Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍
@asemblossom
Асем Токтобекова_official🌹♌ 💍

Подписчики: 790875
Посты: 1571
Подписки: 88
Член Союза кинематографистов и экспертной комиссии Департамента кинематографии МКИиТ КР. Актриса театра и кино, певица. 👉 0700000707 Рекламы в direct
https://youtube.com/asemtoktobekova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
13725   382
27.06.2020 Живи. Люби. Твори
"Кырсык каш кабактын ортосунда" дейт экен, тилекке каршы. Жагымсыз кабарды угуп алып, эмне дээримди билбей турам...🤦‍♀️ Асель, Аллахым сага, болгон мээримин төгүп, шыпаасын берсин.🤲 Тез сакайып, алтындай болгон үй-бүлөңө кайт. Кичинекей ханышаңды кучагыңа ал. Жолдошуңду өз мээримиңе бөлө. Жакындарың, туугандарың, дос-чараларың жана калың элиң сени күтөт. Үй-бүлөбүз менен аябай кабатырлануудабыз. Жакшы жаңылыктарды күтөбүз! Сен жашашың керек! Акыркы күндөрү жол кырсыктары көп катталчу болду. Урматтуу, айдоочулар жол эрежесин сактаңыздар, сиздерден сураныч! Ортодо бөөдө эле адамдар жабыркап жатышат. Эстен чыгарбасаңыздар🙏🏼 Ар бириңиздерди үйүңүздөрдө биздей болгон эже-карындаш, апаларыңыздар күтөт. Жаратканым жол кырсыгынан жабыркагандардын ар бирине ден соолук жана сабыр берсин🙏🏼 @aselkadyrbekova @nurlannasip_kg
8063   364
10.06.2020 жалкое зрелище.
Капамын... жаза турган болсом, сизди да капа кыламын... 💔 Жаман нерселерге, эптемей жашоого да шугур кылсам... анда озум-озумо да капа боломун😩 Кыргызым онугууго аракетти качан баштайт экенбиз? Качан элди тонобой, онугууго салым кошот экенбиз? Качан элге жеткиликтуу билим берет экенбиз? Жарышууга эмес, жерди, элди сатууга эмес, тургузулуп аткан уйлордун жерин арендага эмес, иииии койчу оз жерибизди качан онуктурууго салым кошот экенбиз. Качан ошол кун келет? Созсуз эл кыйналып, созсуз чыр болуш керекпи? Чырдан эле онугобузбу? Маданият тарабындагы таланттууларды барктап алмайынча, сыйлыктарды сатууну токтотмоюнча, убагында мактап-жактап сыйлыгын бермейинче, маданияттын туу чокусунда турган кино жаатын котормойунчо, кинолор тартылсын деп элдин акчасына камера алып берип, жарыбаган камераны арендадан алмайынча Кыргызстан онукпойт! Ото окунучтуу... Бири аракет жасаса, экинчиси машинасын айдап баратып, какырыгын башканын унаасына тушурот🤦‍♀️ болуп эле атабыз реалдуу коз караш менен. Мен укмушмун дебейм бирок, жолдо какырып-чимкирбейм, мусор таштабаймын, чийбеймин-сийбеймин, муштабаймын-чачташпаймын, уруп-согуп тонобоймун, адамды колдонбоймун да сатпаймын🙏 Кудайдын мындан артык кандай жазаасы бар экен, короттурбуз баарыбыз👆 Жаман корсонор коргуло, келечек бизде жок... Келечекти коруп атабыз эмне болуп атканын. 🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒🐒 (Не нужно меня успокаивать, у меня всё отл! Просто всё уже в Ж...)
Загрузка...
6279   283   111516
13.05.2020
Бугун чындап ыйладым, жүрөгүм менен ыйладым😰. Буга чейин жардам сурап жеке кат жазгандарга колдон келишинче көмөк көрсөттүм, бирок, анын баарын жарыялагым келген эмес. Бүгүнкү көрүнүштү жарыялап коюуну туура көрдүм. Элим бири-бирибизди колдойлу, урушпайлы, чырдашпайлы, биригели, өнүгөлү, өсөлү. Таштандылардын арасында жашаган адамдарды көрүп зээним кейиди. Суу жок (көл дешти, топтолгон суу бар экен, ошол жерге жуунабыз дешти) аба жок (таштандылардын бырыксыган жыты каңылжаарды жарат). Өкүнүчтүүсү ал жерде жаш балдар көп экен. Мындай шартта жашаган балдар кантип дени сак чоңоёт? Дени сак болбосо кантип кыргыздын тукумун улайт? Жетиштүү билим жок, кантип коомго пайда алып келет? Суроолор көп... Жооп жок... Баарына жардам бергим келди, бирок, жеткире алган жокмун. Кайрымдуу инсандарды ушул инсандарга көмөк көрсөтүүнү чакырам.
4504   282
06.03.2020 Банкетный зал AKSARAY GRAND HALL
Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирем... Жөнөкөй жашоодо татыктуу тарбия берип, бапестеп, токчулукта чоңойтуп, абийирдин баалуулугун үйрөтүп, келечекке жетелеген апама таазим этсем, чыгармачылык жашоомдо баладай кылып өстүрүп, сыноолорго сынбай сабырдуулук менен жеңгенди үлгү катары көрсөтүп, туура багытты көрсөткөн өмүрлүк жолдошума ыракматымды айтамын. Бардык жетишкендигим бул жолдошумдун эмгеги. Жолдошумдун, ата-энемдин жүзүн жер каратпай, ушул даражалуу сыйлыкты татыктуу алып кетем деп билем. Анткени, мен үчүн менин бул жалганда басып өткөн жолум, “тарыхым” маанилүү! Азыркы жашоодо билебиз кандайларга жол ачылып аткан учуру, бирок элиме таазим, эл тараза, эл көтөрөт, эл айтат, анткени биз Манастын урпактары - намыска бек КЫРГЫЗБЫЗ☝️ . Күтүүсүз сюрпиз, жагымдуу маанай белек кылган бүгүнкү кеченин уюштуруу тобуна, айрыкча @dana_pro_kg эжекеме 🙏 Мына ушинтип жаратман апаларыбыздын, айымдарыбыздын жана кыздарыбыздын эмгектерин көзү тирүүсүндө баалап, майрам алдында эсте калаарлык, жагымдуу маанай тартуулап бергениңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем 🙏 Ишиңиздерге мол ийгилик каалайм! Достор, куттуктооңуздарга ыраазымын... Айтылган ар бир каалоо-тилектериңиздер ылайым орундалсын. Ийгиликтер, жакшылыктар көп болуп, баарыбызда тең болсун! Аманчылыкта эл арасында бирге бололу!