164 8
30.04.2020
"Калем"
Сөздөрдүн наркы бар,
Көздөрдүн баркы бар.
Жазаарда абайла!
Калемдин анты бар!
Тагдырдын жолунда,
Таттуу же шорунда.
Анты бар сыр калем!
Акындын колунда... Балдардын колунда,
Жандардын колунда.
Эх армааан!!!
Хандардын колунда.
Акындын колунда,
Ар нерсе ойунда.
Жазгандын баардыгы
Жабышаар мойунга.
Тамгалар жазуулар,
Тагдырлар ашуулар.
Барбы деп катасы,
Барактайт азуулар!
Сыялар бал болоор,
Же кызыл кан болоор.
Тасирлүү жазууңда,
Тагдырың бар болоор.
Жазсаң жаз, кейитпе
Жашооңду кемитпе
Жазып бүт соңунда
Мөөр басат периште!
Жаза бер, бийикте,
Жашоо бер үмүткө.
Калемдин мыйзамы,
Тагдырга тийишпе!
Калемгер чачылба,
Кагылам шашылба.
Ак барак бетине,
Ажалды чакырба!