Алтынай Нарбаева
@altynai_narbaevaofficial
Алтынай Нарбаева

Подписчики: 152715
Посты: 259
Подписки: 614
Заслуженная артистка КР🇰🇬🇰🇬🇰🇬 По вопросам выступлений обращаться к администратору📞📞📞+996501932305 +996776826444

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
333  
13.01.2020
14-болум.Баарыбыз кыздар ынтымактуубуз.Талаадагы ата-энебиздин эккен эгиндерин,ашар сыяктуу чогуу барып бутуробуз.Абдан кызык,кечке шарактап кулуп,кандай иш бутконун билбейбиз. Ошондой кундордун биринде,мен биринчи партада,мугалимдин тушунда отурчумун.Жаны окуу жайды бутуп,физкультура сабагынан Жандарбек деген агай келди бизге.Агай бойлуу,кара торунун сулуусу,чачтары капкара,кийингени да озуно ото жарашыктуу.Велосипеди менен келчу.Бизге велосипеди да жакшы корунот.Орус тилинде окуп бутконбу,айтор кыргызча суйлогондо,бир жагымдуу суйлойт да. Райондук,областтык соревнованиелерге барабыз,волейбол,баскетбол,чуркоо,узундукка секируу...ж.б.Агай бизге билимин,билгенин кооп жумшады.Ошон учун мен да волейболду жакшы ойнойм.Азыркы кунго чейин мектепте мугалимдер ойнойбуз.Ошол мезгилде узундукка секируу боюнча Дилбар экообузду даярдап,мектепте кумга секире берип,секире берип,эртеси соревнования эмес,мектепке келе албай калганбыз.....😀 Анан пахтага барабыз,баарыбыз катар жоокторго тушобуз.Чарчап отурсан эле,эже,агайлар тургузат.Белин ооруйт,тырмактарындын асты тытылат,канайт,колдорун тытылат,жарылат азап......Ошол кундору да Жандарбек агай дайым биз менен.Агайлар корунгондо теримиш болобуз,колдорубуз безилдейт.Анан эле карасак,качан болбосун,менин жоогумдун аягында агай,жардам берип пахталарды узуп,узуп,бизге карап келет.Анан эле кыздар,баштайт.Кандай бактылуусун,кана менин жоогумо тушкону,кундо сага жардам берет деп....Агайдын чатыраш костюму бар эле,озуно оло жарашчу....Бирок эч кимибизге деле соз айтпады,кыздардын баары жакшы корчубуз.Маданияттуу,интелигент,ото тыкан агай журогубуздо кетти баарыбыздын.Анан мен бир агамдын баласынын атын Жандарбек койгула деп,атын койгом .Ошол агайдай болсун деп...Баарыбыз кийин окуп,билимдуу болсок,ушул Жандарбек агайдай жигит жолукса деп,тилээр элек.Сиз бизге жигиттердин идеалы,улгусу катары калдыныз.Кийин биз окуу жайларга отуп,айылга келсек,агай уйлонуптур.Кыздар чогулуп,"Кайгылуу Какей "болдук дегенбиз.Ойлоптурбуз биздин кыздардан эле,биздин айылдан уйлонот деп,жанылыптырбыз...Эч корбодум,кийин агайыбызды.Бактылуу болсун,бул биздин балалыктагы ак,таза сезимдер болчу.Жашообуздун картасындагы бир жакшы кундорду эскеруу ...
319   30
13.01.2020
13-болук.Ошентип,аккардеондуу болдум,жакшы окудум.Мектепте да алдынкы активдуу окуучу.Чопко,пахтага алып барчу бизди.Ошондо мен ойноп берем,мектептин окуучулары баары бийлешчу.Айрыкча,чопко барганда тоо да,свет жок.Катар эле тоолордо ар айылдын окуучулары,анан ,62-кесиптик училища,алар жалан балдар.Кеч киргенде эле,биздин короодо.Мен бийлей албайм,ойногон эч ким жок.Кыздарыбыз жигиттер менен таанышат,алды улгуруп,таштап ,башкасын табышат.Мени эч ким корбойт дагы,таанышпайт дагы.Айылга кайтканда дагы келишет жигиттер,ал озунчо майрам.Шыбырашып кыздар,кымындашып,келиптир деп,мен болсо аларды тааныбайм. 8-класска кочкондо,Данакан эжем турмушка чыкты центрге.Мен барып,тамекисине жардам берем.Анан ошолорго кошуна Асан деген мени менен тен жигит бар.Ал биздин дос кызыбыз менен да кичине мамиле кылган.Уксак кооп эле кыздар менен журуптур.Асан сабактан кандай экенин билбейм,бирок бою узун,кара тору,сулуу,коздору жанып турган,чопко,пахтага барганда бийди эч кимди алдыга салбаган бала болчу.Биринчи эле ошол Асанды таанышат баары.Асан,Асан дешип.... Эжемдин уйуно жардамга барсам,кат жибериптир.Айылдан башка жигиттер деле кат жазат,аларга жооп деле жазылбай калат.Себеби,ал убакта окшош каттар жашачу.Анан эле Асандын каты мага жакты....Ал убакта эмне,ото таза,таза барактай сезим.Айылга келдим,анан ыр жазчумун.Озумчо,озгочо жооп бергим келсе керек да,ырларым жазсам,барака батпай,лентадай кылып ,ал,жак,бул жагына ттолтуруп,эжемдин кайнисинен Тайырбектен берип жибердим.Эртеси муз.мектепке барып,айылга кайтсам,ошолордун мектеби жугору чаап жатышыптыр. ‐-Асан,жанында классташ кыздары,анан досум Максат деген кыз, кийин балдар бакчасында чогуу иштедик.Капа болгонум айткам. --'Ээй бир метр кат,бир метр кат..деп,кыйкырышты.Ошондогу маанайым тушкондугун,соз менен жеткире албайм.Ал ырлар оз калемимден жаралган эле.Суйуу деле эмес,балалыктын бир суртумдорун жазгам....😔😔.Суйлошконго деле улгурбогонбуз,Асан мени уяткарып,кыздарга мактанып.....ой,ой, ошол кун азыр болгондой эсимде..... Мага сабак болду.Бактылуудур азыр,билбейм... Анан биз бой тузоп,акылыбызга кирип,чачтарды жасап,туфлинин такасы барын кийип калган убакта...(уланд.бар)
Загрузка...
312   26
13.01.2020
12-болук.Кара-Суудан эн аз жол кире алган автобуска отурдук.Жарым сааттык жолго,эки саатта жетесин.Аккардеонду автобустун боорундагы жук салгычка салдык,апам мени терезе жагына отургузуп койду(подборный автобус), озу жанымда.Эл жык,жыгыла кетейин деп,туртушуп,урушкан эле создор.... ---Эже,кызынызды алдыма алып,мен да отурсам болобу?-деп,улуу эле апа кайрылды. --Жоок,болбойт.Кызымдын буту оорйт.(апам жалган эле айтып койду🤔).Менин ан сезимим жетип калган,мектепте деле кулагына куят."Улууларды сыйлаш керек,орун бошотуш керек,жардам бериш керек....ж.б".Апам экоо кайым айтыша берет.Мен болсо,олтурам терезеден сыртты карап,уялганыман тер да кетет,мурдум да шырылдап баштайт.Тура албайм,апамдан коркуп,же жетпейбиз,тысс,тысс деп,беш мунот сайын токтойт.Эшик ачылганда шарак этип,чан кирет,эл тушкону да,чыкканы да коп....Автобустун ичи,дем алууга мумкун эмес.Тердеген адамдар,талаада иштеп,жуунгандары да бар,жуунбагандары да бар,анан алар тердегенде,андай жытты салыштырууга да болбойт,мынабул жытка окшош деп...😊.Мен да кун тийип,тердеп,кошумчамды кошуп жатам.Сыртта таштар,талаа,суу анча,мынча тал,терек,.ичимдеги уятым,"сенин уятын жок,жамансын,улуулар турат,сен уялбай отурасын? "деген создор жеп эле салды.Аны бир озум билем.Жетээр,жеткенче ар ким менен айтышып,улам жанысы,улам башкасы менен апам урушушуп кете беришет.Мага кылым... Экинчи апамды ээрчибейм,мага болушам деп,канчасы менен....Тез эле унутам,кайра эле баягы....(ото баласаак экен да озу апам). Центрден туштук.Мага майрам.Мени баары таанып калгансып,бир эркиндикке чыгам.Аккардеонду чемоданынан чыгарып,апам белиндеги эки жоолугун чечти.Карасанар ,апаларды,туйунчок кылганга ар дайым белинде даяр.😊.Жоолук менен аккардеонду аркама байлап берди,баягы жол... Бутум асфальтта кетип жаткандай ,(шагыл тогулгон эле жол),эки колум ,периштенин эле эки канаты....Баягыл "Березканын"жытына мен учуп журом.Оордугу деле билинбейт,эл корсо экен деп,суйуном.Жалгыз талга келип,чечип жоолукту,бир аз дем алдык.Сурагандарга,апамдын уну октом чыгып,озуно ыраазы болуп айтып жатты.Тал,биздин суйунучко кубо болуп,кошо суйунгондой эле болду,менин кыялымда...Ошентип,бактылуулардын бирин да,озумо теней албадым ошол куну!!! (Ул.бар)
312   37
13.01.2020
11-болук.Зоя-биздин уйдогу жалгыз майын да берген,сутун да берген,нары ото жоош уй було мучосундой эле болуп калган да.😥.Карасам,коздору сулуу,аялуу,апам айткандай бир аз арык. --Мени эмне саттынар,мен силердин баарынарды жакшы кором,сагынам мен эмне куноом учун,башка айла жок беле?,Алып кеткиле мени азыр эле жетелеп,деген эле коз... 😥.Бизде огород кенен,бош эле журчу да,азыркы ээси чоон,узуун казык менен байлап,тегерегинде чоп деле жок,ыссык, суусаган да болуш керек деп,апам экообуз жалгыз талдын астына жетелеп,суугарып,кайра чоптуу жерге казыгын апам какты,чоон таш таап,каккан сайын,тарс,тарс деген ун,менин эле башыма чапкандай болду...😥. Кайра,баардык инсандын сырын,ырын,таарынычын,суйунучун,суйуусун каткан,суукта жылуу,ыссыкта,колоко,жамгырда башпаанек,шамал болсо,озун тоскон---сырдакана ЖАЛГЫЗ ТАЛГА келип,андан нары уйго келдик.Зоя,бир аялуу,журокту тилген боюнча ал да калды.... Бир жумада эки барам музыкалык мектепке.Асан агайым,бою узуун,озу да кен далылуу,колдору чоон,эмнегедир азыр эле самындап жуугандай,колдору кургак,бир аз тулоп турчу,мага уйроткондо баягыл кургак манжаларынан жагымдуу бир жыт келип турчу.(балким кургагынан крем сыйпайбы билбейм.)😊. ----Алтынай келдинби?деп,ошондой чоон,калдайган болсо да,мунозу сылык,жумшак,созулган агай болчу.Ар дайым мени атайын куткону корунчу мага.Коздорун чоон ачып,жылмайып кабыл алат. ---Аккардеон алдынарбы? ---Жоок,акча жок болуп жатат.Чыгарманы ойнойбуз,агайым экообуз.Айгуль,Анара,Зина,Мойдун,Бектемир деген,бир курактагы балдар,кыздар чогуу окуйбуз.Баары центрлик,айылдан бир мен.Арасында орус мектепте окугандары да бар,орусча суйлошот.Аларга мени корсото берет агайым,силердей бул байкуштун аккардеону жок,ошондо да силерден жакшы окуйт.Сабак бутоору менен,мени жетелеп,биздин айылга келет Асан агайым. -'--'Эже,бир нерсе кылып,айласын тапкыла эми.Кызда талант бар.Картон кагазга чийип бергениме деле 2ай болду,качанкыга чейин картон кагазда ойнойт....Жини чукул агайым,мени таштап кетет кайра центрге.Азыр аябай ыраазы болом агайыма,ара чородо барып калам.Рахмаат Асан агайым,сизге омур,ден соолук тилейм!!! Апам экообуз Кара-Сууга бардык.Жапжашыл"Березка"деген аккардеон сатып берди,150сомго.
2644   182
28.06.2020
Кутман таныныздар мененЗАМАНДАШТАР!!!Эгер эмерек жасатам десениздер Арстан балам экообузго буйрутма бериниздер.Кече кызыбызга ушундай белек алып келип суйундурду.Алла ыраазы болсун,бактылуу бол!!!🤲🤲🤲.Арстан "АПАМ жана МЕН"фондунун кайрымдуулугунда чогуу иштешип,мага балам болуп калды.Эми экообуз чогуу эмерек жасайбыз деп,контракт туздук.Мен ото кызыгам устачылыкка.Бизге ак батаныздарды берип коюнуздар.😊.Кудайым буюрса ырдаганча,эмерек жасай берем.Ынтымактуу бирге далай ийгиликтерди багынталы.Биз тортообуз,мен АПАСЫ,учоо балдарым .Ак тилек менен уюшулдук Келиниздер сиздерден буйрутма,бизден ыры менен,мээрими менен,таза сапаттуу жыгач,туркун материалдардан,сиз каалаган эмеректин туру уйунуздон орун алсын.Баса,озум кошо барып,ак тилегим менен,ыр ырдап,ак батамды берип турам🤲Кандай жаш озгочолугу болбосун,чиркей,чымындан коргой турган сонун тюльдары менен жасайбыз.👍👍👍.😊.Чалыныздар.@mebelnazakaz0703912626
434   61
13.01.2020
10-болук.Ошол центрден биздин айылга кеткен жолдо,бир туп тал бар.Эки айылдын ортосу болуп калат,жол жургондор ошол талдын колокосуно отуруп,которгондо колду кыйган сумкаларын коюп,талдын астынан арык отот,арыкка бети,колду жууп,улгургону бутун да салат....Ал "Жалгыз тал" деген эл койгон аты бар.Жетип,биз да олтурдук.Апам,канча жугу болсо деле,эч автобус кутпочу,ушундай чыйрак апам,кагылайыным,башына да коет,эки колунда да жук,жоо журчу ар дайым.Апамды эле карайм,маанайы суз деп.Бир мезгилде,жымжырттыкты бузуп,апам: ‐Эми кызым,он бирге чыгыпсын.Эптеп окутам дечи беш сомунан качпайм.Бирок,аккардеонун журогум оорутту,сен дагы акча жокто,барып адеп кармалап,термелейсин,уят кылып адамды.Магазинде мен кандай абалда болдум билдинби? деп,апам коздорунон катар,катар жашы тогулуп кетти....😔.Мен деле алып берип,сени суйундургум келет,козун коруп,аган уйлонуп,жалгыз уйду саттык.Сатпасак болбойт эле,эл журттан кем кылбайын дегенде,эки козум торт...дагы эле жашы токтободу.....😥Тээтиги деп,талаада байланып турган кызыл уйду корсотту.... -Тааныдынбы?ошол биздин жоош Зояда,суту коп болбосо да,майлуу эле....Ыссыкта,тердеген апам,коз жашыбы,же териби билбейм,мени кучактап опту эле,туз эле даамданды...😌. ‐Журу,барып,Зояны кашылап,кашылап коеюн деди.Зояга барганда,апам,садагаболоюн апам: ‐Зоя,кичине арыктай тушупсун,биздин айылдагыдай чоп жок да, жаныбарым.Апамды коргон Зоя жиби узуун экен,апамды утурлап басып жатпайбы?таанып....Журогум ушунчалык бошоп кетти,ага чейин озумду кармагам болушунча....😪.Ал уйду ар дайым бадага кошуп,кечинде тосуп барып,канча жолу балдар,кыздар менен ойночубуз.Уйга жоногондо эле шапалактай нанга каймак сыйпап,алмадан салып чонтокко.Анан уйлар келгенде,биздин уй артында калчу.Мен намыстанып,куйругун бурап журуп,чуркатчумун,топурак жолдор,уйдун жыты,кээде булгап да жиберет,анысына да карабайм,анан чан, биринчи келишим керек кочобуз боюнча.Уйго жетем биринчи,бирок менин онум билинбейт,чачым бопбоз,каш,кирпик чан баскан,тизеден топпурак,чан кийимдерден бери.Бала экенбиз да....Суйунуп журосун биринчи келдим деп,устун эсине деле келбейт....😊.Ошол кундорду да сагынып,бадага барбай калганыма окунуп,эчкирип,эчкирип 😭 ыйлап алдым...
1413   253
20.06.2020
Кутман тан ДОСТОР,ЗАМАНДАШТАР!!!Маанайыныздарды эртелеп тушурсом кечирим сурайм.Ото окунучтуу кабарларды угуп,аял,эне катары журогум ооруп чыкты.Озу илгертен эле кыз торолсо иий деп,ЭРКЕК торолсо,"ОО"деп,суйунгон ундорду,жылмайган жуздорду коргом...😔.Эмне учун КЫЗБАЛАГА ушундай мамиле???Бала туйулдукто пайда болгондон,эр жеткенче жылуу алкоолорго,баа берууго,мактоого,колдоого муктаж...😪.Ошол мээримге болонбосон,кыз болуп торолсон суйунбосо,анан кандай муноздо болосун???Созсуз аз суйлогон,(жабык)скрытый болосун.😰.Созун соз эмес,келсен "кел,тур"жок,анан бир мырзаны жандап,уй було курасын..Артындан келишпейт,созго солпук,кепке келпиксин....😭.Аны эч ким билбейт,басмырлайт,кемсинтет...😭.Анан каалаганын жасайт да омур шеригин,ундобой торойсун,алар деле тоготпойт,себеби оо башынан кеткен балык...😭.Анан сен оюнчук,мишень катарындасын.😪.Кийин куйумдуу ким?Баягы КЫЗЫН!!!Оорусан жетип келген,тынбай болсо,болбосо тыйын саласын,бекитип,укутуп,😪.Чаар ала сумканы жонотосун,кыйналбай жашашсын деп...😪.Барганда бапыратып алып барасын,кошуна,туугандын алдында манкайып турушсун деп...😥.КЫЗ--уй боорлуу,энелик мээрим менен торолот.Силерди дегенде канаты гана жок,жакшы кабар укса ото суйунот,а эгер начар,уруш,жанжал жонундо укса,ичтен сызат,ичтен ыйлайт,оксуйт😭😭😭.Кечеки бычактан каза болгон келин,кайгыга салды.Бейишин берсин..😭🤲🤲🤲Донголоктогу эжеке!!!Журокту тилдинер..Озунузду караныз,ден соолугунузду,озунузду кадырлап,бааланыз.Бир эле жолу омур!!!Ар бир кунду маанайда жашаныз.Аманат баары КУДАЙЫМДАН...😭😭😭.Кудайым ургаачыны тукум кобойтсун деп,жараткан озунон кийинки жардамчы катары...Эмне учун ушундай мамиле???😭.Баардык туйшук аялда,анан кордугу да аялда???😭😭😭.КЫЗДЫ суйолу,кадырлайлы,коргойлу,билимдуу болсун,тарбияга суугаралы,,моралдык жардамга ото муктаж кызбала,ар дайым чекесинен опкуло,себеби бешенен ачылсын,мандайын жарык болсун деп,сиздерди сыртыныздардан багып,коргоп,тилеп,ар дайым жол карап,кутот.Котормолоп артынан кабар алалы,белек,бечкек берели кубансын,конулу оссун!!!😘😘Сени секунд сайын ойлогон ошол сенин ПЕРИШТЕН!!!Бактылуулук тилейли олтуруп,туруп,ыйман тилейли!!!🤲🤲🤲.Эркектер,мырза,жигиттер,ата-энелер,😰!!!Ой,пикир кутом...😪.