Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
934   216
01.04.2020
🤦‍♀️ Бүгүн, 31-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көлдүн Түп районунда эки жарандан коронавирус чыкканын кабарлады. Turmush агенттигинин маалыматына караганда, 1981-жылы жана 1985-жылы туулган эки жаран Индияга дааватка барып келишкен. Алар Дели—Бишкек каттамы менен 22-март күнү «Манас» аэропортуна келип конушкан. Ал жерден текшерилген соң, обсервацияга алынып, 2 күн жатышкан. 24-мартта обсервациядан чыгышып, үйүнө сапар алышкан. Ошол эле күнү алар Балыкчы шаарына чейин кичи автобус менен келишкен. Унаанын ичинде 15 адам болгон. Эки жаран Балыкчы шаарынан түшүп, таксиге олтурушкан. Жолдон таксиге дагы бир жүргүнчү олтуруп, ал Ысык-Көл районунан түшүп калган. Эки тургун саат 03:00 чамасында айылга келишкен. Эртең менен ФАПтын кызматкерлери аларды текшерүүгө алганда биринин дене табы 37.5 болгон. Алар райондук координаторго билдирип, ыкчам штабдын чечими менен ал жаран обсервацияга алынган. Андан анализ алынып, бүгүн, 31-мартта коронавирус инфекциясы тастыкталган. «Текшерилгенден кийин алар обсервацияга алынган. Алдын ала алынган анализде коронавирус илдети аныкталды. Булар менен биринчи байланышта болгон жарандын баары обсервацияга жаткырылды. Биринчи жарандын үй-бүлөсүндө 5 адам, экинчи адамдын үй-бүлөcүнөн 7 адам көзөмөлгө алынды. Ошондой эле, Балыкчы шаарынан бери алып келген таксист дагы 4 үй-бүлө мүчөсү менен обсервацияга жаткырылды. Ошондой эле таксиде алар менен бирге келген жаран аныкталды. Кичи автобуста бирге келген 15 кишинин тизмеси облуска жөнөтүлдү. Ошондой эле «Манас» аэропортунан түшкөндө Бишкектин автобекетине чейин алып барган таксист да аныкталды. Алардын ар бири анализ тапшырды», — деп билдиришкен агенттикке райондук администрациядан. Ошондой эле, учурда Балбай, Кең-Суу айылдары, Түп районунун эки көчөсү курчалганы айтылат.