегин эмне болду,кечир мени.....😔.Бирок Лолита,балапандарды аз эле ээрчитип,таштап салат.Балапандары аркасынан чуркаса,чокуп,эч тааныбайт,тооба...Анан озум багам,камап.Ага караганда Какира жакшы,чоон болгончо озу багат,урпондоп эле турат,тийип коргун,менден эмнени гана короор экенсин деп....😀👍.Павлин,тукум тууганын деле билбейм,акырыын унун чыгарып,сулуулугуна ишенип гана журот...😀👍 . Анан кулдун онундой кок тоок бар.Уну ото бийик.Семиз,тамак дегенде баарын таштап чуркайт.Тукуму да башкалардан чонураак.Эми тукум тууса 2саат догурунат,билесин иий кок тоок тууптур деп.Нары короздун жанынан чыкпайт,эн ишенген байбичеси....😀👍Бир жолу суктугунан,кошунанын решеткасынын тегерек жерине тыгылып калыптыр.Ага кантип кирген билбейм,башынан тартсам,ичи батпайт,артка тартсам канаты,наркы жагында,баш жагынан сууруп,копко чейин ооруп,айыккан.Ал болсо Куку досум.Озу да....😀👍.Досум,уну да бийик,кичине иш кылса деле,айттымбы,же айтпадымбы деп,мурда айтса деле,жоок эми угуп жатам деп коебуз.Кассета,баашынан кайталанат,ак конул,тамакты кандай болсо да жакшы корот.Анын жегенин караап турсан,ток болсон деле,жейсин.Бир башкача жейт да,чапылдатып,суйлоп жатып деле,дагы бир нерсени сала коюп...😀👍.Кабагым,кашым жок,олуп кетсин,олуп кетпейби....деген соз ,тез,тез анын лексиконунда кайталанат...Кокурокторуно чачырап,тамчылап,анан аны аарчыганча ,дагы бир нерсе оозуна салып, кандай кече болсо деле,ал спорт стилинде кийинет,мага боло берет.Олуп кетпейби?😀👍
847   41
19.01.2020
2-болук.Жем чачканча барып,караап отурам.Буттары айыгып,ызы,чуу болгон бир чоон уй було.Бир сары тоок,мойну узуун койкоюп,буттары да узуун,семиз да эмес арык дагы эмес.Акырыын басат,боюн которгоон,сулуулугуна ишенген,элге деле коп кошула бербеген,силердин билим денгээлинер,жашоонор озунорго буюрсун,соз деп эле суйлой бересинерби?Уккум деле келбейт,каяктагы мааниси жок создор,мен аристократмын,асыл тукуммун дегенсип,кошулбайт,эл жегенди катар эле жебейт,тандаап.....Корозду тоготпойм мен керек болсо,айткандарын укпайм деле,силер баш ийе бергиле,мен озум билем.Бул менин (ПАВЛИН)деп коем🤔Жакын досум.Кулууп коет,анысы озуно оло жарашат.Окшобосон кал деп,ичимен ....тооба дейм. Баягы башында таажысы бар тоок болсо....😀.Эч нерсе жакпайт,чукчундап эле,оозу да тынбайт,урушканы да тынбайт,кыскасы нааразы жашоого.Сууну деле талашат,жемди деле талашат,уяда жаткан тоокту деле улгурот,уядан туруп кетирип ,тынат.Коздору эле айтып турат,кареги чоон капкара,ал эч нерсени кордум да дебейт.Капа кылганынан ушунчалык канаат алып,ишенимдуу басып....Бирин бир нерсе деп кор,адебинди кууп журуп берээрмин.Мага олгусу келгендер тийишсин деп,керек болсо корозду да ордуна коет.😀.Баары аны билет,койчу эмне кыласын,баары бир тушунбойт,андан коро,сен туура кылып жатасын деп,айланып отуп кете берели.Озунукун баары бир бербейт.(КАКИРА) досум.Бирок катышка оло жоопкерчиликтуу,ажарын ачат да....Уй булосуно ото бекем...👍😊.Тооба,ушундай да окшоштук.....😀 Сары орто семиздикте,ото деле сулуу эмес,буттары деле кыска,мунозу баары менен тил табышып,чогуу чаран,корозго деле баш ийип,эл менен бир.Бирок эси,дарты сыртка чыксам,эркин болсом дегенде эки козу торт.Сетканы тынбай айлана берет,чыгып кетээрмин деп,учуп канча урунду,бети,башы кызарып,канталап,аны башка тооктор,кызарган жерин чокушат....Ага жаны ооруйбу,короз суйлойбу,башкасы суйлойбу,баары бир,эшик,эркиндикди каалайм,озумдун жанымды озум багып кетем.Силердин окшош коендой жашоонор мага кызыксыз,мен озумо ишенем,орто эле болсом деле,жагам элге.Карабаса,озум ар кандай создорду,керек болсо кулдуруп журуп,жагам баарына.Мага байлык,бийлик кызыктырбайт.Бир келген жашоодо,акыркы кундой жашаш керек.Мага эркиндик!!!(ЛОЛИТА)досум,..😀
1366  
18.01.2020
Кутман тан достор!!!Бир окуяны жазгым келди....😊.Тоодо уйубузго эжелерим келип,конок болушуп,Дилбар эжем айтып калды: ‐Жок дегенде тоок багып койсон,аябай жакшы деди.Жумуртка кундо....Кокус,айттырбай конок келсе,бирин сойсон, ,конул аласын.Муздаткычта этин катып калган,анын эригенче.... Базарга бардык.10 тоок жетет деди.Ар кандай тоок алдым.Ар турдуу......Базардагылар айтты,жумуртка жейм десениз,бул ак тооктор шаштынызды алат?😀.Союп жегенге бул,укмуш,эттуу деп,уйпалап,байкуш тоокту бардык жерин корсотуп жиберди.Анан балапан бастырам десениз,бул тооктор,....Башым айланды да калды..... Тооктордун коздору,эч нерседен кабары жок,аландап ордунда турбайт,эмне деп,алар жонундо суйлошуп жатканыбызды деле билбейт,аяка карап,бул жака карап эле умтулушат,чыгалбашын деле билбейт,ага карабай эле.....Ошентип макташса,бутунда клещь шымы барынан,башында таажысы барынан,агынан,карасынан,чыбыры,сарысы,кызылы деп,23тоок алдым.Эми буларга короз бул деп,чоон корозду корсотушту.Оо короз,укмуш.Койкондоп,башы бийикти карайт,коздору ишеничтуу,бою бийик,буттары узуун,куйрук,канаттары жалтырайт,он,тус дегендин жогун таппайсын,колдон келсе ошол клетканын ичинде деле,сени чокуп жиберчудой карайт,озумчул,кыскасы кыйкырса да,угуп жатасынбы?Бул менин озгочо унум!!!Элден болокчо,окшобойт,мендейлер,эч качан мендей боло албайт,болгон да эмес,менин тарыхымда дегенсип,караап турат .Эн кымбаты ошол короз экен.Алдым.Уйдо сетка жасаганбыз,кирип эле баардык тооктор тура албай, жамбаштап жатып калышты.Корсо,буттары жипке каттуу байланып,узак туруп калышыптыр.Жем чачсам,жамбаштап жаткан боюнча,чокулап жеп киришти.Короз эле,кыйынсып,мына биз бир уй булобуз,баарын мага гана баш ийесинер,бугундон баштап бир гана менин командам аткарылат.Унумо конгуло,айтканым аткарганча шашкыла,жем чачканда озум карап турам,озум ушунчалык сулуу болгонум менен---'жиним чукул!!!Эми таанышалы дегенсип,ар бирине соз айтып,атын сурагансып,жаагы басылбайт......Сулуулугум баалап,кадырлап ар дайым менин гана тегерегимде болосунар,алыстаганга каттуу жеме болот,дегендей эле ...Караап,адамдарга эле окшош ар бири...😀
1318   90   17391
17.01.2020
@ernest_borubaev Кутман тан достор!!!Бугун биздин окул балабыз Эрнис менен келинчеги Айгерим кызыбыз экоонун удаа келген туулган куну!!!!Мен бактылуумун,ушундай уул,кызым менен!!!Кыргыздын эрке уулу,куудулу,ырчысы,анан эн адамгерчиликтуу,камкор,боорукер,мээримдуу АТА!!!Кызым болсо,бир эле жомоктогу ПЕРИШТЕ!!!Жылмайып,жаркырап,кабагы ар дайым жарык.Экоонун суйуусу,индия суйуусун жолго таштайт.Кандай чогулбайлы,Эрнис ошончо келин,кыздардын арасынан Айгеримди таап алып,мекиренип,"меники"дегенсип,каяка басса,эки козу кошо ээрчип журот.Ээрчитпей келсе,ар бир создун арасында эле Айгерим,созсуз айтылат.Анан эле телефон чала калып,"Мени сагындынбы?,мен да сагындым",деп,баштайт.Бул жактан караап,угуп,ичин жылыйт,суйуу менен жашоо кандай бакыт!!!Анан туулган кундору да катар,бул да бир толго болуш керек.Ар дайым ушундай жылуу,ынтымактуу,жаштарга улгу болгон уй було болгула!!!Биз сыймыктанып,мактанып,силердин суйуунорду айтып бутпойбуз.....Онанайындарым....жакшы коруп,эзилип...эле турайын силерге!!!😘😘😘😘❤❤👨‍👩‍👧‍👧👏👏👏👏👏@dayir_ismadiarov @daniyar_ermatov @kenzheduysheeva @gulnaz_chynybek_kyzy @almaz_sher @avazakimov_officiall @ulan_sydykov @keldibekovakyzdarkan_official @akbar_aitbaev @samarasabirova_official @sagyn_ergeshov_ @kanat_ergeshov @kg.elmurat_official_page @ellada.asylbekova @t_sagynbaev_official
Загрузка...
615     9465
17.01.2020
Кутман тан достор!!!!Ушул Кумарам ото сезимтал,корогоч ,суроттогудой жароокер кызым бар да.Мени макияж жасаганда айта берет,"апама (баккан)окшоштура берем,,бирок билбейм,таппайм,эмнениз окшош экенин деп?😊.Канча жыл болду,кече жакында барганымда,,макияж жасап бутуп,чачыма отургам Расул деген жигитке.... ---Кумара....?деп,башым буруп чакырсам,караап,туруп калды...Оййлонуп, балбылдаган коздоруно жык жаш толду ,эки колун жайып эле,мага карап чуркады......😥 --'Таптым деп,.... ---Эмнени десем? Мени кучактап алып,ыйлап жатат,суйлоп да жатат. --Сиздин азыркы коз карашыныз,(бейиште болсун,баккан апам) окшоп кетти....Апам,бир озгочо жан эле,ар бир апа жакшы,мыкты денизчи?Менин апам да мага идеал,улгу эне эле....😥.Кооп жакшы сапаттарга ээ эле,жомокторду айтып,китептерди окуп,мени бооруна кысып,ушул жакшы кыздардай болушун керек да...деп,он каарман болгон жомоктогу персоналдарды мисал кылчу....😥.Эмгекке,уй ишине,тазалыкка бышыра тарбия берди.Анан,улууларга эч тил кайтарба,бироо сени тилдесе да ун чыгарба?...Сен женесин?Ал айтып,айтып,кийин окунуп калат.А сен болсо,эч нерсе дебегнин,тил кайтарбаганын менен,бийик,журогун таза,билиминди,,тарбиянды корсоткон болосун....Анан,озу ойлонуп,сенден уялып калат дечу.....Ал эми,бир эле насааты денизчи....Апамдын созу,кенеши кундо кулагымдын тубундо жаныррып,кээде шыбырап кайталанып турат....Мен ошол айткандарын турмушта колдоном.Чын эле,тил кайтара албайм,баары эле билет.....кулуп кана коем....😦.Бирок,,угуп,ичинде туйуп,буулуккан да жаман....Жокиге айтып,женилдеп калам.Турмуштагы эн ийгилигин---'тагдыр жолунда жарынды туура тандоо турбайбы??Жаратканыма мин ыраазымын,мени колдоп,коргоп,аздектеп,аяр мамиле,уй булого камкор,балдарымдын аска тоодой тирек болгон атасы,омурлук жолдошум,Жокиге!! 😊.Омурунуз окшобосун,бирок мен сизди апамдай коруп журойунчу.....😥😥. --'Ооба,алтын кызым деп,башын сылап,чачынан жыттап,бешенесинен оптум 😘😘😘😘.(духиси озунчо жыт,башы лактын жыты,салондун краска,лак,шампундун,бальзамдын жыты )аралаш мурдума келип, анкып,башым айланып,Кумарамды аяп,бекеем кучактаап,КЫЗЫМ менин ,КЫЗЫМ деп,кайталап,кайталап айтып жаттым.......😥 Эх.,.арман дуйно деп....😘😘😘😘👩‍👧@zerkalo_kuzgu.kg
363  
13.01.2020
15-болук.Ошентип,айылдан алыстап,Жалал -Абад маданият техникумуна уйломо аспаптар оркестри болумуно тапшырып,окуп калдым.Бизди отушубуз менен эле,жузумго алып кетти.Жузумдун турун теребиз,томолок,дамский пальчик,кишмиш...ж.б.Мен омурумдо корбогом, жузумдун катар тигип,эккенин.Старостабыз Туташ деген аке болду,жашы бизден бир топ улуу,ото тамашокой,комуз менен ырдайт.,Эки,экиден болунуп,терет экенбиз.Туташ аке мени тандап ,сен экообуз иштейбиз деди.Экообуз,элден мурун жетебиз саптын аягына,себеби ,Туташ акем ушугчалык тез терет экен жузумду.Мурун терип жургон окшойт.Бир куну эле,кийинки саптагы балдар биздин жаныбызга келди,бири бирибизди жакшы деле тааныбайбыз.Анан баары олтурду чоптун эле устуно.Чоптор орулган,сапсары каттуу ийнедей,андан жоон,Туташ аке колумдан тартып эле отур деп,тартты эле ,козумо от чагыла тушту,баягы ийнелерге отуруп калдым.....😥.Кийгеним трикотаж спорт костюму болчу жука,козумдон молт,молт жаш тамды.... --Эмне болду сага ?-дейт баары. ---Эч нерсе деп,эле ыйлай бердим....😥.Баягы терен сайылган чоптор, оло оорутуп жатты.Балдар кеткенден кийин турдум,кээ бирлери жоон да,канап кетиптир.Маанайым тушту аябай,устумдогу костюмумду белиме байлап,жумуш бутуп кайттык. Бир, эки кун отпой эле тамекиге иштедик.Отуруп алып,сыз жерде тамеки тизебиз.Бир мезгилде эле лукулдатып,оло чоп сайылган жерим ооруду,чыдап журо бердим.Бир жума болгондо баспай калдым,ишке барбадым.Медайым келип,шаарга поликлиникага жонотту.Ошол арада эле бир группалаш жигит,гитара ойноп,ото каттуу ырдайт экен.Завхоз,тамак,аштын баары ошол Исмадиярдын колунда экен.Анан мени ошол Исмадияр машина менен поликлиникага алып барды.Ооруган жерим же айталбайм,анан врачка айттым.Денемдин табы жогору,корсо баягы чоптордун бир,экоосу сайылган боюнча калып калыптыр.Сызда отурганда,сууктап,ириндеп,шишип кеткен...Врачтар кесип,чопторду колума берди.Баягыл сары чоптор,жапжашыл болуп,осуптур менин денемде...Узундугу ийнеден эле бир аз кыска.... Исмадияр,ошол кундон баштап эле,мага тамактын эттуусун,таттуулардын мыктысын алып келип,бир группада окуйт экенбиз деп,мени бага баштады.Бир жумадай чыкпадым.Биз он жети бала,беш эле кызбыз. Бир ай журдук ошол мезгилде жузумдо.....
333  
13.01.2020
14-болум.Баарыбыз кыздар ынтымактуубуз.Талаадагы ата-энебиздин эккен эгиндерин,ашар сыяктуу чогуу барып бутуробуз.Абдан кызык,кечке шарактап кулуп,кандай иш бутконун билбейбиз. Ошондой кундордун биринде,мен биринчи партада,мугалимдин тушунда отурчумун.Жаны окуу жайды бутуп,физкультура сабагынан Жандарбек деген агай келди бизге.Агай бойлуу,кара торунун сулуусу,чачтары капкара,кийингени да озуно ото жарашыктуу.Велосипеди менен келчу.Бизге велосипеди да жакшы корунот.Орус тилинде окуп бутконбу,айтор кыргызча суйлогондо,бир жагымдуу суйлойт да. Райондук,областтык соревнованиелерге барабыз,волейбол,баскетбол,чуркоо,узундукка секируу...ж.б.Агай бизге билимин,билгенин кооп жумшады.Ошон учун мен да волейболду жакшы ойнойм.Азыркы кунго чейин мектепте мугалимдер ойнойбуз.Ошол мезгилде узундукка секируу боюнча Дилбар экообузду даярдап,мектепте кумга секире берип,секире берип,эртеси соревнования эмес,мектепке келе албай калганбыз.....😀 Анан пахтага барабыз,баарыбыз катар жоокторго тушобуз.Чарчап отурсан эле,эже,агайлар тургузат.Белин ооруйт,тырмактарындын асты тытылат,канайт,колдорун тытылат,жарылат азап......Ошол кундору да Жандарбек агай дайым биз менен.Агайлар корунгондо теримиш болобуз,колдорубуз безилдейт.Анан эле карасак,качан болбосун,менин жоогумдун аягында агай,жардам берип пахталарды узуп,узуп,бизге карап келет.Анан эле кыздар,баштайт.Кандай бактылуусун,кана менин жоогумо тушкону,кундо сага жардам берет деп....Агайдын чатыраш костюму бар эле,озуно оло жарашчу....Бирок эч кимибизге деле соз айтпады,кыздардын баары жакшы корчубуз.Маданияттуу,интелигент,ото тыкан агай журогубуздо кетти баарыбыздын.Анан мен бир агамдын баласынын атын Жандарбек койгула деп,атын койгом .Ошол агайдай болсун деп...Баарыбыз кийин окуп,билимдуу болсок,ушул Жандарбек агайдай жигит жолукса деп,тилээр элек.Сиз бизге жигиттердин идеалы,улгусу катары калдыныз.Кийин биз окуу жайларга отуп,айылга келсек,агай уйлонуптур.Кыздар чогулуп,"Кайгылуу Какей "болдук дегенбиз.Ойлоптурбуз биздин кыздардан эле,биздин айылдан уйлонот деп,жанылыптырбыз...Эч корбодум,кийин агайыбызды.Бактылуу болсун,бул биздин балалыктагы ак,таза сезимдер болчу.Жашообуздун картасындагы бир жакшы кундорду эскеруу ...
319   30
13.01.2020
13-болук.Ошентип,аккардеондуу болдум,жакшы окудум.Мектепте да алдынкы активдуу окуучу.Чопко,пахтага алып барчу бизди.Ошондо мен ойноп берем,мектептин окуучулары баары бийлешчу.Айрыкча,чопко барганда тоо да,свет жок.Катар эле тоолордо ар айылдын окуучулары,анан ,62-кесиптик училища,алар жалан балдар.Кеч киргенде эле,биздин короодо.Мен бийлей албайм,ойногон эч ким жок.Кыздарыбыз жигиттер менен таанышат,алды улгуруп,таштап ,башкасын табышат.Мени эч ким корбойт дагы,таанышпайт дагы.Айылга кайтканда дагы келишет жигиттер,ал озунчо майрам.Шыбырашып кыздар,кымындашып,келиптир деп,мен болсо аларды тааныбайм. 8-класска кочкондо,Данакан эжем турмушка чыкты центрге.Мен барып,тамекисине жардам берем.Анан ошолорго кошуна Асан деген мени менен тен жигит бар.Ал биздин дос кызыбыз менен да кичине мамиле кылган.Уксак кооп эле кыздар менен журуптур.Асан сабактан кандай экенин билбейм,бирок бою узун,кара тору,сулуу,коздору жанып турган,чопко,пахтага барганда бийди эч кимди алдыга салбаган бала болчу.Биринчи эле ошол Асанды таанышат баары.Асан,Асан дешип.... Эжемдин уйуно жардамга барсам,кат жибериптир.Айылдан башка жигиттер деле кат жазат,аларга жооп деле жазылбай калат.Себеби,ал убакта окшош каттар жашачу.Анан эле Асандын каты мага жакты....Ал убакта эмне,ото таза,таза барактай сезим.Айылга келдим,анан ыр жазчумун.Озумчо,озгочо жооп бергим келсе керек да,ырларым жазсам,барака батпай,лентадай кылып ,ал,жак,бул жагына ттолтуруп,эжемдин кайнисинен Тайырбектен берип жибердим.Эртеси муз.мектепке барып,айылга кайтсам,ошолордун мектеби жугору чаап жатышыптыр. ‐-Асан,жанында классташ кыздары,анан досум Максат деген кыз, кийин балдар бакчасында чогуу иштедик.Капа болгонум айткам. --'Ээй бир метр кат,бир метр кат..деп,кыйкырышты.Ошондогу маанайым тушкондугун,соз менен жеткире албайм.Ал ырлар оз калемимден жаралган эле.Суйуу деле эмес,балалыктын бир суртумдорун жазгам....😔😔.Суйлошконго деле улгурбогонбуз,Асан мени уяткарып,кыздарга мактанып.....ой,ой, ошол кун азыр болгондой эсимде..... Мага сабак болду.Бактылуудур азыр,билбейм... Анан биз бой тузоп,акылыбызга кирип,чачтарды жасап,туфлинин такасы барын кийип калган убакта...(уланд.бар)
312   26
13.01.2020
12-болук.Кара-Суудан эн аз жол кире алган автобуска отурдук.Жарым сааттык жолго,эки саатта жетесин.Аккардеонду автобустун боорундагы жук салгычка салдык,апам мени терезе жагына отургузуп койду(подборный автобус), озу жанымда.Эл жык,жыгыла кетейин деп,туртушуп,урушкан эле создор.... ---Эже,кызынызды алдыма алып,мен да отурсам болобу?-деп,улуу эле апа кайрылды. --Жоок,болбойт.Кызымдын буту оорйт.(апам жалган эле айтып койду🤔).Менин ан сезимим жетип калган,мектепте деле кулагына куят."Улууларды сыйлаш керек,орун бошотуш керек,жардам бериш керек....ж.б".Апам экоо кайым айтыша берет.Мен болсо,олтурам терезеден сыртты карап,уялганыман тер да кетет,мурдум да шырылдап баштайт.Тура албайм,апамдан коркуп,же жетпейбиз,тысс,тысс деп,беш мунот сайын токтойт.Эшик ачылганда шарак этип,чан кирет,эл тушкону да,чыкканы да коп....Автобустун ичи,дем алууга мумкун эмес.Тердеген адамдар,талаада иштеп,жуунгандары да бар,жуунбагандары да бар,анан алар тердегенде,андай жытты салыштырууга да болбойт,мынабул жытка окшош деп...😊.Мен да кун тийип,тердеп,кошумчамды кошуп жатам.Сыртта таштар,талаа,суу анча,мынча тал,терек,.ичимдеги уятым,"сенин уятын жок,жамансын,улуулар турат,сен уялбай отурасын? "деген создор жеп эле салды.Аны бир озум билем.Жетээр,жеткенче ар ким менен айтышып,улам жанысы,улам башкасы менен апам урушушуп кете беришет.Мага кылым... Экинчи апамды ээрчибейм,мага болушам деп,канчасы менен....Тез эле унутам,кайра эле баягы....(ото баласаак экен да озу апам). Центрден туштук.Мага майрам.Мени баары таанып калгансып,бир эркиндикке чыгам.Аккардеонду чемоданынан чыгарып,апам белиндеги эки жоолугун чечти.Карасанар ,апаларды,туйунчок кылганга ар дайым белинде даяр.😊.Жоолук менен аккардеонду аркама байлап берди,баягы жол... Бутум асфальтта кетип жаткандай ,(шагыл тогулгон эле жол),эки колум ,периштенин эле эки канаты....Баягыл "Березканын"жытына мен учуп журом.Оордугу деле билинбейт,эл корсо экен деп,суйуном.Жалгыз талга келип,чечип жоолукту,бир аз дем алдык.Сурагандарга,апамдын уну октом чыгып,озуно ыраазы болуп айтып жатты.Тал,биздин суйунучко кубо болуп,кошо суйунгондой эле болду,менин кыялымда...Ошентип,бактылуулардын бирин да,озумо теней албадым ошол куну!!! (Ул.бар)
312   37
13.01.2020
11-болук.Зоя-биздин уйдогу жалгыз майын да берген,сутун да берген,нары ото жоош уй було мучосундой эле болуп калган да.😥.Карасам,коздору сулуу,аялуу,апам айткандай бир аз арык. --Мени эмне саттынар,мен силердин баарынарды жакшы кором,сагынам мен эмне куноом учун,башка айла жок беле?,Алып кеткиле мени азыр эле жетелеп,деген эле коз... 😥.Бизде огород кенен,бош эле журчу да,азыркы ээси чоон,узуун казык менен байлап,тегерегинде чоп деле жок,ыссык, суусаган да болуш керек деп,апам экообуз жалгыз талдын астына жетелеп,суугарып,кайра чоптуу жерге казыгын апам какты,чоон таш таап,каккан сайын,тарс,тарс деген ун,менин эле башыма чапкандай болду...😥. Кайра,баардык инсандын сырын,ырын,таарынычын,суйунучун,суйуусун каткан,суукта жылуу,ыссыкта,колоко,жамгырда башпаанек,шамал болсо,озун тоскон---сырдакана ЖАЛГЫЗ ТАЛГА келип,андан нары уйго келдик.Зоя,бир аялуу,журокту тилген боюнча ал да калды.... Бир жумада эки барам музыкалык мектепке.Асан агайым,бою узуун,озу да кен далылуу,колдору чоон,эмнегедир азыр эле самындап жуугандай,колдору кургак,бир аз тулоп турчу,мага уйроткондо баягыл кургак манжаларынан жагымдуу бир жыт келип турчу.(балким кургагынан крем сыйпайбы билбейм.)😊. ----Алтынай келдинби?деп,ошондой чоон,калдайган болсо да,мунозу сылык,жумшак,созулган агай болчу.Ар дайым мени атайын куткону корунчу мага.Коздорун чоон ачып,жылмайып кабыл алат. ---Аккардеон алдынарбы? ---Жоок,акча жок болуп жатат.Чыгарманы ойнойбуз,агайым экообуз.Айгуль,Анара,Зина,Мойдун,Бектемир деген,бир курактагы балдар,кыздар чогуу окуйбуз.Баары центрлик,айылдан бир мен.Арасында орус мектепте окугандары да бар,орусча суйлошот.Аларга мени корсото берет агайым,силердей бул байкуштун аккардеону жок,ошондо да силерден жакшы окуйт.Сабак бутоору менен,мени жетелеп,биздин айылга келет Асан агайым. -'--'Эже,бир нерсе кылып,айласын тапкыла эми.Кызда талант бар.Картон кагазга чийип бергениме деле 2ай болду,качанкыга чейин картон кагазда ойнойт....Жини чукул агайым,мени таштап кетет кайра центрге.Азыр аябай ыраазы болом агайыма,ара чородо барып калам.Рахмаат Асан агайым,сизге омур,ден соолук тилейм!!! Апам экообуз Кара-Сууга бардык.Жапжашыл"Березка"деген аккардеон сатып берди,150сомго.
434   61
13.01.2020
10-болук.Ошол центрден биздин айылга кеткен жолдо,бир туп тал бар.Эки айылдын ортосу болуп калат,жол жургондор ошол талдын колокосуно отуруп,которгондо колду кыйган сумкаларын коюп,талдын астынан арык отот,арыкка бети,колду жууп,улгургону бутун да салат....Ал "Жалгыз тал" деген эл койгон аты бар.Жетип,биз да олтурдук.Апам,канча жугу болсо деле,эч автобус кутпочу,ушундай чыйрак апам,кагылайыным,башына да коет,эки колунда да жук,жоо журчу ар дайым.Апамды эле карайм,маанайы суз деп.Бир мезгилде,жымжырттыкты бузуп,апам: ‐Эми кызым,он бирге чыгыпсын.Эптеп окутам дечи беш сомунан качпайм.Бирок,аккардеонун журогум оорутту,сен дагы акча жокто,барып адеп кармалап,термелейсин,уят кылып адамды.Магазинде мен кандай абалда болдум билдинби? деп,апам коздорунон катар,катар жашы тогулуп кетти....😔.Мен деле алып берип,сени суйундургум келет,козун коруп,аган уйлонуп,жалгыз уйду саттык.Сатпасак болбойт эле,эл журттан кем кылбайын дегенде,эки козум торт...дагы эле жашы токтободу.....😥Тээтиги деп,талаада байланып турган кызыл уйду корсотту.... -Тааныдынбы?ошол биздин жоош Зояда,суту коп болбосо да,майлуу эле....Ыссыкта,тердеген апам,коз жашыбы,же териби билбейм,мени кучактап опту эле,туз эле даамданды...😌. ‐Журу,барып,Зояны кашылап,кашылап коеюн деди.Зояга барганда,апам,садагаболоюн апам: ‐Зоя,кичине арыктай тушупсун,биздин айылдагыдай чоп жок да, жаныбарым.Апамды коргон Зоя жиби узуун экен,апамды утурлап басып жатпайбы?таанып....Журогум ушунчалык бошоп кетти,ага чейин озумду кармагам болушунча....😪.Ал уйду ар дайым бадага кошуп,кечинде тосуп барып,канча жолу балдар,кыздар менен ойночубуз.Уйга жоногондо эле шапалактай нанга каймак сыйпап,алмадан салып чонтокко.Анан уйлар келгенде,биздин уй артында калчу.Мен намыстанып,куйругун бурап журуп,чуркатчумун,топурак жолдор,уйдун жыты,кээде булгап да жиберет,анысына да карабайм,анан чан, биринчи келишим керек кочобуз боюнча.Уйго жетем биринчи,бирок менин онум билинбейт,чачым бопбоз,каш,кирпик чан баскан,тизеден топпурак,чан кийимдерден бери.Бала экенбиз да....Суйунуп журосун биринчи келдим деп,устун эсине деле келбейт....😊.Ошол кундорду да сагынып,бадага барбай калганыма окунуп,эчкирип,эчкирип 😭 ыйлап алдым...